Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын II чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/9
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдагы кабыл алынган бюджетинен Куйручук-Кызарт айыл аймагынын ичине жарыктандыруу коюуга бѳлүнгѳн акча каражатынынын бир бѳлүгүн Куйручук айылындагы спорт комплексине керектүү материал сатып алууга жылдыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдагы кабыл алынган бюджетинин 3112 беренесиндеги Куйручук-Кызарт айыл аймагынын ичине жарыктандыруу коюуга бѳлүнгѳн 2 316 563,85 (эки миллион үч жүз он алты миң беш жүз алтымыш үч сом 85 тыйын) сом акча каражатынын ичинен, 800 000 (сегиз жүз миң) сом акча каражаты Куйручук айылындагы спорт комплексине керектүү материал сатып алуу боюнча 3112 беренесине жылдырылсын;
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |