Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 2/12
Кызыл-Октябаь айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар жана муниципиалдык менчик боюнча жетектөөчү адис О.Эргешовтин баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында, Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кызыл-Октябрь айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагы менен Кара-Таш айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2.Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңешинин төрагасына жана Кызыл-Октябрь айыл амагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол койу тапшырылсын.
3.Токтомдун көчүрмөсү Өзгөн райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары |
| А. А. Кайкыев |