Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын II чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/2
Куйручук-Кызарт айыл аймагында жазгы айдап себүүгѳ катышуучу айыл-чарба техникаларынын тарифтерин, мал багуунун акысын бекитүү жана корук уюштуруунун мѳѳнѳттѳрүн белгилѳѳ жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,Куйручук-Кызарт айыл аймагынын тургундары менен ѳткѳрүлгѳн жыйындардын протоколунун негизинде Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповдун сунушун карап жана маалыматын угуп жана айылдык кеңештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагында жазгы айдап себүүгѳ катышуучу айыл-чарба техникаларынын тарифтери, мал багуунун акысы жана корук уюштуруу мѳѳнѳттѳрү тѳмѳндѳгүдѳй белгиленсин жана бекитилсин:
1) 1 га жер аянты үчүн:
- Жер айдоо –1800 сом, 25 литр май, эгер дың жер бузса 30 литр май
- Малалоо – 800 сом, 10 литр май
- Себүү – 800 сом, 10 литр май
- Шак тартуу – 300 сом, 5 литр май
- Чѳп чабуу – 1600 сом, 10 литр май
- Чѳп престѳѳ (1 түк чѳп) – 10 сом, гектарына 10 литр май
- Эгин чабуу – 1800 сом, 25 литр май
2) Мал багуунун акысы
- Бодо малга – 500 сом
- Кой-эчки – 100 сом
Эскертүү: Ар бир мал ээси жайыт акысын ѳздѳрү тѳгүшѳт жана жайыт акысы тѳгүлгѳндѳн кийин бадага кошуусу керек.
3) Корук уюштуруу:
Корук Куйручук-Кызарт айыл аймагында 2025-жылдын 20-апрелинде башталат. Күзүндѳ оруп-жыюу ѳнѳктүгү толук аяктаганга чейин же 1-октябрь 2025-жылга чейин жүргүзүлѳт.
4) Кѳчүү-конуунун убактысы:
2025-жылдын 20-апрелине чейин ички жайыттарга, ал эми сырткы жайыттарга 2025-жылдын 15-июнуна чейин толук кѳчүп бүтүшү керек. Жайлоодон 1-октябрь 2025-жылга чейин кѳчүп келбеши керек.
2.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |