Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын II чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/6
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы “Сѳң-Кѳл” муниципалдык ишканасынын карамагындагы жүк жүктѳѳчү атайын техникасынын (погрузчик) сааттык баасын ѳзгѳртүү жана Куйручук айылындагы жүктѳѳчү атайын техникасынын (погрузчик) сааттык баасын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын тургундары менен ѳткѳрүлгѳн жыйындарынын протоколдорунун негизинде Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповдун сунушун карап жана маалыматын угуп,айылдык кеңештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 12-июнь 2024-жылдагы VIII кезексиз сессиясынын №11/2 токтомуна ѳзгѳртүү киргизилип жүк жүктѳѳчү атайын техникасынын (погрузчик) сааттык баасы 5000 (беш) миң сомдон, 4000 (тѳрт) миң сомго түшүрүлсүн;
2.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Куйручук айылындагы жүк жүктѳѳчү атайын техникасынын (погрузчик) сааттык баасы 3000 (үч миң) сом (майы ичинде) болуп бекитилсин;
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы “Сѳң-Кѳл” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Мамбетжановго тапшырылсын;
4.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |