Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-апрели № 105
Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын
1-апрелиндеги № 83 «Билим берүү объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөр үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле өз чечимдерин шайкеш келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү боюнча ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун эске алып, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 83 «Билим берүү объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
токтомдун мамлекеттик тилдеги текстинде:
- преамбулада «Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат» деген сөздөр «токтом кылам» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Мэр |
| А.Дж. Джунушалиев |