Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын II чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/10
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдагы кабыл алынган бюджетинен акча каражатын беренелерге жылдыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы А.Түгѳлбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдагы кабыл алынган бюджетинин 2215 беренесиндеги Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кырчын айылындагы окуучу балдарды мектепке ташуу үчүн коюлган 50 (элүү) миң сом акча каражаты 2214 беренесине жана 3112 беренесиндеги Камчатка айылына таза суу түтүктѳрүн алууга коюлган 200 (эки жүз) миң сом акча каражаты 2215 беренесине жылдырылсын;
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Э.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |