КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 4-апрели № 2/9
Жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Товокеев Таирбектин арызында көрсөтүлгөн Гүзар айылынын А. Камчыбеков көчөсүндөгү № 115 үйдүн дарегиндеги 5-06-12-1004-0301 номери менен катталып, ээлеген жери жалпы 1400 м.Кв түзөт. Анын ичинен 800 м.Кв. болгон жер тилкесини элдерди тейлөөгө (соода саттыка) жана 600 М.Кв жер тилкесин турак жай салууга багытын өзгөртүү боюнча корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, КР Жер Кодексинин 12 жана 13-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүзар айылынын А. Камчыбеков көчөсүндөгү № 115 үйдүн дарегиндеги 5-06-12-1004-0301 номери менен катталып, ээлеген жери жалпы 1400 м.Кв түзөт. Анын ичинен 800 м.Кв. болгон жер тилкесини элдерди тейлөөгө (соода саттыка) жана 600 М.Кв жер тилкесин турак жай салууга багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Товокеев Таирбекке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |