Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын II чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/3
Куйручук-Кызарт айыл аймагынында 2025-2027-жылдардагы салык мезгилдеринде пайдаланууга берилген турак-жай имаратына жана турак жайларга чарчы метри 300 чарчы метрден ашкан жайларга салыктын тарифин бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып,Куйручук-Кызарт айыл аймагынынын айыл ѳкмѳтүнүн кирешелер боюнча адиси Т.Акшарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынында 2025-2027-жылдардагы салык мезгилдеринде пайдаланууга берилген турак-жай имаратынын жана турак жайлардын чарчы метри 300 чарчы метрден ашса ар бир чарчы метрине 10 сомдон салыктык тариф бекитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынынын айыл ѳкмѳтүнүн кирешелер боюнча адиси Т.Акшаровага тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |