Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын II чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/7
Куйручук-Кызарт айыл аймагынындагы туризм тармагында иш алып барган ишкерлер үчүн ар бир боз үйгѳ бир сезонго тѳлѳнүүчү тѳлѳмдү тѳмѳндѳтүү жана жайыт жерлеринин ичинде жайгашкан чабынды жерлерди тоют топтоо максатында пайдалангандыгы үчүн тѳлѳмдүн ѳлчѳмүн белгилѳѳ жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынында туризм тармагын ѳнүктүрүү, ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жайыт жерлеринин ичинде жайгашкан чабынды жерлерди тоют топтоо максатында пайдалангандыгы үчүн тѳлѳмдүн ѳлчѳмүн белгилѳѳ максатында айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы “Сѳң-Кѳл” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Мамбетжановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 12-июнь 2024-жылдагы VIII кезексиз сессиясынын №11/6 токтомуна ѳзгѳртүү киргизилип,туризм тармагында иш алып барган ишкерлер үчүн ар бир боз үйгѳ бир сезонго тѳлѳнүүчү тѳлѳм 4000 (тѳрт) миң сомдон 1000 (бир) миң сомго тѳмѳндѳтүлүп 3000 (үч) миң сом болуп бекитилсин;
2.Куйручук-Кызарт айыл аймагындагы жайыт жерлеринин ичинде жайгашкан чабынды жерлерди тоют топтоо максатында пайдалангандыгы үчүн жылына 1 га чабынды жер аянты үчүн 5000 (беш) миң сом ѳлчѳмүндѳ тариф бекитилсин;
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн алдындагы “Сѳң-Кѳл” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Мамбетжановго тапшырылсын;
4.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |