Сравнение редакций…
|
| 1-Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-нпа буйругуна) |
Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү жана пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө
Жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү жана пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө ушул Жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Кыргыз Республикасынын Шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы жеке турак жай курулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү, ошондой эле пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартибин «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча белгилейт.
2. «Бирдиктүү терезе» принциби шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн борбордук мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, инженердик-техникалык кызматтар, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына карабастан жеке жана юридикалык жактар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү төмөнкү процессте координациялоо жолу менен ишке ашырылат:
− объектти долбоорлоо шарттарын аныктоочу документтерди даярдоо жана берүү;
− долбоордук документтерди макулдашуу;
− долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү;
− пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо.
3. Кыймылсыз мүлк объекттерин курууга жана башка курулуштук өзгөртүүлөргө жер мамилелери, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жер тилкелерине жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдалануу укуктары бар жеке жана юридикалык жактар укуктуу.
4. Ушул Жободо, ошондой эле уруксат берүүчү документтерди берүү процессинде төмөнкү терминдер колдонулат:
автордук көзөмөл – аткарылчу курулуш-монтаждоо жумуштарынын долбоордук чечимдерге ылайыктыгын контролдоо, аны долбоордун түзүүчүлөрү курулуштун бүткүл мезгилинде жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алууда ишке ашырышат.;
архитектуралык-шаар куруу кеңеши (АШК) – шаар куруучу, өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттерди долбоорлоо жана куруу маселелерин чечүү үчүн түзүлгөн туруктуу иштеген коллегиалдуу орган, анын курамы жана ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет;
архитектуралык-техникалык кеңеш (АТК) – курулуш, инженердик камсыздоо жана курулуш ченемдери маселелерин стратегиялык чечүү үчүн түзүлгөн туруктуу иштеген коллегиалдуу орган, анын курамы жана ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет;
афрейм – көбүнчө кыска мөөнөттүү жашоо, туризм жана эс алуу үчүн арналган, туурасынан кесилишинде «А» тамгасын түзгөн эки жантайма чатыры бар, үч бурчтук формасындагы жеңил конструкциялардан жасалган каркастуу имарат;
банкомат – жеке адамдардын банктык операцияларга, анын ичинде накталай акча каражаттарын берүүгө, төлөмдөрдү кабыл алууга, банктык эсептерди толуктоого, ошондой эле аппараттын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык башка финансылык кызматтарды көрсөтүүгө аралыктан жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу автоматташтырылган түзүлүш болгон жеңилдетилген типтеги объект;
барнхаус – жөнөкөй тик бурчтуу формалары, жантайма чатыры жана минималисттик жасалгасы бар сарай архитектурасы стилинде жасалган жеңил конструкциялардан жасалган турак жай же туристтик имарат;
жашылдандыруу – аймакты курулушка жарактуу абалга келтирүү, белгиленген максатта нормалдуу пайдалануу, калктын жашоосу үчүн сергек, ыңгайлуу жана маданий шарттарды түзүү максатында жүзөгө ашырылуучу иштердин (аймакты инженердик даярдоо, жолдорду куруу, коммуникациялык тармактарды жана суу менен камсыздоо, канализация, энергия менен камсыздоо ж.б. курулмаларын өнүктүрүү боюнча) жана иш-чаралардын (аймакты тазалоо, кургатуу жана жашылдандыруу, микроклиматты жакшыртуу, аба бассейнин, ачык суу объектилерин жана топуракты булгануудан коргоо, санитардык тазалоо, ызы-чуунун деңгээлин төмөндөтүү ж.б.) жыйындысы;
блоктолгон турак үй – ар биринин көчөдөн өзүнчө кире бериши бар эки же андан көп квартирадан турган аз кабаттуу турак үй, мында квартиралар бири-бирине каптал дубалдары менен жана алардын ортосунда өтмөгү жок жанаша жайгашкан блоктордо жайгаштырылат, ар бир блок өзүнчө жер тилкесинде жайгашат жана үйгө жакын жайгашкан жер тилкесине түздөн-түз чыгууга ээ;
вендинг аппараты – сатуучунун катышуусу жок товарларды сатуу жана (же) кызматтарды көрсөтүү үчүн автоматташтырылган түзүлүш болгон жеңилдетилген типтеги объект, анын ичинде суусундуктарды, тамак-аш азыктарын, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жана башка майда чекене ассортиментти сатуу;
водомат – акы төлөнүүчү же акысыз негизде иштеген, керектөөчүлөргө ичүүчү сууну берүүгө арналган автоматташтырылган түзүлүш болгон жеңилдетилген типтеги объект;
башкы долбоорлоочу – инвестор же заказчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документтерди иштеп чыгуу боюнча иштерди аткаруучу тиешелүү лицензиясы бар долбоордук уюм;
глэмпинг – мейманканалык тейлөөгө мүнөздүү болгон жогорку деңгээлдеги комфорт менен салттуу кемпингдин шарттарын айкалыштырган жана көчмө, жеңил же убактылуу конструкцияларды пайдаланууга негизделген, ачык асман алдында эс алуучуларды убактылуу жайгаштыруунун уюштурулган формасы болгон жеңил конструкциялардан жасалган объект;
мамлекеттик жана муниципалдык органдар – Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, ченемдик-техникалык документтеринде жана ыйгарым укуктуу органдын буйруктарында каралган корутундуларды же уруксаттарды берүүчү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контролдоо (көзөмөл) – мамлекеттик экспертизадан өткөн долбоордук документтердин талаптарына аткарылуучу курулуш иштеринин шайкештигин текшерүү жолу менен курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын, сейсмикалык туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылуучу контролдоо (көзөмөл);
шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган – шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу борбордук мамлекеттик органдын түзүмүнө кирген, аймактык башкармалыктары бар ведомстволук бөлүм, шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу;
шаар куруу документациясы – калктуу конуштардын пландаштыруу структурасынын райондук пландаштыруу документтери, башкы пландары, кварталдарды, шаар куруу түйүндөрүн жана башка элементтерин чектөөнүн жана куруунун толук пландаштыруу долбоорлору;
шаар куруу корутундусу – бул архитектура жана шаар куруу органдары тарабынан берилүүчү, курулушка, инженердик тармактарга кошулууга архитектуралык шарттарды жана талаптарды, ошондой эле тексттик жана графикалык материалдарды, анын ичинде чек араларын, инженердик тармактарды жана шаар куруу регламенттерин көрсөтүү менен жер тилкесинин схемасын камтыган укук белгилөөчү документ;
шаар куруу регламенти – шаардагы жана айылдагы калктуу конуштарда жер участокторду жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин куруунун жана пайдалануунун шаар куруу документтеринде белгиленген параметрлеринин жана түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу ишин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттериндеги жол берилчү өзгөртүүлөрдүн жыйындысы;
шаар куруучу объекттер – калктуу конуштарда архитектуралык-пландоо жана мейкиндиктик композициянын бирдиктүү курулушун түзүүчү, анын ичинде өлчөмдүүлүгү жана масштабы, көлөмү, түзүмү, стили, түстүк чечими менен бириктирилген курулуп жаткан жана курууга болжолдонгон имараттар жана курулмалар;
демонтаж – имараттын же курулманын конструкцияларын кайрадан колдонуу максатында мүмкүн болушунча сактоону болжолдогон этабы менен ажыратуу;
заказчы – өзүнө таандык же ага берилген жер тилкесинде капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоону жана курууну, реконструкциялоону, учурдагы объекттерди капиталдык оңдоону, ошондой эле аларды куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо үчүн инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, долбоордук документацияны даярдоону камсыз кылуучу жеке же юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, тиешелүү адистештирилген уюмдар менен келишимдерди түзүү жолу менен өзүнүн жана башка каражаттарды пайдалануу;
жеңил конструкциялардан жасалган имараттар жана курулмалар – каркасынын негизи металл же жыгач конструкциялар болуп саналган тез курулуучу капиталдык курулуш объекттери;
жеке турак үй – жеке турак жай курулушу үчүн берилген жер тилкесинде курулган, анын менчик ээлери же пайдалануучулары жашоо үчүн пайдаланган жекече аныкталган турак жай имараты;
инженердик-техникалык кызматтар – долбоорлонуп жаткан курулуш объекттерин электр менен камсыздоону, жылуулук менен камсыздоону, газ менен камсыздоону, суу менен камсыздоону жана сууну чыгарууну (канализацияны), ошондой эле телефонизацияны жана байланыштын башка түрлөрүн камсыз кылуучу уюмдар;
инженердик-техникалык шарттар – объектти тармактарга кошуунун жана инженердик-техникалык жактан камсыздоонун жана инженердик коммуникацияларды алып чыгуунун шарттары жана схемалары;
имараттарды жана курулмаларды инженердик-техникалык жактан камсыздоо – адамдардын жашоо-турмушунун, материалдык баалуулуктардын сакталышынын жана өндүрүштүк процесстердин нормативдик шарттарын камсыз кылуучу инженердик тармактардын, системалардын, курулмалардын жана техникалык түзүлүштөрдүн комплекси;
инженердик-техникалык изилдөө – изилдөө объектисинин техникалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуу жана техникалык корутундуну иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон иштердин комплекси;
капиталдык оңдоо – имараттын же курулманын курулуш конструкцияларынын жана инженердик системаларынын физикалык жана моралдык эскиришин четтетүүгө, ошондой эле анын эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн жана функционалдык багытын колдоого багытталган иштердин комплекси;
линиялуу объекттерди капиталдык оңдоо – линиялуу объекттердин же алардын участокторунун классын, категориясын, белгиленген иштөө көрсөткүчтөрүн өзгөртпөстөн жана бөлүү тилкелеринин жана (же) коргоо зоналарынын чектерин оңдоонун зарылдыгы жок өзгөртүү;
долбоордук документацияга комплекстүү экспертиза жүргүзүү – долбоордук документациянын бардык түрлөрүнө бир эле учурда экспертиза жүргүзүү жана заказчынын ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик экспертиза органы же мамлекеттик эмес эксперттик уюм тарабынан камсыздалган «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча бир жерден зарыл болгон экспертизалардын бардык түрлөрү боюнча корутундуларды алуу мүмкүнчүлүгү;
линиялуу объекттер – линиялуу объекттер – электр берүүчү, байланыш линиялары (анын ичинде линиялуу-кабелдик курулмалар), түтүк өткөргүчтөр, мелиорация каналдары, дренаждык коллекторлор, селден коргоочу дамбалар, автомобиль жолдору, темир жол линиялары жана башка көмөкчү курулмалар;
капиталдык эмес курулуштар жана курулмалар – бул жер менен бекем байланышы жок, конструкциялык мүнөздөмөлөрү алардын ордун которууга жана (же) андан ары чогултуу менен демонтаждоого мүмкүнчүлүк берген жана негизги параметрлерин өзгөртпөстөн, анын ичинде күркөлөр, чатырлар, заводдо даярдалган модулдук имараттар, бетон аралаштыруучу жана асфальтбетон орнотмолору, аттракциондор жана кыймылсыз мүлк болуп саналбаган башка ушул сыяктуу объекттер болгон жеңилдетилген типтеги курулуштар, курулмалар жана объекттер;
ченемдик-техникалык документтер – белгиленген тартипте бекитилүүчү курулуш ишмердүүлүгүнүн ар кандай түрлөрүнө же алардын натыйжаларына тиешелүү ченемдерди жана эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү белгилөөчү документтер;
капиталдык курулуш объектиси – кыймылсыз мүлк болуп саналбаган капиталдык эмес курулуштарды жана курулмаларды кошпогондо, жер менен бекем байланышкан имарат, курулуш же курулма;
курулуш объектиси – курулуп жаткан имарат, курулма же имараттардын жана курулмалардын комплекси;
архитектуралык кичи формалардын объекттери – жасалгалык-монументалдык искусствонун объекттери (стеллалар, эстеликтер, аркалар), фонтандар, жасалгалык тосмолор, анын ичинде жарнамалык конструкциялар жана дизайндын жана көрктөндүрүүнүн башка элементтери;
жеңилдетилген типтеги объекттер – көчмө жана көчүрмө чатырлар, күркөлөр, текчелер, павильондор, жайкы аянтчалар, чатырлар, суусундуктарды сатуучу көчмө (мобилдик) түйүндөр, коомдук тамактануучу көчмө түйүндөр жана бийиктиги 3 метрге чейинки башка курулуштар жана курулмалар, ошондой эле бийиктиги 8 метрге чейинки жарнамалык конструкциялар, кыймылсыз мүлк объекттери болуп саналбайт жана жайгаштырууга жол берилет;
өзгөчө татаал жана уникалдуу курулуш объекттери – долбоордук документтеринде физикалык же геометриялык сызыктуу эмес параметрлер эске алынган стандарттуу эмес эсептөө методдору колдонулган конструкциялардын жана конструкциялык системалардын болушу каралган же иштеп чыгууда эсептөөнүн атайын методдору колдонулчу капиталдык курулуш объекттери.
пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо – курулушу аяктаган объекттин техникалык регламенттердин жана долбоордук документациянын талаптарына ылайыктуулугун ырастоо;
кайра пландоо – кыймылсыз мүлк объектисинин (имараттардын, курулмалардын, жайлардын же алардын айрым бөлүктөрүнүн) учурдагы пландоо чечимдерин өзгөртүү;
кайра профилдөө – имараттардын же жайлардын функционалдык багытын өзгөртүү;
төлөм терминалы – оператордун катышуусу жок төлөмдөрдү кабыл алууга, акча каражаттарын которууга, ошондой эле башка финансылык операцияларды жүзөгө ашырууга арналган өзүн-өзү тейлөөчү электрондук түзүлүш болгон жеңилдетилген типтеги объект;
кайталап колдонулуучу долбоор – экспертизанын оң корутундусун алган жана багыты жана долбоордук кубаттуулугу боюнча окшош капиталдык курулуш объектисин куруу үчүн долбоордук документацияны иштеп чыгууда толук же жарым-жартылай пайдаланууга жарактуу капиталдык курулуш объектисинин долбоордук документациясы;
жанаша курулуш – бул анын функционалын же аянтын кеңейтүү үчүн негизги имаратка жанаша курулган кошумча жай же курулуш;
долбоордук документация – курулуш объекттерин жана/же алардын бөлүктөрүн курууну, реконструкциялоону же башка өзгөртүүлөрдү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон архитектуралык, функционалдык-технологиялык, конструкциялык жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктоочу графикалык, долбоордук жана тексттик документтердин жыйындысы;
курулуп жаткан объекттердин реестри – курулуш стадиясында турган курулуш объекттери жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү жалпыга жеткиликтүү электрондук маалымат базасы, анын ичинде жайгашкан жери, заказчынын аталышы, башкы подрядчы жана субподряддык уюмдар, техникалык жана автордук көзөмөл, жумушчулардын өндүрүүчүсү, берилген уруксат берүүчү документация, шаар куруу жана архитектура органдарында макулдашуу датасы менен долбоордук документация, мамлекеттик экспертизанын оң корутундусунун реквизиттери, инженердик-техникалык тармактардын болушу жана каржылоо булагы, ошондой эле долбоордук уюмдун, башкы подрядчынын жана субподряддык уюмдардын лицензияларынын реквизиттери;
реконструкциялоо (кеңейтүү) – ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерин, технологиялык жана инженердик жабдууларын өзгөртүү;
линиялуу объекттерди реконструкциялоо – эксплуатациянын натыйжалуулугун жогорулатуу, заманбап стандарттарга шайкеш келтирүү же кызмат өтөө мөөнөтүн узартуу максатында линиялуу объекттердин инфраструктурасын жакшыртууга, модернизациялоого же кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдүн процесси, ал линиялуу объекттердин же алардын участокторунун классын, категориясын жана (же) баштапкы белгиленген иштөө көрсөткүчтөрүн өзгөртүүгө алып келүүчү параметрлерин өзгөртүүнү камтыйт, ошондой эле бөлүү тилкелеринин жана (же) коргоо зоналарынын чектерин өзгөртүүнү талап кылышы мүмкүн;
капиталдык курулуш объекттерин реконструкциялоо, линиялуу объекттерди кошпогондо – капиталдык курулуш объектисинин же анын бөлүктөрүнүн параметрлерин өзгөртүү, мисалы, бийиктиги, кабаттуулугу, аянты, көлөмү, анын ичинде курулманын үстүнө куруу, кайра куруу, кеңейтүү, ошондой эле көтөрүүчү курулуш конструкцияларын алмаштыруу же калыбына келтирүү, конструкциянын айрым элементтерин окшош же конструкциянын көрсөткүчтөрүн жакшыртуучу элементтерге алмаштырууну жана аларды калыбына келтирүүнү кошпогондо;
бузуу – аймакты андан ары пайдалануу үчүн бошотуу же реконструкциялоо максатында имараттарды, курулмаларды, конструкцияларды же алардын бөлүктөрүн талкалоо же алып салуу процесси;
долбоордук документацияны макулдашуу – долбоордук документациянын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана ченемдик-техникалык документтеринин талаптарына шайкештигин баалоо;
курулма – жер үстүндөгү, жерден жогору же жер астындагы бөлүктөрдү камтыган сызыктуу, жалпак же көлөмдүү типтеги аяктаган курулуш объектиси, анын курамына көтөрүүчү, ал эми айрым учурларда тосмо конструкциялар кирет, мисалы, плотиналар, жолдор, телемунаралар, стадиондор, автопарктар, вокзалдар, инженердик-техникалык курулмалар, мисалы, электр берүү линиялары, жылуулук электр борборлору, түтүк өткөргүчтөр, кабелдик жана радиого берүүчү байланыш линиялары;
курулуш авариясы – курулуш объектисинин же анын бөлүгүнүн курулуш процессинде же эксплуатациялоодо күтүлбөгөн жерден көзөмөлсүз бузулушу;
курулуш аянты – курулуп жаткан объектти жайгаштыруу жана имараттарды жана курулмаларды тургузуу процессинде пайдаланылуучу машиналарды, материалдарды, конструкцияларды, өндүрүштүк жана санитардык-тиричилик жайларын жана коммуникацияларды жайгаштыруу үчүн белгиленген тартипте бөлүнгөн аймак;
курулуш-монтаждоо иштери – имараттарды, курулмаларды, инженердик-техникалык жактан камсыздоо тармактарын, ошондой эле линиялуу объекттерди тургузууда аткарылуучу иштердин комплекси;
курулуштун башкы планы – курулуш аянтын уюштурууну регламенттөөчү курулушту уюштуруу долбоорунун бөлүгү;
техникалык көзөмөл – курулуш өндүрүшүнүн технологиясынын сакталышын камсыз кылуу, аткарылуучу иштердин жана колдонулуучу материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын курулуш долбоорунун жана колдонуудагы ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу максатында көз карандысыз инженер-консультант (консультациялык фирма) тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш-монтаждоо иштеринин сапатына үзгүлтүксүз контролдук;
техникалык регламент – Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим (макулдашуу), продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (изилдөөлөрдү кошуу менен), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо, утилдештирүү процесстерине карата колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү талаптарды белгилөөчү мыйзам же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому, ошондой эле белгиленген талаптарга алардын шайкештигин баалоонун формалары жана жол-жоболору;
технологиялык кошуу – тиешелүү ресурстун зарыл болгон кубаттуулугун кошуу чекитинде (чекиттеринде) камсыз кылуу үчүн инженердик-техникалык жана уюштуруучулук иш-чаралардын комплекси;
типтүү долбоор – курулуштун конкреттүү шарттарына байлоо менен көп жолу колдонууга арналган ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте бекитилген долбоордук документация;
кошуу чекити – бул курулуш объектисине же жер тилкесине коммуникациялардын схемасына ылайык эң жакын болгон, курулуп жаткан (реконструкцияланып жаткан) объектти электр менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, сууну чыгаруу (канализация), ошондой эле телефонизация жана байланыштын башка түрлөрү тармактарына кошуу үчүн зарыл болгон түзүлүштөр жана курулмалар менен инженердик-техникалык жактан камсыздоо тармактарынын кошулуучу жери, курулуш объектисинен 100 метрден ашпаган аралыкта;
долбоордук документацияга экспертиза жүргүзүү – долбоордук документациянын бөлүмдөрүнүн долбоордук-техникалык чечимдеринин ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келүүсүн же шайкеш келбесин баалоо;
автомобилдер үчүн электр кубаттоочу түзүлүш – коомдук же жеке аймактарда стационардык же убактылуу орнотулуучу электромобилдердин аккумулятордук батареяларын кубаттоого арналган техникалык каражат болгон жеңилдетилген типтеги объект;
пландоо түзүмүнүн элементи – шаардын же конуштардын аймагынын бир бөлүгү, шарттуу түрдө бөлүнгөн же жолдор, көчөлөр, өтмөктөр менен чектелген, мисалы, квартал, микрорайон, көчө;
аймакты көрктөндүрүү элементтери – жасалгалык, техникалык, пландоочу жана конструкциялык түзүлүштөр, өсүмдүк компоненттери, жабдуулардын жана жасалгалоонун ар кандай түрлөрү, архитектуралык кичи формалар, капиталдык эмес стационардык эмес курулмалар, сырткы жарнама жана көрктөндүрүүнүн ажырагыс бөлүгү катары колдонулуучу маалымат;
эскиздик план – трассалык чечимдерди, объекттин болжолдуу абалын жана инженердик тармактар жана башка элементтер менен кесилишүүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган, долбоорлоо үчүн баштапкы маалыматтарды макулдашуу жана даярдоо үчүн колдонулуучу жергиликтүү жерге линиялуу объектти жайгаштырууну негиздөөгө арналган алдын ала пландоо-графикалык документ;
эскиздик долбоор – көлөмдүк-пландоо чечимдерин, графикалык сүрөттөлүштөрдү, 1:500 масштабындагы башкы пландын схемасын жана инженердик тармактарга техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана жүктөмдөрдү эсептөөлөрү бар түшүндүрмө жазууну камтыган, ал болгон учурда шаар куруу документациясына ылайык иштелип чыккан концептуалдык архитектуралык-шаар куруу сунушу;
кабаттуулук – бул имараттын же курулманын бардык жер үстүндөгү, техникалык жана цоколдук кабаттарын кошуу менен кабаттарынын саны, мансарданы эске албаганда жана анын архитектуралык, курулуштук жана ченемдик мүнөздөмөлөрүнө таасир этүү менен анын өлчөмүн сүрөттөө үчүн колдонулат;
боз үй шаарчасы – салттуу боз үйдүн конструкциясынын негизинде жасалган жана негизинен туризм максатында, маданий иш-чараларды өткөрүү жана этнографиялык эс алууну уюштуруу үчүн сезондук же убактылуу жашоого арналган убактылуу же жеңилдетилген турак жай модулдарынын комплекси болгон жеңилдетилген типтеги объект.
2-бөлүм. Долбоорлоо үчүн документтерди алууну талап кылган курулуштун жана объекттердин башка өзгөрүүлөрүнүн түрлөрү
5. Курулуштун төмөнкү түрлөрүн жүзөгө ашырууда, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө заказчы уруксат берүүчү документтерди алуунун жалпы процессинен өтүүгө милдеттүү:
1) аянты 500 чарчы метрден ашык, ошондой эле бийиктиги 3 кабаттан ашык болгон учурдагы имараттарга жана курулмаларга кошумча курулуштар;
2) аянтына жана кабаттуулугуна карабастан өнөр жай багытындагы объекттер;
3) линиялуу объекттерди, инженердик тармактарды жана курулмаларды куруу жана реконструкциялоо объекттери;
4) аянты 1000 чарчы метр жана андан ашык, ошондой эле бийиктиги 3 кабаттан ашык болгон курулуш объекттери;
5) ушул Жободо көрсөтүлгөн объекттерди кошпогондо, курулуштун I, II жана III категорияларына тиешелүү курулуш объекттери;
6) көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен учурдагы объекттерди реконструкциялоо, кайра профилдөө, кайра куруу жана кайра пландоо.
6. Төмөнкү курулуш иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, заказчы документтерди жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу процедурасынан өтүүгө милдеттүү:
1) аянты 500 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги 3 кабаттан ашпаган, учурдагы имараттарга жана курулмаларга жанаша курулган кошумча курулуш объекттери;
2) фермердик, балык чарбасы же токой чарбасы үчүн арналган жер тилкелеринде жайгашкан, аянты 1000 чарчы метрге чейинки тез курулуучу (жеңил) конструкциялардан жасалган айыл чарба багытындагы объекттер;
3) фермердик, балык, токой чарбасын жүргүзүү үчүн арналган жер тилкелеринде, ошондой эле калктуу конуштардын чегинен тышкары рекреациялык зоналарда жайгашкан, жалпы аянты 200дөн 500 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги үч кабаттан ашпаган жеке турак үй жана чарбалык багыттагы курулуш объекттери;
4) жалпы аянты 200дөн 500 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги 3 кабаттан ашпаган жеке турак үй курулушунун объекттери;
5) аянты 1000 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги 3 кабаттан ашпаган курулуш объекттери;
6) автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу, анын ичинде ачык чатырдын астына жайгаштыруу;
7) жанаша аймактарга кире бериштерди, чыга бериштерди (өтмөктөрдү) уюштуруу, ошондой эле тротуарларды жана велосипед жолдорун куруу;
8) көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртпөстөн, учурдагы объекттерди кайра профилдөө жана кайра пландоо;
9) көрүүчүлөр үчүн трибуналарды орнотууну караштырбаган, тиешелүү инфраструктурасы бар тегиздик спорттук жана маданий курулмалар;
10) бийиктиги 3 метрден 8 метрге чейинки жеңил конструкциялардан жасалган жарнамалык конструкциялар;
11) бийиктиги 15 метрге чейинки байланыш курулмалары, техникалык жайлар жана коомдук, турак жай жана өндүрүштүк багыттагы имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо стадиясында милдеттүү инфраструктуралык элемент катары байланыш линиясы үчүн ыкчам жолдор;
12) башка капиталдык эмес курулуштар жана курулмалар.
7. Төмөнкү курулуш иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, заказчы документтерди өзгөчө (тездетилген) тартипте алуу процедурасынан өтүүгө милдеттүү:
1) жалпы аянты 200 чарчы метрден ашпаган жана бийиктиги эки кабаттан жогору эмес жеке турак үйдүн курулушу;
2) фермердик, балык, токой чарбасын жүргүзүү үчүн арналган жер тилкелеринде, ошондой эле калктуу конуштардын чегинен тышкары рекреациялык зоналарда жайгашкан, жалпы аянты 200 чарчы метрден ашпаган жана бийиктиги эки кабаттан жогору эмес жеке турак үйдүн курулушу;
3) бийиктиги 3 метрге чейинки жеңилдетилген материалдардан жасалган капиталдык эмес байланыш курулмаларын жана жарнамалык конструкцияларды орнотуу жана жайгаштыруу;
4) жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотуу жана жайгаштыруу;
5) жеңил конструкциялардан жасалган туризм жана эс алуу объекттерин, анын ичинде афреймдерди, барнхаустарды, глэмпингдерди, ошондой эле жеңилдетилген типтеги объекттерди – боз үй шаарчаларын орнотуу жана жайгаштыруу;
6) кичи архитектуралык формалардын объекттерине тиешелүү курулмаларды орнотуу жана жайгаштыруу;
7) автомобильдер үчүн электр кубаттоочу түзүлүштөрдү, сууматтарды, вендинг аппараттарын, төлөм терминалдарын жана банкоматтарды орнотуу жана жайгаштыруу.
8. Курулуштун жана кыймылсыз мүлк объекттеринин төмөнкү түрлөрү үчүн долбоорлоо, макулдашуу жана мамлекеттик экспертиза жүргүзүү үчүн документтерди алуу талап кылынбайт:
1) көлөмдүк-пландоо өзгөрүүлөрсүз мурда болгон объекттин өрттөн кийин курулушту калыбына келтирүү;
2) көлөмдүк-пландоо чечимдерин, көтөрүүчү конструкцияларды, инженердик-техникалык камсыздоону өзгөртпөстөн жана учурдагы жүктөмдөрдү көбөйтпөстөн, уруксат берилген пайдалануу түрлөрүнүн чегинде жайларды кайра профилдөө, парковка орундарын кошпогондо;
3) тарыхый-маданий мурастын кыймылсыз объекттеринин коргоо зоналарына, объекттердин коргоо зоналарына жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына таасир этпеген учурдагы жеке турак үйлөргө жайкы, турак жай жана турак жай эмес жайларды жанаша куруу;
4) бардык түрдөгү оңдоо жана жасалгалоо иштери, анын ичинде капиталдык оңдоо.
9. Эгерде заказчы ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн курулуш объекттеринин комплексин (мисалы, коттедж шаарчасы) бир жер тилкесинде долбоорлосо, анда мындай объекттердин ар бирине ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында белгиленген талаптар колдонулат.
3-бөлүм. Пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттерди долбоорлоо, куруу жана ылайыктуулугун баалоону жүзөгө ашыруу үчүн документтерди берүүгө ыйгарым укуктуу органдар
10. Шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу жана инженердик-техникалык шарттарды түзүү, ошондой эле долбоордук документацияны макулдашуу шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Комплекстүү экспертизаны долбоордук жана долбоордук-сметалык документацияга экспертиза жүргүзүү жаатында иш жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмү) камсыз кылат, мында:
1) курулуш ченемдерине жана эрежелерине шайкеш келүүсү боюнча долбоордук документацияга экспертизаны ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмү жүзөгө ашырат;
2) долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертизаны өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган жүргүзөт;
3) долбоордук документацияга экологиялык экспертизаны айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат;
4) долбоордук документацияга өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизаны өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты жана ченемдик укуктук жөнгө салууну иштеп чыгуу менен алектенген ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.
12. Пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоону архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык башкармалыктары жүзөгө ашырат.
13. Курулуш объектисин пайдаланууга киргизүү заказчы тарабынан пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо актысынын же курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө ырастоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
4-бөлүм. Долбоорлоо жана куруу үчүн документтерди берүүнүн негизги этаптары, мөөнөттөрү
14. Долбоорлоо жана куруу үчүн документтерди шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган жер тилкелерине укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин негизинде жана ыйгарым укуктуу органдын экспертиза боюнча мамлекеттик органы макулдашылган долбоордук документациянын негизинде «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча берет.
15. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүү төмөнкү ырааттуу тартипте жүзөгө ашырылат:
1) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан эскиздик долбоорду же эскиздик планды кароо;
2) зарыл болгон учурда – Архитектуралык-техникалык кеңештин жана (же) Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин кароосуна эскиздик материалдарды киргизүү;
3) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын корутундуларын (уруксаттарын), ошондой эле тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды чогултуу;
4) инженердик-техникалык кызматтар тарабынан техникалык шарттар берилген учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу;
5) заказчы тарабынан долбоордук документтерди иштеп чыгуу;
6) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтердин «Башкы план» жана «Архитектуралык чечимдер» бөлүмдөрүн макулдашуу;
7) долбоордук документтерге ишенимдүүлүк жана коопсуздук талаптарына (анын ичинде конструкциялык чечимдерге жана ички инженердик тармактарга) шайкештигин аныктоо үчүн жетиштүү болгон бөлүгүндө экспертиза жүргүзүү;
8) курулуп жаткан объекттердин реестрине объектти киргизүү жана курулуш-монтаждоо иштерин баштоо;
9) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан инженердик-техникалык шарттарды түзүү;
10) заказчы тарабынан долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүн иштеп чыгуу;
11) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүн макулдашуу;
12) долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүнө мамлекеттик экспертиза жүргүзүү;
13) курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо жана шайкештик актысын берүү;
14) объектти заказчы тарабынан пайдаланууга берүү.
16. Ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүү төмөнкү ырааттуу тартипте жүзөгө ашырылат:

7) заказчы тарабынан курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу;
8) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан инженердик-техникалык шарттарды түзүү;
9) заказчы тарабынан долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүн иштеп чыгуу;
10) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүн макулдашуу;
11) курулушу аяктаган объекттин шайкештигин ыктыярдуу түрдө баалоо жана курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө тастыктоону берүү;
12) объектти заказчы тарабынан пайдаланууга берүү.
17. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга киргизүү төмөнкү ырааттуу тартипте жүзөгө ашырылат:

2) зарыл болгон учурда – Архитектуралык-техникалык кеңеште жана (же) Архитектуралык-шаар куруу кеңешинде эскиздик материалдарды кароо;
3) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардан корутундуларды (уруксаттарды), ошондой эле тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды чогултуу;
4) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан шаар куруу корутундусун жана инженердик-техникалык шарттарды берүү;
5) заказчы тарабынан курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу;
6) курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоону ыктыярдуу тартипте жүргүзүү жана курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө ырастоону берүү;
7) заказчы тарабынан объектти пайдаланууга киргизүү.
18. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан документтерди кароо жана берүү мөөнөттөрү:
1) шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу жана берүү, ошондой эле инженердик-техникалык шарттарды түзүү жана берүү – 20 жумушчу күнгө чейин;
2) долбоордук документацияны макулдашуу – 10 жумушчу күнгө чейин.
19. Ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмү тарабынан мамлекеттик экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү:
1) 1000ден 5000 чарчы метрге чейин – 15 жумушчу күнгө чейин;
2) 5000ден 10000 чарчы метрге чейин – 20 жумушчу күнгө чейин;
3) 10000 чарчы метрден ашык – 30 жумушчу күнгө чейин.
20. Ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмү тарабынан кайталап мамлекеттик экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү:
1) 1000ден 5000 чарчы метрге чейин – 5 жумушчу күнгө чейин;
2) 5000ден 10000 чарчы метрге чейин – 10 жумушчу күнгө чейин;
3) 10000 чарчы метрден ашык – 15 жумушчу күнгө чейин.
21. Долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
22. Экологиялык экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү экологиялык экспертиза чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
23. Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
24. Уруксат берүүчү документацияны берүү, долбоордук документацияны макулдашуу, ага мамлекеттик экспертиза жүргүзүү, объектти курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү, ошондой эле шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын инженердик-техникалык кызматтар, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүүсү «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы жана/же башка программалык каражаттар аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5-бөлүм. Курулуштук ниеттер жөнүндө арызды кароо тартиби
25. Кварталдарды, микрорайондорду пландуу реконструкциялоодо, жаңы аймактарды өздөштүрүүдө, ошондой эле алар жок болгон учурда ченемдик-техникалык документтерге ылайык курулуш долбоору иштелип чыгат.
26. Өзүнүн долбоордук уюму жок заказчы шаар куруу корутундусун жана инженердик-техникалык шарттарды алуу, долбоордук документацияны макулдашуу жана комплекстүү мамлекеттик экспертизадан өтүү үчүн шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органга арыз берүүнү кошуу менен башкы долбоорлоочунун, автордук көзөмөлдүн функцияларын аткарууга жана толук коштоого лицензияланган долбоордук уюм менен келишим түзөт.
27. Курулуштук ниеттерди ишке ашыруу үчүн долбоордук уюм заказчы менен биргеликте эскиздик долбоорду же эскиздик планды иштеп чыгат.
28. Эскиздик долбоорду же эскиздик планды иштеп чыгууда долбоордук уюм же заказчы шаар куруу документтерине курулуштук ниеттердин шайкештиги жөнүндө шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдан маалыматты суроого укуктуу.
29. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган 3 жумушчу күндүн ичинде долбоордук уюмдун же заказчынын суроосу боюнча шаар куруу документациясына (башкы план, деталдуу пландоо планы, курулуш долбоору) ылайык жер тилкесинин максаттуу (функционалдык) багыты, жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерине ылайык жер тилкелерин жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууга уруксат берилгендиги, ошондой эле инженердик тармактардын болушу жөнүндө маалыматты акысыз берүүгө милдеттүү. Долбоордук уюмдун же заказчынын суроосу боюнча шаар куруу документациясынан (башкы план, деталдуу пландоо планы, курулуш долбоору) көчүрмөлөр акы төлөнүүчү негизде берилет.
30. Эскиздик долбоорду же эскиздик планды иштеп чыккандан кийин заказчы шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органга арыз менен кайрылат, ага төмөнкү документтер тиркелет:
1) жер тилкесине укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтин көчүрмөсү, ал эми болгон учурда – ошондой эле ушул жер тилкесинде жайгашкан кыймылсыз мүлк объектисине техникалык паспорттун көчүрмөсү;
2) эгерде заказчы жеке жак болуп саналса, заказчынын паспортунун көчүрмөсү (түп нускасы салыштыруу үчүн берилет), ошондой эле үчүнчү жак тарабынан көрсөтүлгөн учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү жана ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;
3) эгерде заказчы юридикалык жак болуп саналса, юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү, ошондой эле ишеним каттын көчүрмөсү жана ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү (түп нускасы салыштыруу үчүн берилет);
4) эскиздик долбоор же эскиздик план;
5) зарыл болгон учурда шаар куруу документациясынан көчүрмөлөр;
6) зарыл болгон учурда реконструкциялоо мүмкүнчүлүгү боюнча объектти изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча корутунду.
31. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык сырткы видеокөзөмөл системасы менен милдеттүү жабдууга тийиш болгон объекттерди долбоорлоо учурунда ушул Жобонун 30-пунктунда каралган арызга тиркелүүчү документтерге кошумча белгиленген тартипте макулдашылган сырткы видеокөзөмөл системасынын долбоору тиркелет.
32. Берилген документтер ушул Жобонун 30-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган документтерди каттоодон жана кабыл алуудан баш тартууга укуктуу, ал эми шайкеш келген учурда кароого документтерди кабыл алуу жөнүндө тил кат берилет.
33. Зарыл болгон учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган арызды катталган күндөн тартып эки жумушчу күндөн кечиктирбестен Архитектуралык-техникалык кеңештин кароосуна жөнөтөт. Архитектуралык-техникалык кеңеш арызды келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен кароого милдеттүү.
34. Архитектуралык-техникалык кеңеш шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын алдында түзүлөт, ал эми анын жобосу, курамы жана ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет жана ушул Жобонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
35. Архитектуралык-техникалык кеңеш арызды төмөнкүлөргө шайкештиги боюнча карайт:
1) шаар куруу документациясына жана курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине;
2) долбоорлоо ченемдерине жана долбоордук документациянын курамына жана мазмунуна карата талаптарга;
3) шаардын же калктуу конуштун инженердик инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлоруна;
4) зарыл болгон учурда тарых жана маданият эстеликтерин коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына;
5) кварталдарды көрктөндүрүүнүн жалпы концепциясына долбоорлонуп жаткан объекттин жанаша аймагын көрктөндүрүүгө.
36. Эгерде билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документациясына, курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине шайкеш келбесе жана/же Архитектуралык-техникалык кеңеш баш тартса, шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган арызды документтери менен кошо заказчыга кайтарып берет жана ушул жер тилкесинде долбоорлоого жана курууга жол берилген объекттер жөнүндө маалымат берет.
37. Эгерде курулуштук ниеттердин объектиси шаар куруучу мүнөздөмөлөргө ээ болсо жана шаардын (калктуу конуштун) архитектуралык көрүнүшүнө жана анын инфраструктурасына таасир этиши мүмкүн болсо, шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган арызды катталган күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде тиркелген документтери менен Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин кароосуна жөнөтөт. Архитектуралык-шаар куруу кеңеши арызды келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен кароого милдеттүү.
38. Архитектуралык-шаар куруу кеңеши шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын алдында түзүлөт, ал эми анын жобосу, курамы жана ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет жана ушул Жобонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
39. Архитектуралык-шаар куруу кеңеши объекттерди жайгаштыруу жана алардын архитектуралык-пландоо чечимдери боюнча консультациялык функцияларды аткарат, деталдуу пландоо долбоорунда же курулуш долбоорунда каралган объекттерди кошпогондо, шаар куруучу, өзгөчө татаал жана уникалдуу курулуш объекттерин долбоорлоону жана курууну карайт, мында анын чечимдери сунуштамалык мүнөзгө ээ, ал эми акыркы чечимди шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси кабыл алат, ал кабыл алынган чечим үчүн жоопкерчилик тартат.
40. Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин чечими протокол түрүндө таризделет жана шаар куруу корутундусун иштеп чыгууда эске алынат.
41. Эскиздик долбоорду Архитектуралык-шаар куруу кеңеши тарабынан жактыруудан баш тартылган учурда чечимде көрсөтүлгөн эскертүүлөрдү эске алуу менен долбоорду иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
42. Эскиздик долбоорду же эскиздик планды Архитектуралык-техникалык жана зарыл болгон учурда Архитектуралык-шаар куруу кеңеши тарабынан жактырылган учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган зарыл болгон учурда мамлекеттик жана муниципалдык органдардын корутундуларын жана уруксаттарын, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтардын техникалык шарттарын чогултууга киришет.
43. Заказчы телефонизация жана байланыштын башка түрлөрү (интернет, телевидение ж. б.) боюнча кызматтарды көрсөтүүчү инженердик-техникалык кызматтарды өз алдынча аныктайт жана эскиздик долбоорду киргизүүдө техникалык шарттарды алуу зарылдыгын көрсөтөт.
44. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтарга суроо-талаптарды «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү «Түндүк» жана/же башка программалык каражаттар аркылуу жөнөтөт. Суроо-талап тиркелген документтери менен арызды, ошондой эле архитектуралык-техникалык кеңештин жана архитектуралык-шаар куруу кеңешинин чечимдерин камтыйт, эгерде ал болсо.
45. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын суроо-талабын кароого жана суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органга жеткирүүнү камсыз кылуу менен корутундуну, уруксатты же техникалык шарттарды камтыган жоопту жөнөтүүгө милдеттүү. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар суроо-талапты кароо мөөнөтүн узартууга укуксуз.
46. Эгерде корутундуларды, уруксаттарды жана техникалык шарттарды берүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар тарабынан акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылса, анда көрсөтүлгөн органдар шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органга эсеп коет.
47. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар корутундуларды, уруксаттарды же техникалык шарттарды берүү үчүн эсептерди аларды берүүнүн наркынын монополияга каршы орган менен бекитилген жана макулдашылган прейскурантына ылайык коет. Эгерде заказчы жеке жак болуп саналса, эсеп жеке жак катары, эгерде юридикалык жак болсо - юридикалык жак катары коюлат. Эгерде прейскурантта нарк курулуш объектиси боюнча же суралып жаткан инженердик жүктөмдөрдүн көлөмүнөн аныкталат деп каралса, эсеп тиешелүү курулуш объектиси боюнча же суралып жаткан жүктөмдөр боюнча коюлат.
48. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар коюлган эсептердин тууралыгы үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
49. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар жүйөлүү баш тартууну жөнөтүүгө укуктуу. Мында инженердик-техникалык кызматтар жүйөлүү баш тартууну жөнөткөн учурда бир эле учурда мүмкүн болгон чечимдердин варианттарын, анын ичинде учурдагы тармактарды модернизациялоо боюнча сунушту же альтернативдүү инженердик-техникалык коммуникацияларды долбоорлоо жана куруу боюнча сунуштарды берүүгө милдеттүү.
50. Инженердик-техникалык кызматтар техникалык шарттарды берүүдөн баш тарткан учурда заказчы көрсөтүлгөн кызматтардын макулдугу менен альтернативдүү инженердик-техникалык коммуникацияларды, анын ичинде суу менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, сууну чыгаруу, телефонизация жана байланыштын башка түрлөрүн долбоорлоону жана курууну жүзөгө ашырууга жана пайдаланууга киргизгенден кийин аларды инженердик-техникалык кызматтардын балансына заказчы тарабынан сарпталган акча каражаттарын компенсациялоо менен өткөрүп берүүгө укуктуу, алар заказчы менен инженердик-техникалык кызматтардын ортосунда келишимдик негизде аныкталат.
51. Альтернативдүү инженердик камсыздоо объекттерине долбоордук документация шаар куруу корутундусунун талаптарына ылайык иштелип чыгат, сырткы инженердик тармактардын долбоорунун курамында макулдашылат жана инженердик камсыздоо объектиси катары экспертизадан өтөт.
52. Инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды берүүдөн жүйөлүү баш тартуу алынган учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган үч жумушчу күндүн ичинде заказчыга жүйөлүү баш тартуунун көчүрмөсүн тиркөө менен кабарлайт, ошондой эле заказчыга инженердик-техникалык кызматтар тарабынан сунушталган чечимдин мүмкүн болгон варианттарын берет.
53. Заказчы инженердик-техникалык кызматтар тарабынан сунушталган чечимдин варианттарынан жазуу жүзүндө баш тарткан учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ошондой эле уруксаттарды, корутундуларды же техникалык шарттарды берген инженердик-техникалык кызматтарга заказчынын курулуштук ниеттерин андан ары жылдыруунун мүмкүн эместиги жөнүндө кабарлайт. Көрсөтүлгөн билдирүү алынгандан кийин тиешелүү органдар жана кызматтар өз чечими менен мурда берилген уруксаттарды, корутундуларды же техникалык шарттарды, ошондой эле коюлган эсептерди жокко чыгарат.
54. Эгерде шаар куруу корутундусу ушул Жобонун 53-пунктунда көрсөтүлгөн чечимдин сунушталган варианттарынан заказчынын жазуу жүзүндө баш тартуусу алынганга чейин берилсе, шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган берилген шаар куруу корутундусун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат жана бул жөнүндө заказчыга кабарлайт.
55. Эгерде мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар корутундуларды, уруксаттарды жана техникалык шарттарды берсе, шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган шаар куруу корутундусун иштеп чыгат жана арыз берилген учурдан тартып жыйырма жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө заказчыга көрсөтүлгөн документтерди даярдоонун аяктагандыгы жөнүндө жана аларды алуу зарылдыгы жөнүндө билдирет.
56. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын заказчыга же мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтарга билдирүүлөрү жазуу жүзүндө жөнөтүлөт жана «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү «Түндүк» жана/же башка программалык каражаттар аркылуу, ошондой эле тексттик билдирүүлөрдү жана документтерди тез арада алмашуу үчүн электрондук программаларды, ошондой эле заказчынын арызында көрсөтүлгөн электрондук почталарды пайдалануу менен электрондук түрдө жеткирилиши мүмкүн.
57. Заказчы, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдар жана инженердик-техникалык кызматтар тексттик билдирүүлөрдү жана документтерди тез арада алмашуу үчүн электрондук программалардын реквизиттерин, ошондой эле электрондук почталарды кошуу менен өздөрүнүн электрондук реквизиттерин өзгөртүүдө шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү. Кабарлабаган учурда билдирүү белгиленген тартипте жеткирилди деп эсептелет.
58. Эгерде заказчы билдирүү берилген учурдан тартып бир жылдын ичинде шаар куруу корутундусун же инженердик-техникалык шарттарды албаса, шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган аларды жокко чыгарат жана 3 жумушчу күндүн ичинде заказчыга, ошондой эле корутундуларды, уруксаттарды же техникалык шарттарды берген мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жана инженердик-техникалык кызматтарга кабарлайт, алар дагы өз чечимдерин жана коюлган эсептерин жокко чыгарат.
59. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган заказчыга шаар куруу корутундусун же инженердик-техникалык шарттарды толук төлөгөндөн кийин гана берет, анын ичинде шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын ишине төлөө, ошондой эле берилген корутундулар, уруксаттар же техникалык шарттар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана инженердик-техникалык кызматтардын бардык коюлган эсептерин, анын ичинде банктык комиссияларды төлөө.
60. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган заказчыдан төлөмдү алгандан кийин акча каражаттарын мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтарга коюлган эсептерге ылайык алардын эсептешүү эсебине банктык которуу жолу менен которот.
61. Шаар куруу корутундусу тексттик жана графикалык бөлүктөрдөн турат, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын корутундулары жана уруксаттары, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген техникалык шарттар менен толукталат. Корутунду мамлекеттик тилде түзүлүп, расмий тилге которулат жана үч нускада таризделет, анын эки нускасы заказчыга берилет, ал эми үчүнчүсү шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын архивинде сакталууга тийиш.
62. Шаар куруу корутундусунун формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет, ушул Жобонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана зарыл болгон учурда кошумча талаптарды камтышы мүмкүн.
63. Шаар куруу корутундусунун тексттик бөлүмү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жер тилкесинин укуктук статусу, анын ичинде менчик ээси, укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтер жөнүндө маалыматтар, ошондой эле болгон учурда идентификациялык номери;
2) жер тилкесинин мүнөздөмөлөрү, анын ичинде дареги, аянты жана функционалдык багыты;
3) негизги шаар куруу жана архитектуралык талаптар, анын ичинде курулуштун параметрлери, чектөөлөр, кабаттуулукка, долбоорлоо аянтына, курулуштун кезектүүлүгүнө, санитардык, өрткө каршы жана экологиялык ченемдерге, көрктөндүрүү шарттарына, парковканы жана кире бериштерди уюштурууга, эстеликтерди коргоого, калктын мобилдүүлүгү чектелген топтору үчүн жеткиликтүү чөйрөнү түзүүгө жана ченемдик-техникалык документтердин өзгөчө талаптарына карата талаптар.
64. Шаар куруу корутундусунун графикалык бөлүмү 1:500 жана 1:2000 масштабында топографиялык негизде аткарылган жер тилкесинин шаар куруу планынын схемасы түрүндөгү графикалык материалды камтыйт, ага төмөнкүлөр түшүрүлөт:
1) координаттары же объекттерге байлоосу менен жер тилкесинин чектери;
2) долбоорлоо үчүн аянт жана жер тилкесинин чегинен чегинүү;
3) жер тилкеси боюнча өтүүчү учурдагы инженердик тармактар;
4) долбоорлонуп жаткан инженердик тармактар, кошуу чекиттери жана коммуникацияларды алып чыгуу;
5) шаар курууну жөнгө салуу линиялары;
6) коргоо жана санитардык зоналардын чектери;
7) жер тилкесине өтмөктөр;
8) зарыл болгон учурда авто коюу жайларын жайгаштыруу;
9) бузууга дуушар болгон имараттар жана курулуштар;
10) бузууга же көчүрүүгө дуушар болгон жашыл көчөттөр.
65. Ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн объекттер боюнча шаар куруу корутундусунун графикалык бөлүмү кошумча жер тилкесинде курулуш объектисин отургузуунун макулдашылган планын, ошондой эле пландоо өзгөрүүлөрүн жана көлөмдүк чечимдерди камтыйт.
66. Шаар куруу корутундусун шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Электрондук форматта таризделген учурда корутунду электрондук санариптик кол тамга менен кол коюлат.
67. Шаар куруу корутундусу жер тилкесинин функционалдык (максаттуу) багытын өзгөртүү үчүн негиз болуп саналат.
68. Эгерде жер тилкеси заказчынын жеке менчигинде же мөөнөтсүз пайдалануусунда болсо, шаар куруу корутундусу жер тилкесинин функционалдык (максаттуу) багытын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү каттоо органына билдирүү тартибинде берилет.
69. Эгерде жер тилкеси заказчынын убактылуу пайдалануусунда болсо, шаар куруу корутундусу жер тилкесинин функционалдык (максаттуу) багытын өзгөртүү үчүн жер мыйзамдары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте убактылуу пайдалануу укугун берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же мамлекеттик органдарга берилет.
70. Шаар куруу корутундусу төмөнкү даярдоо иштерин жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат:
1) долбоордук документацияны жана курулуштун башкы планын иштеп чыгуу;
2) инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
3) курулуш аймагына түшкөн курулуштарды бузуу жана инженердик тармактарды алып чыгуу;
4) жашыл көчөттөрдү бузуу, көчүрүү;
5) курулуш аянтын тосуу;
6) убактылуу жана туруктуу өтмөктөрдү уюштуруу;
7) убактылуу имараттарды жана курулмаларды жайгаштыруу, курулушту инженердик жактан убактылуу камсыздоо тармактарын куруу.
71. Шаар куруу корутундусунун колдонуу мөөнөтү эки жылды түзөт жана шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча корутундунун колдонуу мөөнөтүн бир жылга узартууну караган кат-толуктоону берүү жолу менен узартылышы мүмкүн.
72. Ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн объекттерди куруу же орнотуу аяктаган учурда шаар куруу корутундусун жана башка тиешелүү документтерди кайрадан алуу талап кылынбайт.
73. Заказчынын курулуштук ниеттери өзгөргөн учурда, ал объекттин функционалдык багытына, кабаттуулугуна, конфигурациясына, курулуш аянтына, жер тилкесинин аянтына же курулуштун кезектүүлүгүнө таасир этсе, өрт жана экологиялык коопсуздуктун, ошондой эле курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин жана талаптардын талаптарын эске алуу менен мурда берилген шаар куруу корутундусу шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен анын колдонуу мөөнөтүн бир жылга узартуу менен кат-толуктоону берүү жолу менен толукталууга тийиш.
74. Инженердик-техникалык шарттар төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча шарттар;
2) суу менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, канализация, телефонизация жана байланыштын башка түрлөрү;
3) инженердик курулмаларды жайгаштыруу;
4) пайдаланууга берилген аймактар боюнча инженердик тармактардын трассаларынын өтүшүнө жана абоненттик линияга кошулууга, ошондой эле инженердик-геологиялык изилдөөлөргө карата талаптар;
5) курулуш объектисинен кошуу чекитине чейин инженердик-техникалык жактан камсыздоо тармактарына кошуу долбоору.
75. Инженердик-техникалык шарттардын формасын ыйгарым укуктуу орган бекитет, ал зарыл болгон учурда ага кошумча талаптарды киргизиши мүмкүн.
76. Инженердик-техникалык шарттар эки нускада таризделет, анын бири архивге жөнөтүлөт, ал эми экинчиси заказчыга берилет. Инженердик-техникалык шарттар шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Инженердик-техникалык шарттар алар түзүлгөндөн кийин заказчыга берилет. Электрондук форматта таризделген учурда документ электрондук санарип кол тамга менен кол коюлат.
6-глава. Долбоордук документацияны макулдашуу
77. Долбоордук документациянын «Архитектуралык чечимдер» жана «Башкы план» бөлүмдөрү шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш, бирок мамлекеттик экспертизага жатпайт. Линиялуу объекттер жана долбоордук документациянын «Сырткы тармактар» бөлүмү шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш:
1) ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер үчүн – андан кийин мамлекеттик экспертиза жүргүзүү менен;
2) ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн объекттер үчүн – андан кийин мамлекеттик экспертиза жүргүзбөстөн.
78. Долбоордук документацияны макулдашуу төмөнкүлөргө карата жүзөгө ашырылат:
1) долбоорлоого шаар куруу корутундусунда кабыл алынган шарттарга жана талаптарга шайкештиги жана аткарылышы;
2) колдонуудагы курулуш ченемдерине жана эрежелерине, өрткө каршы, экологиялык жана санитардык жана башка талаптарга шайкештиги;
3) долбоордук документациянын инженердик-техникалык шарттарга жана шаардын же калктуу конуштун инженердик инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлоруна шайкештиги;
4) зарыл болгон учурда долбоордук документациянын тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештиги; мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттарды жана энергиянын натыйжалуулугун камсыз кылуу;
5) жанаша аймакты көрктөндүрүү, долбоорлонуп жаткан объекттин шаардык кварталдарды көрктөндүрүүнүн жалпы концепциясына жана көрктөндүрүү эрежелерине шайкештиги.
79. Долбоордук документацияга макулдашуудан кийин объекттин башкы планына жана көлөмдүк-пландоо чечимдерине тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда долбоордук документация шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан кайрадан макулдашылууга тийиш.
80. Долбоордук документацияга карата коюлуучу шаар куруу, өрткө каршы, санитардык-эпидемиологиялык, гигиеналык, экологиялык жана башка талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик долбоордун башкы архитекторуна жана долбоордун башкы инженерине жүктөлөт.
81. Долбоордук чечимдер долбоорлоо документтеринин жана архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү башка ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келбеген учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган долбоордук уюмга жана заказчыга милдеттүү түрдө кабарлоо менен долбоордук документацияны макулдашуудан баш тартуу жөнүндө негизделген чечим чыгарат.
82. Долбоордук документация иштеп чыгуу үчүн бир жолудан ашык эмес жөнөтүлөт, кайталап кароо оңдолгон долбоордук документация берилгенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Эгерде эскертүүлөр четтетилбесе же аларды четтетүү жаңы эскертүүлөргө алып келсе, долбоордук документация иштеп чыгуу үчүн кайтарылат.
7-бөлүм. Долбоордук документацияга экспертиза жүргүзүү
83. Долбоордук документацияга экспертиза комплекстүү түрдө жүргүзүлөт, бардык зарыл болгон экспертизаларды бир эле учурда жүргүзүүнү жана заказчынын «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча бир жерден корутундуларды алуусун карайт.
84. Заказчы комплекстүү экспертиза жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмүнө арыз менен кайрылат, ага төмөнкү документтер тиркелет, атап айтканда ушул Жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн документтер, Архитектуралык-техникалык кеңештин жана зарыл болгон учурда Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин чечими, ошондой эле макулдашылган долбоордук документация.
85. Берилген документтер ушул Жобонун 84-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген учурда ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмү аларды каттоодон жана кабыл алуудан баш тартууга укуктуу. Шайкеш келген учурда кароого документтерди кабыл алуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.
86. Комплекстүү экспертиза жүргүзүү максатында ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмү арыз келип түшкөн учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде арызды тиркелген документтери менен ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн экспертизанын мамлекеттик органдарына «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү «Түндүк» жана/же башка программалык каражаттар аркылуу жөнөтөт.
87. Ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн экспертизанын мамлекеттик органдары мамлекеттик экспертизаны ушул Жобонун 19, 21, 22 жана 23-пункттарында белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүүгө, ошондой эле анын жыйынтыктарын тиешелүү мөөнөттөр аяктаганга чейин ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмүнө берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
88. Ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн экспертизанын мамлекеттик органдарынын корутундулары келип түшкөндө ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмү заказчыга мамлекеттик экспертизанын комплекстүү корутундусун берет.
89. Мамлекеттик экспертизанын комплекстүү корутундусунун формасын ыйгарым укуктуу орган бекитет жана ушул Жобонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн экспертизанын мамлекеттик органдары тарабынан аткарылган экспертизаларды камтыйт.
90. Долбоордук документация жана же анын айрым бөлүмдөрү, ал эми мамлекеттик бюджеттен каржылануучу объекттер үчүн сметалык ченемдерди жана эсептөө ыкмаларын колдонуу бөлүгүндө сметалык документация, иштин көлөмүн кошпогондо экспертизанын предмети болуп саналат.
91. Объекттерди курууну жана реконструкциялоону мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен каржылоодо долбоордук-сметалык документацияга мамлекеттик экспертиза жүргүзүү зарыл. Ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн объекттер үчүн сметалык документацияга гана экспертиза жүргүзүү талап кылынат.
92. Долбоордук документацияга жана анын айрым бөлүмдөрүнө экспертиза жүргүзүү төмөнкүлөрдүн шайкештигин баалоону камтыйт:
1) конструкциялык чечимдерге, инженердик тармактарга жана жабдууларга карата ченемдик талаптарга долбоордук чечимдер;
2) инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына долбоордук чечимдер;
3) эсептөөлөрдүн колдонуудагы эсептөө ыкмаларынын талаптарына ылайык наркы.
93. Долбоордук-сметалык документация милдеттүү мамлекеттик экспертизага жатат:
1) капиталдык оңдоону кошпогондо, мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бардык объекттерди куруу жана башка өзгөртүүлөр үчүн;
2) менчик формасына карабастан тобокелдик фактору жогорулаган (I категория) объекттер үчүн.
94. Документацияны кабыл алуу жана комплекстүү экспертизаны уюштуруу тартиби ушул Жобо жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү жана ушул Жобонун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Регламент менен белгиленет.
95. Инженердик-геологиялык, гидрогеологиялык, топурактык, сейсмикалык жана климаттык шарттары окшош аймактарда жайгаштырылган шартта мурда экспертизанын оң корутундусун алган кайталап колдонулуучу долбоордук чечимдердин негизинде объекттерди курууда долбоордук документацияга экспертиза талап кылынбайт. Мындай долбоордук документацияга өзгөртүүлөр киргизилген учурда экспертизага өзгөртүлгөн бөлүмдөр гана жатат.
96. Архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган ченемдик-техникалык базанын негизинде чет өлкөлүк долбоордук уюм тарабынан иштелип чыккан долбоордук документацияга экспертиза, эгерде бар болсо, эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын шарттарын эске алуу менен аны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ченемдик-техникалык документтерине ылайык келтиргенден кийин жүргүзүлөт.
97. Долбоордук документацияга экспертиза акы төлөнүүчү негизде ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик монополияга каршы орган менен макулдашылуучу баалар боюнча жүргүзүлөт. Комплекстин курамына кирген жана көлөмдүк-пландоо, функционалдык, конструкциялык чечимдери жана инженердик-техникалык камсыздоосу бирдей болгон имараттарга же курулмаларга экспертиза жүргүзүлгөн учурда төлөө бир гана имарат же курулма үчүн жүргүзүлөт.
98. Объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууда долбоордук документацияга экспертиза курулуш өндүрүшүнүн технологиясын, ошондой эле курулуштун кезектүүлүгүн жана ишке киргизүү комплекстерин эске алуу менен заказчынын тиешелүү арызынын негизинде жүргүзүлөт.
99. Турак жай жана коомдук имараттар, ошондой эле өндүрүштүк объекттер үчүн долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу аянты 1000 жана андан ашык чарчы метр болгон объекттерде жол берилет.
100. Көрсөтүлгөн объекттерде долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууда долбоордук документацияга экспертиза эки этапта жүргүзүлөт:
1) «Конструкциялык чечимдер», «Технологиялык чечимдер» жана ички инженердик камсыздоо бөлүмдөрүнө экспертиза жүргүзүү. Ички инженердик камсыздоо бөлүмдөрү экинчи этапта берилиши мүмкүн.
2) Биринчи этаптын бөлүмдөрү менен байланышкан сырткы инженердик тармактардын долбоордук документациясына экспертиза жүргүзүү.
101. Ушул Жобонун 100-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер үчүн долбоордук документтердин шаар куруу корутундусунун талабы болуп саналган коопсуздук нормаларына ылайык келүүсү долбоордук документтерди макулдашууда аныкталат. Өрт-техникалык экспертиза долбоордук документтердин бардык зарыл бөлүмдөрү боюнча алар берилген сайын жүргүзүлөт, ал эми экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза - экинчи этапта жүргүзүлөт.
102. Линиялуу объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууда долбоордук документацияга экспертиза шаар куруу корутундусунда же долбоорлоого тапшырмада каралган кезектерди жана ишке киргизүү комплекстерин эске алуу менен жүргүзүлөт.
103. Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каржылануучу объекттердин долбоордук документациясынын сметалык бөлүгүнө экспертиза экинчи этапта же объект боюнча документация даяр болгон сайын жүргүзүлөт.
104. Экспертиза жүргүзүү процессинде эксперттик уюм аныкталган эскертүүлөрдү жана кемчиликтерди ыкчам четтетүү үчүн долбоордун жана сметалык документациянын иштеп чыгуучусун тартууга укуктуу.
105. Эскертүүлөрдү четтетүү зарыл болгон учурда эксперттик уюм заказчыга эскертүүлөрдү көрсөтүү менен тиешелүү кат жөнөтөт.
106. Эскертүүлөр четтетилгенден кийин долбоордук документация мурдагы эскертүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдүн сүрөттөлүшүн тиркөө менен кайталап экспертизага берилет.
107. Кайталап экспертиза ушул Жобонун 20-пунктунда каралган мөөнөттөрдө өзгөртүүлөр киргизилген долбоордук документациянын бөлүмдөрү боюнча гана жүргүзүлөт.
108. Оңдолгон долбоордук документация отуз жумушчу күндөн ашык мөөнөттө берилбеген учурда анын ченемдик-техникалык талаптарга шайкеш келбегендиги жөнүндө корутунду таризделет.
109. Мурда ченемдик талаптарга шайкеш келбеген деп табылган долбоордук-сметалык документацияга экспертиза жалпы негиздерде биринчи жолу берилгендей жүргүзүлөт.
110. Мурда ченемдик талаптарга шайкеш келбеген деп табылган долбоордук-сметалык документацияны кайталап берүүдө заказчы баштапкы экспертизанын наркынын 20%ын төлөйт. Терс экспертизага кайталап төлөө документацияны кайталап берүүнүн санына жана ал боюнча терс корутундулардын санына карабастан бир жолу жүргүзүлөт.
111. Долбоордук документацияга көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерге таасир этпеген, ошондой эле инженердик-техникалык камсыздоого жүктөмдөрдүн көбөйүшүнө байланышпаган өзгөртүүлөр киргизилген учурда, макулдашуудан жана экспертизадан өткөндөн кийин мындай өзгөртүүлөр заказчы тарабынан долбоордун автору жана шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
112. Макулдашуудан жана экспертизадан өткөндөн кийин көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдер өзгөргөн учурда заказчы долбоордук документацияны өзгөртүүлөр киргизилген бөлүмдөр бөлүгүндө кайталап макулдашууга жана экспертизага ушул Жобонун 6 жана 7-главаларында каралган тартипте берет. Эгерде үч жылдын ичинде курулуш башталбаган долбоордук документацияга көрсөтүлгөн мезгил ичинде ченемдик-техникалык же долбоордук документацияга өзгөртүүлөр киргизилсе же инженердик камсыздоого болгон муктаждык өзгөрсө, кайталап экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш.
8-бөлүм. Объектти инженердик тармактарга технологиялык кошуу
113. Объектти инженердик тармактарга технологиялык кошуу заказчы менен инженердик-техникалык кызматтардын ортосунда инженердик-техникалык шарттардын негизинде түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
114. Объектти инженердик тармакка кошуу чекити курулуш объектисинин кабыл алуучу түзүлүштөрүнөн 100 метрден (радиуста) ашпоого тийиш.
115. Курулуш объектиси курулуш-монтаждоо иштери аяктаганга чейин инженердик тармактарга кошулууга тийиш.
116. Сырткы инженердик тармактардын курулушу аяктагандан кийин аткарылган сүрөткө тартуу жүргүзүлөт, ал шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органга жана инженердик-техникалык кызматтарга берилет.
9-глава. Объектти курууну баштоо үчүн негиздер
117. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер боюнча комплекстүү мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу объектти Курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү үчүн негиз болуп саналат.
118. Ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер боюнча шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан макулдашылган долбоордук документация курулуш-монтаждоо иштерин же орнотууну баштоо үчүн негиз болуп саналат.
119. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер боюнча шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилген шаар куруу корутундусу курулуш-монтаждоо иштерин же орнотууну баштоо үчүн негиз болуп саналат.
120. Курулуп жаткан объекттердин реестрин архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык башкармалыктары жүргүзөт.
121. Заказчы долбоордук документацияга экспертизанын оң корутундусун алган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде автордук жана техникалык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн долбоордун автору жана инженер-консультант (техникалык көзөмөл) менен келишим түзүүгө милдеттүү.
122. Объектти Курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү үчүн заказчы архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тиркөө менен арыз берет:
1) жер тилкесине укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтин көчүрмөсү, ошондой эле болгон учурда жер тилкесинде жайгашкан кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык паспорттун көчүрмөсү;
2) эгерде заказчы жеке жак болуп саналса - заказчынын паспортунун көчүрмөсү (түп нускасы салыштыруу үчүн берилет), ошондой эле үчүнчү жак тарабынан көрсөтүлгөн учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү жана ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;
3) эгерде заказчы юридикалык жак болуп саналса - юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү, ошондой эле ишеним каттын көчүрмөсү жана ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;
4) эскиздик долбоордун көчүрмөсү;
5) шаар куруу корутундусунун жана инженердик-техникалык шарттардын көчүрмөсү;
6) макулдашылган долбоордук документациянын көчүрмөсү жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусунун көчүрмөсү;
7) лицензияларды жана сертификаттарды тиркөө менен автордук жана техникалык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга келишимдердин көчүрмөлөрү.
123. Архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курулуш объектисин Курулуп жаткан объекттердин реестрине 5 жумушчу күндүн ичинде киргизет.
124. Курулуш объектисин Курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү курулуш-монтаждоо иштерин аткарууну баштоо үчүн негиз болуп саналат.
125. Ушул Жобонун 122-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү курулуш аянтында сакталууга жана ыйгарым укуктуу органдын же архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын биринчи талабы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш.
126. Курулуш объектисине менчик укугу үчүнчү жакка өткөн учурда, ошондой эле объектти токтото туруу же консервация учурунда арыз ээси чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү.
127. Кыргыз Республикасынын аймагында тургузулуп жаткан курулуш объекттери архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контролго, автордук жана техникалык көзөмөлгө жатат.
10-бөлүм. Пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин ылайыктуулугун баалоо
128. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер боюнча курулуш-монтаждоо иштери аяктагандан кийин объект архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ылайыктуулугу бааланууга тийиш.
129. Ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн объекттер боюнча пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин ылайыктуулугун баалоо ыктыярдуу тартипте жүргүзүлөт.
130. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо үчүн заказчы курулуш-монтаждоо иштери аяктагандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тиркөө менен арыз жөнөтөт:
1) курулуштун жана жанаша аймакты көрктөндүрүүнүн бардык этаптарынын аяктагандыгын жана кабыл алынгандыгын ырастаган актылар, автордук көзөмөлдүн жана иш өндүрүшүнүн журналдары;
2) аткарылган техникалык документация, анын ичинде аткарылган сүрөткө тартуулар жана жашыруун иштердин актылары;
3) объекттин инженердик-техникалык тышкы камсыздоо тармактарына кошулгандыгы жөнүндө тиешелүү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген ырастоолор;
4) лифттерди жана эскалаторлорду сыноо актылары, тиешелүү уюмдар тарабынан берилген;
5) монтаждалган инженердик-технологиялык жабдууларды сыноо актылары;
6) заказчы жана башкы подрядчы тарабынан кол коюлган аткарылган иштердин наркы жөнүндө маалымкат;
7) өрттү табуу жана өчүрүү боюнча автоматтык системаларды кабыл алуу актылары, долбоордук чечимдерге шайкештигин ырастаган.
131. Ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо үчүн заказчы архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тиркөө менен арыз жөнөтөт:

2) жеке жактар үчүн - заказчынын паспортунун көчүрмөсү (түп нускасы салыштыруу үчүн берилет), үчүнчү жак тарабынан көрсөтүлгөн учурда - нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү жана ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;
3) юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү, ошондой эле ишеним каттын көчүрмөсү жана ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;
4) шаар куруу документациясынан көчүрмөлөр (болгон учурда);
5) эскиздик долбоордун көчүрмөсү;
6) шаар куруу корутундусунун көчүрмөсү;
7) инженердик-техникалык шарттардын көчүрмөсү;
8) макулдашылган долбоордук документациянын көчүрмөсү;
9) объекттин инженердик-техникалык тышкы камсыздоо тармактарына кошулгандыгы жөнүндө тиешелүү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген ырастоо.
132. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо үчүн заказчы архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди тиркөө менен арыз жөнөтөт:

8) объекттин инженердик-техникалык тышкы камсыздоо тармактарына кошулгандыгы жөнүндө тиешелүү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген ырастоо.
133. Заказчы пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо үчүн берилүүчү документтердеги маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
134. Пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин долбоордук документацияга жана техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугун баалоо арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
135. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер үчүн пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин ылайыктуулугун баалоонун жыйынтыктары боюнча пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин ылайыктуулук актысы берилет, ага төмөнкүлөр кол коет:
1) заказчы;
2) долбоордун автору;
3) инженер-консультант (техникалык көзөмөл);
4) башкы подрядчы;
5) субподряддык уюмдар (болгон учурда);
6) архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы.
136. Пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештик актысын архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет.
137. Пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештик актысынын формасын ыйгарым укуктуу орган бекитет жана ушул Жобонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
138. Пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин бекитилген шайкештик актысы аны эксплуатациялоо жана кыймылсыз мүлк объектисине укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн негиз болуп саналат.
139. Ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн объекттер үчүн пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоонун жыйынтыктары боюнча курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө ырастоо берилет, ага төмөнкүлөр кол коет:
1) заказчы;
2) долбоордун автору - ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн объекттер үчүн;
3) архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы.
140. Курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө ырастоону архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет.
141. Курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө ырастоонун формасын ыйгарым укуктуу орган бекитет жана ушул Жобонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
142. Курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө бекитилген ырастоо кыймылсыз мүлк объектисине укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн негиз болуп саналат.
143. Архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курулушу аяктаган объекттер жөнүндө маалыматты статистика органдарына, шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органга, ошондой эле жергиликтүү каттоо органына ай сайын жөнөтүп турат.
11-бөлүм. Объектке жанаша жайгашкан муниципалдык аймакты көрктөндүрүү
144. Курулуш объектисине жанаша жайгашкан муниципалдык аймакты шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган аныктайт жана милдеттүү кошумча көрктөндүрүү зонасы болуп эсептелет.
145. Көрктөндүрүү долбооруна, меймандардын авто коюу жайы жана жергиликтүү өтмөктөрдү уюштурууга карата талаптар шаар куруу корутундусу менен белгиленет.
146. Объектти куруу мезгилинде курулуш тилкесине жанаша жайгашкан муниципалдык аймак, милдеттүү кошумча көрктөндүрүү аймагы жер тилкесин кошумча тариздөөсүз заказчы тарабынан курулуштун башкы планына ылайык пайдаланылышы мүмкүн.
147. Куруучу тарабынан көрктөндүрүлгөн жанаша аймак андан ары күтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет.
12-бөлүм. Ушул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
148. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган шаар куруу корутундусун өз убагында жана талаптагыдай берүү, инженердик-техникалык шарттарды түзүү, ошондой эле долбоордук документацияны макулдашууну жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат.
149. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган шаар куруу жана архитектура жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
150. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар корутундуларды, уруксаттарды же техникалык шарттарды өз убагында жана талаптагыдай берүү, ошондой эле инженердик-техникалык тармактарга кошууну камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. Аларды берүүдөн негизсиз баш тарткан жана (же) заказчыга зыян келтирилген учурда жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте келип чыгат.
151. Ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн экспертизанын мамлекеттик органдары долбоордук документацияга мамлекеттик экспертизаны өз убагында жүргүзүү жана белгиленген тартипте корутундуларды берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
152. Долбоорлоого жана курууга карата ченемдик талаптарды, ошондой эле ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн долбоордук жана курулуш уюмдары, долбоорлордун жетекчилери жана аткаруучулары, курулуш-монтаждоо иштерин өндүрүүчүлөр, эксперттер, инспекциялык контролдоо органдарынын кызматкерлери, инженер-консультанттар жана автордук көзөмөлдүн өкүлдөрү архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
153. Ушул Жободо көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан берилген уруксат берүүчү документация шаар куруу корутундуларын, долбоордук документацияны макулдашууну, мамлекеттик экспертизанын корутундусун жана курулуп жаткан объекттердин реестрине жазууну кошуу менен шайкеш келбеген учурда ыйгарым укуктуу орган «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте көрсөтүлгөн документацияны жокко чыгарууга (кайтарып алууга) укуктуу.
|
| 1-Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-нпа буйругуна) |
Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү жана пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө
Жобо
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 102-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү жана пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө ушул Жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Кыргыз Республикасынын Шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы жеке турак жай курулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү, ошондой эле пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартибин «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча белгилейт.
2. «Бирдиктүү терезе» принциби шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн борбордук мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, инженердик-техникалык кызматтар, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына карабастан жеке жана юридикалык жактар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү төмөнкү процессте координациялоо жолу менен ишке ашырылат:
− объектти долбоорлоо шарттарын аныктоочу документтерди даярдоо жана берүү;
− долбоордук документтерди макулдашуу;
− долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү;
− пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо.
3. Кыймылсыз мүлк объекттерин курууга жана башка курулуштук өзгөртүүлөргө жер мамилелери, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жер тилкелерине жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдалануу укуктары бар жеке жана юридикалык жактар укуктуу.
4. Ушул Жободо, ошондой эле уруксат берүүчү документтерди берүү процессинде төмөнкү терминдер колдонулат:
автордук көзөмөл – аткарылчу курулуш-монтаждоо жумуштарынын долбоордук чечимдерге ылайыктыгын контролдоо, аны долбоордун түзүүчүлөрү курулуштун бүткүл мезгилинде жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алууда ишке ашырышат.;
архитектуралык-шаар куруу кеңеши (АШК) – шаар куруучу, өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттерди долбоорлоо жана куруу маселелерин чечүү үчүн түзүлгөн туруктуу иштеген коллегиалдуу орган, анын курамы жана ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет;
архитектуралык-техникалык кеңеш (АТК) – курулуш, инженердик камсыздоо жана курулуш ченемдери маселелерин стратегиялык чечүү үчүн түзүлгөн туруктуу иштеген коллегиалдуу орган, анын курамы жана ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет;
афрейм – көбүнчө кыска мөөнөттүү жашоо, туризм жана эс алуу үчүн арналган, туурасынан кесилишинде «А» тамгасын түзгөн эки жантайма чатыры бар, үч бурчтук формасындагы жеңил конструкциялардан жасалган каркастуу имарат;
банкомат – жеке адамдардын банктык операцияларга, анын ичинде накталай акча каражаттарын берүүгө, төлөмдөрдү кабыл алууга, банктык эсептерди толуктоого, ошондой эле аппараттын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык башка финансылык кызматтарды көрсөтүүгө аралыктан жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу автоматташтырылган түзүлүш болгон жеңилдетилген типтеги объект;
барнхаус – жөнөкөй тик бурчтуу формалары, жантайма чатыры жана минималисттик жасалгасы бар сарай архитектурасы стилинде жасалган жеңил конструкциялардан жасалган турак жай же туристтик имарат;
жашылдандыруу – аймакты курулушка жарактуу абалга келтирүү, белгиленген максатта нормалдуу пайдалануу, калктын жашоосу үчүн сергек, ыңгайлуу жана маданий шарттарды түзүү максатында жүзөгө ашырылуучу иштердин (аймакты инженердик даярдоо, жолдорду куруу, коммуникациялык тармактарды жана суу менен камсыздоо, канализация, энергия менен камсыздоо ж.б. курулмаларын өнүктүрүү боюнча) жана иш-чаралардын (аймакты тазалоо, кургатуу жана жашылдандыруу, микроклиматты жакшыртуу, аба бассейнин, ачык суу объектилерин жана топуракты булгануудан коргоо, санитардык тазалоо, ызы-чуунун деңгээлин төмөндөтүү ж.б.) жыйындысы;
блоктолгон турак үй – ар биринин көчөдөн өзүнчө кире бериши бар эки же андан көп квартирадан турган аз кабаттуу турак үй, мында квартиралар бири-бирине каптал дубалдары менен жана алардын ортосунда өтмөгү жок жанаша жайгашкан блоктордо жайгаштырылат, ар бир блок өзүнчө жер тилкесинде жайгашат жана үйгө жакын жайгашкан жер тилкесине түздөн-түз чыгууга ээ;
вендинг аппараты – сатуучунун катышуусу жок товарларды сатуу жана (же) кызматтарды көрсөтүү үчүн автоматташтырылган түзүлүш болгон жеңилдетилген типтеги объект, анын ичинде суусундуктарды, тамак-аш азыктарын, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жана башка майда чекене ассортиментти сатуу;
водомат – акы төлөнүүчү же акысыз негизде иштеген, керектөөчүлөргө ичүүчү сууну берүүгө арналган автоматташтырылган түзүлүш болгон жеңилдетилген типтеги объект;
башкы долбоорлоочу – инвестор же заказчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документтерди иштеп чыгуу боюнча иштерди аткаруучу тиешелүү лицензиясы бар долбоордук уюм;
глэмпинг – мейманканалык тейлөөгө мүнөздүү болгон жогорку деңгээлдеги комфорт менен салттуу кемпингдин шарттарын айкалыштырган жана көчмө, жеңил же убактылуу конструкцияларды пайдаланууга негизделген, ачык асман алдында эс алуучуларды убактылуу жайгаштыруунун уюштурулган формасы болгон жеңил конструкциялардан жасалган объект;
мамлекеттик жана муниципалдык органдар – Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, ченемдик-техникалык документтеринде жана ыйгарым укуктуу органдын буйруктарында каралган корутундуларды же уруксаттарды берүүчү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контролдоо (көзөмөл) – мамлекеттик экспертизадан өткөн долбоордук документтердин талаптарына аткарылуучу курулуш иштеринин шайкештигин текшерүү жолу менен курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын, сейсмикалык туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылуучу контролдоо (көзөмөл);
шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган – шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу борбордук мамлекеттик органдын түзүмүнө кирген, аймактык башкармалыктары бар ведомстволук бөлүм, шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу;
шаар куруу документациясы – калктуу конуштардын пландаштыруу структурасынын райондук пландаштыруу документтери, башкы пландары, кварталдарды, шаар куруу түйүндөрүн жана башка элементтерин чектөөнүн жана куруунун толук пландаштыруу долбоорлору;
шаар куруу корутундусу – бул архитектура жана шаар куруу органдары тарабынан берилүүчү, курулушка, инженердик тармактарга кошулууга архитектуралык шарттарды жана талаптарды, ошондой эле тексттик жана графикалык материалдарды, анын ичинде чек араларын, инженердик тармактарды жана шаар куруу регламенттерин көрсөтүү менен жер тилкесинин схемасын камтыган укук белгилөөчү документ;
шаар куруу регламенти – шаардагы жана айылдагы калктуу конуштарда жер участокторду жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин куруунун жана пайдалануунун шаар куруу документтеринде белгиленген параметрлеринин жана түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу ишин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттериндеги жол берилчү өзгөртүүлөрдүн жыйындысы;
шаар куруучу объекттер – калктуу конуштарда архитектуралык-пландоо жана мейкиндиктик композициянын бирдиктүү курулушун түзүүчү, анын ичинде өлчөмдүүлүгү жана масштабы, көлөмү, түзүмү, стили, түстүк чечими менен бириктирилген курулуп жаткан жана курууга болжолдонгон имараттар жана курулмалар;
демонтаж – имараттын же курулманын конструкцияларын кайрадан колдонуу максатында мүмкүн болушунча сактоону болжолдогон этабы менен ажыратуу;
заказчы – өзүнө таандык же ага берилген жер тилкесинде капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоону жана курууну, реконструкциялоону, учурдагы объекттерди капиталдык оңдоону, ошондой эле аларды куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо үчүн инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, долбоордук документацияны даярдоону камсыз кылуучу жеке же юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, тиешелүү адистештирилген уюмдар менен келишимдерди түзүү жолу менен өзүнүн жана башка каражаттарды пайдалануу;
жеңил конструкциялардан жасалган имараттар жана курулмалар – каркасынын негизи металл же жыгач конструкциялар болуп саналган тез курулуучу капиталдык курулуш объекттери;
жеке турак үй – жеке турак жай курулушу үчүн берилген жер тилкесинде курулган, анын менчик ээлери же пайдалануучулары жашоо үчүн пайдаланган жекече аныкталган турак жай имараты;
инженердик-техникалык кызматтар – долбоорлонуп жаткан курулуш объекттерин электр менен камсыздоону, жылуулук менен камсыздоону, газ менен камсыздоону, суу менен камсыздоону жана сууну чыгарууну (канализацияны), ирригация менен камсыздоо ошондой эле телефонизацияны жана байланыштын башка түрлөрүн камсыз кылуучу уюмдар;
инженердик-техникалык шарттар – объектти тармактарга кошуунун жана инженердик-техникалык жактан камсыздоонун жана инженердик коммуникацияларды алып чыгуунун шарттары жана схемалары;
имараттарды жана курулмаларды инженердик-техникалык жактан камсыздоо – адамдардын жашоо-турмушунун, материалдык баалуулуктардын сакталышынын жана өндүрүштүк процесстердин нормативдик шарттарын камсыз кылуучу инженердик тармактардын, системалардын, курулмалардын жана техникалык түзүлүштөрдүн комплекси;
инженердик-техникалык изилдөө – изилдөө объектисинин техникалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуу жана техникалык корутундуну иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон иштердин комплекси;
капиталдык оңдоо – имараттын же курулманын курулуш конструкцияларынын жана инженердик системаларынын физикалык жана моралдык эскиришин четтетүүгө, ошондой эле анын эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн жана функционалдык багытын колдоого багытталган иштердин комплекси;
линиялуу объекттерди капиталдык оңдоо – линиялуу объекттердин же алардын участокторунун классын, категориясын, белгиленген иштөө көрсөткүчтөрүн өзгөртпөстөн жана бөлүү тилкелеринин жана (же) коргоо зоналарынын чектерин оңдоонун зарылдыгы жок өзгөртүү;
долбоордук документацияга комплекстүү экспертиза жүргүзүү – долбоордук документациянын бардык түрлөрүнө бир эле учурда экспертиза жүргүзүү жана заказчынын ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик экспертиза органы же мамлекеттик эмес эксперттик уюм тарабынан камсыздалган «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча бир жерден зарыл болгон экспертизалардын бардык түрлөрү боюнча корутундуларды алуу мүмкүнчүлүгү;
линиялуу объекттер – линиялуу объекттер – электр берүүчү, байланыш линиялары (анын ичинде линиялуу-кабелдик курулмалар), түтүк өткөргүчтөр, мелиорация каналдары, дренаждык коллекторлор, селден коргоочу дамбалар, автомобиль жолдору, темир жол линиялары жана башка көмөкчү курулмалар;
капиталдык эмес курулуштар жана курулмалар – бул жер менен бекем байланышы жок, конструкциялык мүнөздөмөлөрү алардын ордун которууга жана (же) андан ары чогултуу менен демонтаждоого мүмкүнчүлүк берген жана негизги параметрлерин өзгөртпөстөн, анын ичинде күркөлөр, чатырлар, заводдо даярдалган модулдук имараттар, бетон аралаштыруучу жана асфальтбетон орнотмолору, аттракциондор жана кыймылсыз мүлк болуп саналбаган башка ушул сыяктуу объекттер болгон жеңилдетилген типтеги курулуштар, курулмалар жана объекттер;
ченемдик-техникалык документтер – белгиленген тартипте бекитилүүчү курулуш ишмердүүлүгүнүн ар кандай түрлөрүнө же алардын натыйжаларына тиешелүү ченемдерди жана эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү белгилөөчү документтер;
капиталдык курулуш объектиси – кыймылсыз мүлк болуп саналбаган капиталдык эмес курулуштарды жана курулмаларды кошпогондо, жер менен бекем байланышкан имарат, курулуш же курулма;
курулуш объектиси – курулуп жаткан имарат, курулма же имараттардын жана курулмалардын комплекси;
архитектуралык кичи формалардын объекттери – жасалгалык-монументалдык искусствонун объекттери (стеллалар, эстеликтер, аркалар), фонтандар, жасалгалык тосмолор, анын ичинде жарнамалык конструкциялар жана дизайндын жана көрктөндүрүүнүн башка элементтери;
жеңилдетилген типтеги объекттер – көчмө жана көчүрмө чатырлар, күркөлөр, текчелер, павильондор, жайкы аянтчалар, чатырлар, суусундуктарды сатуучу көчмө (мобилдик) түйүндөр, коомдук тамактануучу көчмө түйүндөр жана бийиктиги 3 метрге чейинки башка курулуштар жана курулмалар, ошондой эле бийиктиги 8 метрге чейинки жарнамалык конструкциялар, кыймылсыз мүлк объекттери болуп саналбайт жана жайгаштырууга жол берилет;
өзгөчө татаал жана уникалдуу курулуш объекттери – долбоордук документтеринде физикалык же геометриялык сызыктуу эмес параметрлер эске алынган стандарттуу эмес эсептөө методдору колдонулган конструкциялардын жана конструкциялык системалардын болушу каралган же иштеп чыгууда эсептөөнүн атайын методдору колдонулчу капиталдык курулуш объекттери.
пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо – курулушу аяктаган объекттин техникалык регламенттердин жана долбоордук документациянын талаптарына ылайыктуулугун ырастоо;
кайра пландоо – кыймылсыз мүлк объектисинин (имараттардын, курулмалардын, жайлардын же алардын айрым бөлүктөрүнүн) учурдагы пландоо чечимдерин өзгөртүү;
кайра профилдөө – имараттардын же жайлардын функционалдык багытын өзгөртүү;
төлөм терминалы – оператордун катышуусу жок төлөмдөрдү кабыл алууга, акча каражаттарын которууга, ошондой эле башка финансылык операцияларды жүзөгө ашырууга арналган өзүн-өзү тейлөөчү электрондук түзүлүш болгон жеңилдетилген типтеги объект;
кайталап колдонулуучу долбоор – экспертизанын оң корутундусун алган жана багыты жана долбоордук кубаттуулугу боюнча окшош капиталдык курулуш объектисин куруу үчүн долбоордук документацияны иштеп чыгууда толук же жарым-жартылай пайдаланууга жарактуу капиталдык курулуш объектисинин долбоордук документациясы;
жанаша курулуш – бул анын функционалын же аянтын кеңейтүү үчүн негизги имаратка жанаша курулган кошумча жай же курулуш;
долбоордук документация – курулуш объекттерин жана/же алардын бөлүктөрүн курууну, реконструкциялоону же башка өзгөртүүлөрдү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон архитектуралык, функционалдык-технологиялык, конструкциялык жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктоочу графикалык, долбоордук жана тексттик документтердин жыйындысы;
курулуп жаткан объекттердин реестри – курулуш стадиясында турган курулуш объекттери жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү жалпыга жеткиликтүү электрондук маалымат базасы, анын ичинде жайгашкан жери, заказчынын аталышы, башкы подрядчы жана субподряддык уюмдар, техникалык жана автордук көзөмөл, жумушчулардын өндүрүүчүсү, берилген уруксат берүүчү документация, шаар куруу жана архитектура органдарында макулдашуу датасы менен долбоордук документация, мамлекеттик экспертизанын оң корутундусунун реквизиттери, инженердик-техникалык тармактардын болушу жана каржылоо булагы, ошондой эле долбоордук уюмдун, башкы подрядчынын жана субподряддык уюмдардын лицензияларынын реквизиттери;
реконструкциялоо (кеңейтүү) – ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерин, технологиялык жана инженердик жабдууларын өзгөртүү;
линиялуу объекттерди реконструкциялоо – эксплуатациянын натыйжалуулугун жогорулатуу, заманбап стандарттарга шайкеш келтирүү же кызмат өтөө мөөнөтүн узартуу максатында линиялуу объекттердин инфраструктурасын жакшыртууга, модернизациялоого же кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдүн процесси, ал линиялуу объекттердин же алардын участокторунун классын, категориясын жана (же) баштапкы белгиленген иштөө көрсөткүчтөрүн өзгөртүүгө алып келүүчү параметрлерин өзгөртүүнү камтыйт, ошондой эле бөлүү тилкелеринин жана (же) коргоо зоналарынын чектерин өзгөртүүнү талап кылышы мүмкүн;
капиталдык курулуш объекттерин реконструкциялоо, линиялуу объекттерди кошпогондо – капиталдык курулуш объектисинин же анын бөлүктөрүнүн параметрлерин өзгөртүү, мисалы, бийиктиги, кабаттуулугу, аянты, көлөмү, анын ичинде курулманын үстүнө куруу, кайра куруу, кеңейтүү, ошондой эле көтөрүүчү курулуш конструкцияларын алмаштыруу же калыбына келтирүү, конструкциянын айрым элементтерин окшош же конструкциянын көрсөткүчтөрүн жакшыртуучу элементтерге алмаштырууну жана аларды калыбына келтирүүнү кошпогондо;
бузуу – аймакты андан ары пайдалануу үчүн бошотуу же реконструкциялоо максатында имараттарды, курулмаларды, конструкцияларды же алардын бөлүктөрүн талкалоо же алып салуу процесси;
долбоордук документацияны макулдашуу – долбоордук документациянын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана ченемдик-техникалык документтеринин талаптарына шайкештигин баалоо;
курулма – жер үстүндөгү, жерден жогору же жер астындагы бөлүктөрдү камтыган сызыктуу, жалпак же көлөмдүү типтеги аяктаган курулуш объектиси, анын курамына көтөрүүчү, ал эми айрым учурларда тосмо конструкциялар кирет, мисалы, плотиналар, жолдор, телемунаралар, стадиондор, автопарктар, вокзалдар, инженердик-техникалык курулмалар, мисалы, электр берүү линиялары, жылуулук электр борборлору, түтүк өткөргүчтөр, кабелдик жана радиого берүүчү байланыш линиялары;
курулуш авариясы – курулуш объектисинин же анын бөлүгүнүн курулуш процессинде же эксплуатациялоодо күтүлбөгөн жерден көзөмөлсүз бузулушу;
курулуш аянты – курулуп жаткан объектти жайгаштыруу жана имараттарды жана курулмаларды тургузуу процессинде пайдаланылуучу машиналарды, материалдарды, конструкцияларды, өндүрүштүк жана санитардык-тиричилик жайларын жана коммуникацияларды жайгаштыруу үчүн белгиленген тартипте бөлүнгөн аймак;
курулуш-монтаждоо иштери – имараттарды, курулмаларды, инженердик-техникалык жактан камсыздоо тармактарын, ошондой эле линиялуу объекттерди тургузууда аткарылуучу иштердин комплекси;
курулуштун башкы планы – курулуш аянтын уюштурууну регламенттөөчү курулушту уюштуруу долбоорунун бөлүгү;
техникалык көзөмөл – курулуш өндүрүшүнүн технологиясынын сакталышын камсыз кылуу, аткарылуучу иштердин жана колдонулуучу материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын курулуш долбоорунун жана колдонуудагы ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу максатында көз карандысыз инженер-консультант (консультациялык фирма) тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш-монтаждоо иштеринин сапатына үзгүлтүксүз контролдук;
техникалык регламент – Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим (макулдашуу), продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (изилдөөлөрдү кошуу менен), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо, утилдештирүү процесстерине карата колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү талаптарды белгилөөчү мыйзам же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому, ошондой эле белгиленген талаптарга алардын шайкештигин баалоонун формалары жана жол-жоболору;
технологиялык кошуу – тиешелүү ресурстун зарыл болгон кубаттуулугун кошуу чекитинде (чекиттеринде) камсыз кылуу үчүн инженердик-техникалык жана уюштуруучулук иш-чаралардын комплекси;
типтүү долбоор – курулуштун конкреттүү шарттарына байлоо менен көп жолу колдонууга арналган ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте бекитилген долбоордук документация;
кошуу чекити – бул курулуш объектисине же жер тилкесине коммуникациялардын схемасына ылайык эң жакын болгон, курулуп жаткан (реконструкцияланып жаткан) объектти электр менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, сууну чыгаруу (канализация), ирригация менен камсыздоо ошондой эле телефонизация жана байланыштын башка түрлөрү тармактарына кошуу үчүн зарыл болгон түзүлүштөр жана курулмалар менен инженердик-техникалык жактан камсыздоо тармактарынын кошулуучу жери, курулуш объектисинен 100 метрден ашпаган аралыкта;
долбоордук документацияга экспертиза жүргүзүү – долбоордук документациянын бөлүмдөрүнүн долбоордук-техникалык чечимдеринин ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келүүсүн же шайкеш келбесин баалоо;
автомобилдер үчүн электр кубаттоочу түзүлүш – коомдук же жеке аймактарда стационардык же убактылуу орнотулуучу электромобилдердин аккумулятордук батареяларын кубаттоого арналган техникалык каражат болгон жеңилдетилген типтеги объект;
пландоо түзүмүнүн элементи – шаардын же конуштардын аймагынын бир бөлүгү, шарттуу түрдө бөлүнгөн же жолдор, көчөлөр, өтмөктөр менен чектелген, мисалы, квартал, микрорайон, көчө;
аймакты көрктөндүрүү элементтери – жасалгалык, техникалык, пландоочу жана конструкциялык түзүлүштөр, өсүмдүк компоненттери, жабдуулардын жана жасалгалоонун ар кандай түрлөрү, архитектуралык кичи формалар, капиталдык эмес стационардык эмес курулмалар, сырткы жарнама жана көрктөндүрүүнүн ажырагыс бөлүгү катары колдонулуучу маалымат;
эскиздик план – трассалык чечимдерди, объекттин болжолдуу абалын жана инженердик тармактар жана башка элементтер менен кесилишүүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган, долбоорлоо үчүн баштапкы маалыматтарды макулдашуу жана даярдоо үчүн колдонулуучу жергиликтүү жерге линиялуу объектти жайгаштырууну негиздөөгө арналган алдын ала пландоо-графикалык документ;
эскиздик долбоор – көлөмдүк-пландоо чечимдерин, графикалык сүрөттөлүштөрдү, 1:500 масштабындагы башкы пландын схемасын жана инженердик тармактарга техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана жүктөмдөрдү эсептөөлөрү бар түшүндүрмө жазууну камтыган, ал болгон учурда шаар куруу документациясына ылайык иштелип чыккан концептуалдык архитектуралык-шаар куруу сунушу;
кабаттуулук – бул имараттын же курулманын бардык жер үстүндөгү, техникалык жана цоколдук кабаттарын кошуу менен кабаттарынын саны, мансарданы эске албаганда жана анын архитектуралык, курулуштук жана ченемдик мүнөздөмөлөрүнө таасир этүү менен анын өлчөмүн сүрөттөө үчүн колдонулат;
боз үй шаарчасы – салттуу боз үйдүн конструкциясынын негизинде жасалган жана негизинен туризм максатында, маданий иш-чараларды өткөрүү жана этнографиялык эс алууну уюштуруу үчүн сезондук же убактылуу жашоого арналган убактылуу же жеңилдетилген турак жай модулдарынын комплекси болгон жеңилдетилген типтеги объект.
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 102-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
2-бөлүм. Долбоорлоо үчүн документтерди алууну талап кылган курулуштун жана объекттердин башка өзгөрүүлөрүнүн түрлөрү
5. Курулуштун төмөнкү түрлөрүн жүзөгө ашырууда, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө заказчы уруксат берүүчү документтерди алуунун жалпы процессинен өтүүгө милдеттүү:
1) аянты 500 чарчы метрден ашык, ошондой эле бийиктиги 3 кабаттан ашык болгон учурдагы имараттарга жана курулмаларга кошумча курулуштар;
2) аянтына жана кабаттуулугуна карабастан өнөр жай багытындагы объекттер;
3) линиялуу объекттерди, инженердик тармактарды жана курулмаларды куруу жана реконструкциялоо объекттери;
4) аянты 1000 чарчы метр жана андан ашык, ошондой эле бийиктиги 3 кабаттан ашык болгон курулуш объекттери;
5) ушул Жободо көрсөтүлгөн объекттерди кошпогондо, курулуштун I, II жана III категорияларына тиешелүү курулуш объекттери;
6) көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен учурдагы объекттерди реконструкциялоо, кайра профилдөө, кайра куруу жана кайра пландоо.
6. Төмөнкү курулуш иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, заказчы документтерди жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу процедурасынан өтүүгө милдеттүү:
1) аянты 500 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги 3 кабаттан ашпаган, учурдагы имараттарга жана курулмаларга жанаша курулган кошумча курулуш объекттери;
2) фермердик, балык чарбасы же токой чарбасы үчүн арналган жер тилкелеринде жайгашкан, аянты 1000 чарчы метрге чейинки тез курулуучу (жеңил) конструкциялардан жасалган айыл чарба багытындагы объекттер;
3) фермердик, балык, токой чарбасын жүргүзүү үчүн арналган жер тилкелеринде, ошондой эле калктуу конуштардын чегинен тышкары рекреациялык зоналарда жайгашкан, жалпы аянты 200дөн 500 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги үч кабаттан ашпаган жеке турак үй жана чарбалык багыттагы курулуш объекттери;
4) жалпы аянты 200дөн 500 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги 3 кабаттан ашпаган жеке турак үй курулушунун объекттери;
5) аянты 1000 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги 3 кабаттан ашпаган курулуш объекттери;
6) автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу, анын ичинде ачык чатырдын астына жайгаштыруу;
7) жанаша аймактарга кире бериштерди, чыга бериштерди (өтмөктөрдү) уюштуруу, ошондой эле тротуарларды жана велосипед жолдорун куруу;
8) көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртпөстөн, учурдагы объекттерди кайра профилдөө жана кайра пландоо;
9) көрүүчүлөр үчүн трибуналарды орнотууну караштырбаган, тиешелүү инфраструктурасы бар тегиздик спорттук жана маданий курулмалар;
10) бийиктиги 3 метрден 8 метрге чейинки жеңил конструкциялардан жасалган жарнамалык конструкциялар;
11) бийиктиги 25 метрге чейинки байланыш курулмалары, техникалык жайлар жана коомдук, турак жай жана өндүрүштүк багыттагы имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо стадиясында милдеттүү инфраструктуралык элемент катары байланыш линиясы үчүн ыкчам жолдор;
12) башка капиталдык эмес курулуштар жана курулмалар.
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 102-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
7. Төмөнкү курулуш иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, заказчы документтерди өзгөчө (тездетилген) тартипте алуу процедурасынан өтүүгө милдеттүү:
1) жалпы аянты 200 чарчы метрден ашпаган жана бийиктиги эки кабаттан жогору эмес жеке турак үйдүн курулушу;
2) фермердик, балык, токой чарбасын жүргүзүү үчүн арналган жер тилкелеринде, ошондой эле калктуу конуштардын чегинен тышкары рекреациялык зоналарда жайгашкан, жалпы аянты 200 чарчы метрден ашпаган жана бийиктиги эки кабаттан жогору эмес жеке турак үйдүн курулушу;
3) бийиктиги 3 метрге чейинки жеңилдетилген материалдардан жасалган капиталдык эмес байланыш курулмаларын жана жарнамалык конструкцияларды орнотуу жана жайгаштыруу;
4) жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотуу жана жайгаштыруу;
5) жеңил конструкциялардан жасалган туризм жана эс алуу объекттерин, анын ичинде афреймдерди, барнхаустарды, глэмпингдерди, ошондой эле жеңилдетилген типтеги объекттерди – боз үй шаарчаларын орнотуу жана жайгаштыруу;
6) кичи архитектуралык формалардын объекттерине тиешелүү курулмаларды орнотуу жана жайгаштыруу;
7) автомобильдер үчүн электр кубаттоочу түзүлүштөрдү, сууматтарды, вендинг аппараттарын, төлөм терминалдарын жана банкоматтарды орнотуу жана жайгаштыруу.
8. Курулуштун жана кыймылсыз мүлк объекттеринин төмөнкү түрлөрү үчүн долбоорлоо, макулдашуу жана мамлекеттик экспертиза жүргүзүү үчүн документтерди алуу талап кылынбайт:
1) көлөмдүк-пландоо өзгөрүүлөрсүз мурда болгон объекттин өрттөн кийин курулушту калыбына келтирүү;
2) көлөмдүк-пландоо чечимдерин, көтөрүүчү конструкцияларды, инженердик-техникалык камсыздоону өзгөртпөстөн жана учурдагы жүктөмдөрдү көбөйтпөстөн, уруксат берилген пайдалануу түрлөрүнүн чегинде жайларды кайра профилдөө, парковка орундарын кошпогондо;
3) тарыхый-маданий мурастын кыймылсыз объекттеринин коргоо зоналарына, объекттердин коргоо зоналарына жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына таасир этпеген учурдагы жеке турак үйлөргө жайкы, турак жай жана турак жай эмес жайларды жанаша куруу;
4) бардык түрдөгү оңдоо жана жасалгалоо иштери, анын ичинде капиталдык оңдоо.
9. Эгерде заказчы ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн курулуш объекттеринин комплексин (мисалы, коттедж шаарчасы) бир жер тилкесинде долбоорлосо, анда мындай объекттердин ар бирине ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында белгиленген талаптар колдонулат.
3-бөлүм. Пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттерди долбоорлоо, куруу жана ылайыктуулугун баалоону жүзөгө ашыруу үчүн документтерди берүүгө ыйгарым укуктуу органдар
10. Шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу жана инженердик-техникалык шарттарды түзүү, ошондой эле долбоордук документацияны макулдашуу шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Комплекстүү экспертизаны долбоордук жана долбоордук-сметалык документацияга экспертиза жүргүзүү жаатында иш жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмү) камсыз кылат, мында:
1) курулуш ченемдерине жана эрежелерине шайкеш келүүсү боюнча долбоордук документацияга экспертизаны ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмү жүзөгө ашырат;
2) долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертизаны өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган жүргүзөт;
3) долбоордук документацияга экологиялык экспертизаны айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат;
4) долбоордук документацияга өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизаны өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты жана ченемдик укуктук жөнгө салууну иштеп чыгуу менен алектенген ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.
12. Пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоону архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык башкармалыктары жүзөгө ашырат.
13. Курулуш объектисин пайдаланууга киргизүү заказчы тарабынан пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо актысынын же курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө ырастоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
4-бөлүм. Долбоорлоо жана куруу үчүн документтерди берүүнүн негизги этаптары, мөөнөттөрү
14. Долбоорлоо жана куруу үчүн документтерди шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган жер тилкелерине укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин негизинде жана ыйгарым укуктуу органдын экспертиза боюнча мамлекеттик органы макулдашылган долбоордук документациянын негизинде «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча берет.
15. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүү төмөнкү ырааттуу тартипте жүзөгө ашырылат:
1) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан эскиздик долбоорду же эскиздик планды кароо;
2) зарыл болгон учурда – Архитектуралык-техникалык кеңештин жана (же) Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин кароосуна эскиздик материалдарды киргизүү;
3) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын корутундуларын (уруксаттарын), ошондой эле тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды чогултуу;
4) инженердик-техникалык кызматтар тарабынан техникалык шарттар берилген учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу;
5) заказчы тарабынан долбоордук документтерди иштеп чыгуу;
6) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтердин «Башкы план» жана «Архитектуралык чечимдер» бөлүмдөрүн макулдашуу;
7) долбоордук документтерге ишенимдүүлүк жана коопсуздук талаптарына (анын ичинде конструкциялык чечимдерге жана ички инженердик тармактарга) шайкештигин аныктоо үчүн жетиштүү болгон бөлүгүндө экспертиза жүргүзүү;
8) курулуп жаткан объекттердин реестрине объектти киргизүү жана курулуш-монтаждоо иштерин баштоо;
9) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан инженердик-техникалык шарттарды түзүү;
10) заказчы тарабынан долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүн иштеп чыгуу;
11) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүн макулдашуу;
12) долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүнө мамлекеттик экспертиза жүргүзүү;
13) курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо жана шайкештик актысын берүү;
14) объектти заказчы тарабынан пайдаланууга берүү.
16. Ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүү төмөнкү ырааттуу тартипте жүзөгө ашырылат:
1) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан эскиздик долбоорду же эскиздик планды кароо;
2) зарыл болгон учурда – Архитектуралык-техникалык кеңештин жана (же) Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин кароосуна эскиздик материалдарды киргизүү;
3) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын корутундуларын (уруксаттарын), ошондой эле тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды чогултуу;
4) инженердик-техникалык кызматтар тарабынан техникалык шарттар берилген учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу;
5) заказчы тарабынан долбоордук документтерди иштеп чыгуу;
6) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтердин «Башкы план» жана «Архитектуралык чечимдер» бөлүмдөрүн макулдашуу;
7) заказчы тарабынан курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу;
8) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан инженердик-техникалык шарттарды түзүү;
9) заказчы тарабынан долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүн иштеп чыгуу;
10) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүн макулдашуу;
11) курулушу аяктаган объекттин шайкештигин ыктыярдуу түрдө баалоо жана курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө тастыктоону берүү;
12) объектти заказчы тарабынан пайдаланууга берүү.
17. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга киргизүү төмөнкү ырааттуу тартипте жүзөгө ашырылат:
1) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан эскиздик долбоорду же эскиздик планды кароо;
2) зарыл болгон учурда – Архитектуралык-техникалык кеңеште жана (же) Архитектуралык-шаар куруу кеңешинде эскиздик материалдарды кароо;
3) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардан корутундуларды (уруксаттарды), ошондой эле тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды чогултуу;
4) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан шаар куруу корутундусун жана инженердик-техникалык шарттарды берүү;
5) заказчы тарабынан курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу;
6) курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоону ыктыярдуу тартипте жүргүзүү жана курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө ырастоону берүү;
7) заказчы тарабынан объектти пайдаланууга киргизүү.
171. Инженердик тармактарга кошулган учурдагы объектилер менен түздөн-түз жакын жайгаштырылган сууматтар жайгаштырылганда, шаар куруу корутундусунун графикалык бөлүмүн даярдоо үчүн топографиялык сүрөткө тартуу талап кылынбайт, эгерде төмөнкү шарттар сакталса:
- водомат туташтырылган объект жайгашкан жер участогунун чегинде жайгашкан аймакта жайгаштырылат;
- жер участогунда инженердик тармактарды жаңыдан төшөбөстөн водоматты туташтыруу (иштеп жаткан туташуу чекиттерин колдонуу менен);
- водомат жайгаштыруу курулуш линиясын өзгөртүүнү, коргоо же санитардык зоналарга таасир этүүнү талап кылбайт жана аймактын пландаштыруу түзүмүн бузбаса;
- өтмөктөрдүн жана жөө жүргүнчүлөр жолдорунун коопсуздугу, ошондой эле учурдагы инфраструктуранын сакталышы камсыздалса.
Белгиленген учурларда, жер участогунун актуалдуу шаар куруу планынын же водоматтын жайгашкан жерин байланыштыруу жана туташтыруу чекитин көрсөтүү менен объекттин кабаттуу планынын негизинде графикалык материалды даярдоого жол берилет.
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 102-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
18. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан документтерди кароо жана берүү мөөнөттөрү:
1) шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу жана берүү, ошондой эле инженердик-техникалык шарттарды түзүү жана берүү – 20 жумушчу күнгө чейин;
2) долбоордук документацияны макулдашуу – 10 жумушчу күнгө чейин.
19. Ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмү тарабынан мамлекеттик экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү:
1) 1000ден 5000 чарчы метрге чейин – 15 жумушчу күнгө чейин;
2) 5000ден 10000 чарчы метрге чейин – 20 жумушчу күнгө чейин;
3) 10000 чарчы метрден ашык – 30 жумушчу күнгө чейин.
20. Ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмү тарабынан кайталап мамлекеттик экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү:
1) 1000ден 5000 чарчы метрге чейин – 5 жумушчу күнгө чейин;
2) 5000ден 10000 чарчы метрге чейин – 10 жумушчу күнгө чейин;
3) 10000 чарчы метрден ашык – 15 жумушчу күнгө чейин.
21. Долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
22. Экологиялык экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү экологиялык экспертиза чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
23. Өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
24. Уруксат берүүчү документацияны берүү, долбоордук документацияны макулдашуу, ага мамлекеттик экспертиза жүргүзүү, объектти курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү, ошондой эле шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын инженердик-техникалык кызматтар, мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен өз ара аракеттенүүсү «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы жана/же башка программалык каражаттар аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5-бөлүм. Курулуштук ниеттер жөнүндө арызды кароо тартиби
25. Кварталдарды, микрорайондорду пландуу реконструкциялоодо, жаңы аймактарды өздөштүрүүдө, ошондой эле алар жок болгон учурда ченемдик-техникалык документтерге ылайык курулуш долбоору иштелип чыгат.
26. Өзүнүн долбоордук уюму жок заказчы шаар куруу корутундусун жана инженердик-техникалык шарттарды алуу, долбоордук документацияны макулдашуу жана комплекстүү мамлекеттик экспертизадан өтүү үчүн шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органга арыз берүүнү кошуу менен башкы долбоорлоочунун, автордук көзөмөлдүн функцияларын аткарууга жана толук коштоого лицензияланган долбоордук уюм менен келишим түзөт.
27. Курулуштук ниеттерди ишке ашыруу үчүн долбоордук уюм заказчы менен биргеликте эскиздик долбоорду же эскиздик планды иштеп чыгат.
28. Эскиздик долбоорду же эскиздик планды иштеп чыгууда долбоордук уюм же заказчы шаар куруу документтерине курулуштук ниеттердин шайкештиги жөнүндө шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдан маалыматты суроого укуктуу.
29. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган 3 жумушчу күндүн ичинде долбоордук уюмдун же заказчынын суроосу боюнча шаар куруу документациясына (башкы план, деталдуу пландоо планы, курулуш долбоору) ылайык жер тилкесинин максаттуу (функционалдык) багыты, жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерине ылайык жер тилкелерин жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууга уруксат берилгендиги, ошондой эле инженердик тармактардын болушу жөнүндө маалыматты акысыз берүүгө милдеттүү. Долбоордук уюмдун же заказчынын суроосу боюнча шаар куруу документациясынан (башкы план, деталдуу пландоо планы, курулуш долбоору) көчүрмөлөр акы төлөнүүчү негизде берилет.
30. Эскиздик долбоорду же эскиздик планды иштеп чыккандан кийин заказчы шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органга арыз менен кайрылат, ага төмөнкү документтер тиркелет:
1) жер тилкесине укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтин көчүрмөсү, ал эми болгон учурда – ошондой эле ушул жер тилкесинде жайгашкан кыймылсыз мүлк объектисине техникалык паспорттун көчүрмөсү;
2) эгерде заказчы жеке жак болуп саналса, заказчынын паспортунун көчүрмөсү (түп нускасы салыштыруу үчүн берилет), ошондой эле үчүнчү жак тарабынан көрсөтүлгөн учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү жана ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү;
3) эгерде заказчы юридикалык жак болуп саналса, юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү, ошондой эле ишеним каттын көчүрмөсү жана ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү (түп нускасы салыштыруу үчүн берилет);
4) эскиздик долбоор же эскиздик план;
5) зарыл болгон учурда шаар куруу документациясынан көчүрмөлөр;
6) зарыл болгон учурда реконструкциялоо мүмкүнчүлүгү боюнча объектти изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча корутунду.
31. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык сырткы видеокөзөмөл системасы менен милдеттүү жабдууга тийиш болгон объекттерди долбоорлоо учурунда ушул Жобонун 30-пунктунда каралган арызга тиркелүүчү документтерге кошумча белгиленген тартипте макулдашылган сырткы видеокөзөмөл системасынын долбоору тиркелет.
32. Берилген документтер ушул Жобонун 30-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган документтерди каттоодон жана кабыл алуудан баш тартууга укуктуу, ал эми шайкеш келген учурда кароого документтерди кабыл алуу жөнүндө тил кат берилет.
33. Зарыл болгон учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган арызды катталган күндөн тартып эки жумушчу күндөн кечиктирбестен Архитектуралык-техникалык кеңештин кароосуна жөнөтөт. Архитектуралык-техникалык кеңеш арызды келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен кароого милдеттүү.
34. Архитектуралык-техникалык кеңеш шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын алдында түзүлөт, ал эми анын жобосу, курамы жана ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет жана ушул Жобонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
35. Архитектуралык-техникалык кеңеш арызды төмөнкүлөргө шайкештиги боюнча карайт:
1) шаар куруу документациясына жана курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине;
2) долбоорлоо ченемдерине жана долбоордук документациянын курамына жана мазмунуна карата талаптарга;
3) шаардын же калктуу конуштун инженердик инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлоруна;
4) зарыл болгон учурда тарых жана маданият эстеликтерин коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына;
5) кварталдарды көрктөндүрүүнүн жалпы концепциясына долбоорлонуп жаткан объекттин жанаша аймагын көрктөндүрүүгө.
36. Эгерде билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документациясына, курулуш жана жерди пайдалануу эрежелерине шайкеш келбесе жана/же Архитектуралык-техникалык кеңеш баш тартса, шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган арызды документтери менен кошо заказчыга кайтарып берет жана ушул жер тилкесинде долбоорлоого жана курууга жол берилген объекттер жөнүндө маалымат берет.
37. Эгерде курулуштук ниеттердин объектиси шаар куруучу мүнөздөмөлөргө ээ болсо жана шаардын (калктуу конуштун) архитектуралык көрүнүшүнө жана анын инфраструктурасына таасир этиши мүмкүн болсо, шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган арызды катталган күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде тиркелген документтери менен Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин кароосуна жөнөтөт. Архитектуралык-шаар куруу кеңеши арызды келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен кароого милдеттүү.
38. Архитектуралык-шаар куруу кеңеши шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын алдында түзүлөт, ал эми анын жобосу, курамы жана ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет жана ушул Жобонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
39. Архитектуралык-шаар куруу кеңеши объекттерди жайгаштыруу жана алардын архитектуралык-пландоо чечимдери боюнча консультациялык функцияларды аткарат, деталдуу пландоо долбоорунда же курулуш долбоорунда каралган объекттерди кошпогондо, шаар куруучу, өзгөчө татаал жана уникалдуу курулуш объекттерин долбоорлоону жана курууну карайт, мында анын чечимдери сунуштамалык мүнөзгө ээ, ал эми акыркы чечимди шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси кабыл алат, ал кабыл алынган чечим үчүн жоопкерчилик тартат.
40. Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин чечими протокол түрүндө таризделет жана шаар куруу корутундусун иштеп чыгууда эске алынат.
41. Эскиздик долбоорду Архитектуралык-шаар куруу кеңеши тарабынан жактыруудан баш тартылган учурда чечимде көрсөтүлгөн эскертүүлөрдү эске алуу менен долбоорду иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
42. Эскиздик долбоорду же эскиздик планды Архитектуралык-техникалык жана зарыл болгон учурда Архитектуралык-шаар куруу кеңеши тарабынан жактырылган учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган зарыл болгон учурда мамлекеттик жана муниципалдык органдардын корутундуларын жана уруксаттарын, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтардын техникалык шарттарын чогултууга киришет.
43. Заказчы телефонизация жана байланыштын башка түрлөрү (интернет, телевидение ж. б.) боюнча кызматтарды көрсөтүүчү инженердик-техникалык кызматтарды өз алдынча аныктайт жана эскиздик долбоорду киргизүүдө техникалык шарттарды алуу зарылдыгын көрсөтөт.
44. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтарга суроо-талаптарды «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү «Түндүк» жана/же башка программалык каражаттар аркылуу жөнөтөт. Суроо-талап тиркелген документтери менен арызды, ошондой эле архитектуралык-техникалык кеңештин жана архитектуралык-шаар куруу кеңешинин чечимдерин камтыйт, эгерде ал болсо.
45. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын суроо-талабын кароого жана суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органга жеткирүүнү камсыз кылуу менен корутундуну, уруксатты же техникалык шарттарды камтыган жоопту жөнөтүүгө милдеттүү. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар суроо-талапты кароо мөөнөтүн узартууга укуксуз.
46. Эгерде корутундуларды, уруксаттарды жана техникалык шарттарды берүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар тарабынан акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылса, анда көрсөтүлгөн органдар шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органга эсеп коет.
47. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар корутундуларды, уруксаттарды же техникалык шарттарды берүү үчүн эсептерди аларды берүүнүн наркынын монополияга каршы орган менен бекитилген жана макулдашылган прейскурантына ылайык коет. Эгерде заказчы жеке жак болуп саналса, эсеп жеке жак катары, эгерде юридикалык жак болсо - юридикалык жак катары коюлат. Эгерде прейскурантта нарк курулуш объектиси боюнча же суралып жаткан инженердик жүктөмдөрдүн көлөмүнөн аныкталат деп каралса, эсеп тиешелүү курулуш объектиси боюнча же суралып жаткан жүктөмдөр боюнча коюлат.
48. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар коюлган эсептердин тууралыгы үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
49. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтар жүйөлүү баш тартууну жөнөтүүгө укуктуу. Мында инженердик-техникалык кызматтар жүйөлүү баш тартууну жөнөткөн учурда бир эле учурда мүмкүн болгон чечимдердин варианттарын, анын ичинде учурдагы тармактарды модернизациялоо боюнча сунушту же альтернативдүү инженердик-техникалык коммуникацияларды долбоорлоо жана куруу боюнча сунуштарды берүүгө милдеттүү.
50. Инженердик-техникалык кызматтар техникалык шарттарды берүүдөн баш тарткан учурда заказчы көрсөтүлгөн кызматтардын макулдугу менен альтернативдүү инженердик-техникалык коммуникацияларды, анын ичинде суу менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, сууну чыгаруу, ирригация менен камсыздоо телефонизация жана байланыштын башка түрлөрүн долбоорлоону жана курууну жүзөгө ашырууга жана пайдаланууга киргизгенден кийин аларды инженердик-техникалык кызматтардын балансына заказчы тарабынан сарпталган акча каражаттарын компенсациялоо менен өткөрүп берүүгө укуктуу, алар заказчы менен инженердик-техникалык кызматтардын ортосунда келишимдик негизде аныкталат.