Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын II чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/8
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн карамагындагы бала бакчалардын бюджетиндеги спец.счетко кошумча план суроо жѳнүндѳ
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн карамагындагы “Кызарт келечеги”, “Кызарт”, “Кызарт Таң-нуру”, “Балалык уясы” жана “Ак-Жолтой Апа” бала бакчаларынын бюджетиндеги спец.счетко кошумча план суроо максатында айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы А.Түгѳлбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жалпы бала бакчаларга жыл башында 1300000 сомго план бекитилген. Жергиликтүү бюджеттен балдардын тамак-ашына акча каражаты бѳлүнбѳй калгандыктан жана азык-түлүккѳ болгон баанын жогорулаганынын негизинде бала бакчалардагы ата-энелерден ар бир бала үчүн тѳгүлѳ турган акча каражатынын кѳбѳйтүлгѳндүгү тууралу протоколдорду карап, 2 860 660 сом акча каражаты кошумча план болуп суралсын. Жалпы такталган план 4 160 660 сом.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |