Редакцияот 04.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 4-апрели № 2/8

 

Кызыл-Сеңир айылындагы П. Жолдошв атындагы № 26 орто мектептин айланасындагы теректерди кыйууга макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековтун Кызыл-Сеңир айылындагы П. Жолдошов атындагы № 26 орто мектептин айланасындагы теректерди курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу жана мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында кыйууга макулдук берүү жөнүндөгу сунушун угуп, П. Жолдошов атындагы № 26 орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун 2024-жылдын 03-апрелиндеги № 7 жалпы чогулушунун материалдары менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы

      

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кызыл-Сеңир айылындагы П. Жолдошов атындагы № 26 орто мектептин айланасындагы теректерди мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоодо жана курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, жер аянтын бошотуу максатында тийиштүү мекеме уюмдардан иш кагаздарын алуу менен кыйууга макулдук берилсин.

2.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Амирбеков Алмазбекке милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

М. А. Камалов