Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын II чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/11
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Жаңы-Арык айылына салына турган музыкалык-искусство мектебине жер аянтын
бѳлүп берүү жѳнүндѳ
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Куйручук-Кызарт айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылына салына турган музыкалык-искусствомектебине жер аянтын бѳлүп берүү боюнча Жаңы-Арык балдар искуство мектебинин директору М.Мамытовдун кайрылуусунун негизинде Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын К.Алапаев дарегиндеги 4-03-03-1001-0913 бирдейлешкен кодунда жайгашкан муниципалдык менчиктеги 2204 кв.м жер аянты музыкалык-искуство мектеп курууга бѳлүнүп берилсин;
2.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |