Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын II чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/4
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кызарт айылындагы ҮДТ №2 нин УЗИ кызматтарынын баасын бекитүү жана женилдиктерди берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кызарт айылындагы ҮДТ №2 нин башчысы Г.Дюшееванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кызарт айылындагы ҮДТ №2 нин УЗИ аппаратынынкызматтарынын баасы ар бир орган үчүн 100 (жүз) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин;
2. Айыл аймагындагы 70 жаштан жогору жарандарга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, баатыр энелерге, томолой жетимдерге жана диспансердик кѳзѳмѳлдѳгү адамдарга УЗИ кызматтары акысыз кѳрсѳтүлсүн;
3. Түшкѳн каражат УЗИ аппаратында колдонулуучу гель ,салфетка ж.б сатып алууга жана медицина кызматкеринин билимин жогорулатууга жумшалсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кызарт айылындагы ҮДТ №2 нин башчысы Г.Дюшеевага тапшырылсын;
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |