Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы

 

2023-жылдын 27-ноябры № 1

 

Базар-Коргон шаар мэриясынын 2023-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, 117-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун аткарууга алуу менен, 23.11.2023-жылкы чыгыш №01-17/1268, №01-17/1261 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун каттарына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы токтом кылат:

 

1. Базар-Коргон шаар мэриясынын киреше бөлүгүнө 2023-жылдын ноябрь айында келип түшкөн максаттуу трнасфер 16754,4 миң сом акча каражаттарынын эсебинен чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй өзгөртүү, толуктоолор менен бекитилсин.

Киреше бөлүгүнө максаттуу трансфер 16754,4 миң сом түшкөн акча каражаты чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй отургузулсун:

а)Базар-Коргон шаар мэриясына муниципалдык базар куруу максатында контейнер сатып алуу үчүн 3250,0 миң сом.

б)Базар-Коргон шаар мэриясынын алдында жаңы ачылган ишканаларга эмеректер жана орг.техникаларды сатып алуу үчүн 1500,0 миң сом.

в)Тазалык ишканасына жүктөгүч автоунаа сатып алуу үчүн 4854,4 миң сом.

г)Шаар көчөлөрүнө түнкү жарыктандырууларды сатып алуу үчүн 3000,0 миң сом.

д)Базар-Коргон “Суу канал” ишканасына субсидия үчүн 1000,0 миң сом.

е)Базар-Коргон шаар мэриясына генератор сатып алуу үчүн 800,0 миң сом.

ж)Тазалык ишканасына евро контейнер сатып алуу үчүн 850,0 миң сом.

з)Шаарга караштуу жерлердеги мыйзамсыз курулуштарды бузуу үчүн 200,0 миң сом.

и)Тазалык ишканасына Хюндай-Портер автоунааны сатып алуу үчүн 1300,0 миң сом.

й) Ушул акча каражатынан үнөмдөлгөн акча каражаты Тазалык ишканасына субсидия катары өткөрүлүп берилсин.

Жалпысы болуп 16754,4 миң сом акча каражаты өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.

2. Базар-Коргон шаар мэриясынын 3(үч) кызматкерине: айдоочусу, кампачысы, катчысына эмгек акылары аз болгондуктан кошумча акы (тамак аш, жол акы үчүн) төлөнүп берилсин.

3. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

4. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

5. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

К.К. Анарбеков