Сравнение редакций…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-нпа буйругуна)
|
Техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежелери
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 97-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууну, пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү жүргүзгөн уюмдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына карабастан жеке жана юридикалык жактар ортосунда техникалык шарттарды аныктоо жана берүү, жаңы курулуш объекттерин кошуу, реконструкциялоо, кайра профилдөө, кайра пландоо, процессинде же курулган, бирок электр, газ, жылуулук, суу менен камсыздоо жана суу бөлүп чыгаруу, инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына (мындан ары - техникалык шарттар) кошулбаган объекттерди кошууда пайда болгон мамилени жөнгө салат, ошондой эле техникалык шарттарды аныктоо жана берүү, объекттерди инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу жана кубаттуулукту көбөйүүнү же азайтууну эске алуу менен баланстык тиешелүүлүгүн аныктоо тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Эрежелер инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын куруунун (реконструкциялоонун) же ресурстарды өндүрүү боюнча жабдууларды инженердик-техникалык камсыздоонун технологиялык байланышкан тармактарына убактылуу же туруктуу кошуунун жыйынтыгында да колдонулат.
3. Ушул Эрежелер техникалык шарттарды алуунун жана объекттерди инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун тартибин белгилейт, алар үч этапты камтыйт:
− инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шартты алуу;
− инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга келишимдерди түзүү;
− ресурстарды берүүгө жана техникалык тейлөөгө келишимдерди түзүү.
4. Ушул Эрежелерде, ошондой эле техникалык шарттарды алуу жана технологиялык кошууну жүзөгө ашыруу процессинде колдонулуучу түшүнүктөр:
абонент — уюштуруу-укуктук формасына карабастан, ички же кошулган тармактары менчик же баланстык таандыктык белгилери боюнча аны менен бөлүнүү чеги бар инженердик-техникалык камсыздоо уюмунун тармактарына туташкан, ошондой эле ресурстарды жеткирүүгө (камсыздоого) жана/же иштетилген ресурстарды бөлүп берүүгө белгиленген тартипте келишим түзгөн жеке же юридикалык жак;
базалык мезгил — базалык акынын өлчөмүн эсептөө үчүн колдонулган жөнгө салуу мезгилине чейинки мезгил;
технологиялык кошууга төлөмдүн базалык өлчөмү — электр жана жылуулук менен камсыздоонун учурдагы инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында белгиленүүчү, белгиленген бир бирдик кубаттуулукту кошуу чыгымдарынын орточо салмакталган көрсөткүчү;
үй ичиндеги (ички) тармактар — имараттын ичинен өткөн жана керектөө приборлоруна ресурстарды берүүнү же саркынды сууларды чыгарууну камсыз кылган инженердик тармактар;
шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган –шаар куруу, архитектуралык-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу борбордук мамлекеттик органдын түзүмүнө кирген, аймактык башкармалыктары бар тузүмдүк бөлүм, шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу орган;
менчик (баланстык таандыктык) чеги —менчик, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу белгиси боюнча менчик ээлеринин ортосундагы инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын элементтерин бөлүү сызыгы;
эксплуатациялык жоопкерчилик чеги — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жана келишимде көрсөтүлгөн эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча алардын милдеттери боюнча уюмдардын ортосундагы инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын элементтерин чектөө сызыгы;
заказчы – жеке же юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алар өздөрүнө таандык же аларга берилген жер участогунда капиталдык курулуш объекттерди долбоорлоону жана курууну, реконструкциялоону, учурдагы объектилерди капиталдык оңдоону, ошондой эле инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, аларды куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо үчүн долбоордук документтерди даярдоону камсыздайт, тиешелүү адистештирилген уюмдар менен келишимдерди түзүү аркылуу өзүнүн жана башка каражаттарды пайдаланат;
арыз берүүчү (заказчы) — инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга, керектелген жүктөмдү өзгөртүүгө байланышкан объекттин жаңы курууну,реконструкциялоо, кайра профилдөө, кайра пландоо жүргүзүүчү, курууга уруксат берүү документтерин алууга ыйгарым укукту органдарга кайрылуучу уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан жеке же юридикалык жак;
инженердик-техникалык кызматтар – бул долбоорлонуп жаткан курулуш объекттерин электр менен камсыздоону, жылуулук менен камсыздоону, газ менен камсыздоону, суу менен камсыздоону жана сууну чыгарууну (канализацияны), ошондой эле телефонизацияны жана байланыштын башка түрлөрүн камсыз кылуучу уюмдар;
кийинкиге калтырылган кошуу — кайрылган учурда инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына объектти дароо кошуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо, кошуунун кечиктирилген мөөнөтү, шарттары жана параметрлери менен техникалык шарттарды берүүнү караган, долбоорлоо, уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн негиз болуп кызмат кылган объектти инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу формасы;
жөнгө салуу мезгили — электр жана жылуулук менен камсыз кылуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн базалык өлчөмү белгиленүүчү жана бекитилүүчү календардык жыл;
тармактарга кошулууга төлөм — белгиленген кошуу түйүнүндөгү тармакка кошуу иштери боюнча аткаруунун чыгымдары;
электр жана жылуулук менен жабдуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулууга төлөм — кошулган түйүндө керектүү кубаттуулукту камсыз кылуу үчүн инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чаралардын комплексин аткарууга негизделген чыгымдар;
тармактарга кошуу - кошуу чекитиндеги тармакка түздөн-түз оюп орнотуу боюнча жумуштарды аткаруу;
тармактарга кошулуу — долбоорлонуучу жана курулуучу объекттен техникалык шарттар менен аныкталган кошулуу чекитине чейин инженердик коммуникацияны өткөрүү боюнча жумуштарды аткаруу;
өткөрүү жөндөмдүүлүгү — инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын белгиленген убакта берилген режимде ресурстардын эсептик санын өткөрүү жана кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;
ресурстар — электр энергиясы, муздак жана ысык суу, жаратылыш газы, жылуулук энергиясы, электр менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо жана сууну чыгаруу (канализация) боюнча коммуналдык кызматтарды көрсөтүү үчүн, ошондой эле долбоорлонуп жаткан курулуш объекттеринин иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон телефонияны жана байланыштын башка түрлөрүн камсыз кылуу үчүн пайдаланылат;
инженердик-техникалык камсыздоо тармактары — менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде турган, электр менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, сууну чыгаруу (канализация), ошондой эле телефонияны жана байланыштын башка түрлөрүн камсыз кылуу максатында түздөн-түз пайдаланылуучу объекттердин жыйындысы;
коммуникациялардын схемасы — архитектура жана курулуш органы тарабынан түзүлүүчү жана тиешелүү маалыматка ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы жана пландаштырылган тармактарынын жайгашуусун чагылдыруучу документ;
техникалык шарттар — инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына объектти кошуу үчүн зарыл болгон талаптарды, анын ичинде кошуу чекитин, жол берилген жүктү (кубаттуулукту), камсыздоо булагын, берилүүчү ресурстун же чыгарылуучу продуктунун параметрлерин, жөнгө салуу ыкмасын жана графигин аныктоочу жана анын колдонуу мөөнөтү ичинде арыз ээсинин кошулуу укугун кепилдеген документ;
техникалык тейлөө — инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын профилактикалык карап чыгуусун, учурдагы жана авариялык тейлөөсүн камтыган иш-чаралардын комплекси;
технологиялык жактан байланышкан тармактар — менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде ар кандай уюмдарга таандык болгон, өз ара кошуу чекиттери бар жана бирдиктүү технологиялык система катары иштеген инженердик-техникалык камсыздоо тармактары;
технологиялык кошуу — кошуу чекитинде ресурстун зарыл болгон кубаттуулугун камсыздоого багытталган инженердик-техникалык жана уюштуруучулук иш-чаралардын жыйындысы;
кошуу чекити — бекитилген коммуникация схемасына ылайык курулуш объектисине же жер участогуна эң жакын болгон, түзүлүштү же курулманы электр менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, сууну чыгаруу (канализация), ошондой эле телефония жана байланыштын башка түрлөрү системаларына кошуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуучу жер.
2-бөлүм. Объекттерди курууда, реконструкциялоодо, кайра профилдөөдө жана кайра пландоодо техникалык шарттарды алуу тартиби
5. Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шарттарды берүүнү инженердик-техникалык кызматтар шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын суроо-талабынын негизинде, ал эми курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу мезгилине убактылуу кошуу учурунда - заказчынын суроо-талабы боюнча жүзөгө ашырат.
6. Ресурстарды керектөө көлөмүнүн өзгөрүшү менен коштолбогон объектти реконструкциялоодо, кайра профилдөөдө же кайра пландоодо жаңы техникалык шарттарды алуу талап кылынбайт.
7. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын суроосунда заказчынын аталышы, курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландаштыруу объектисинин жайгашкан жери (дареги) камтылууга тийиш, ошондой эле заказчы же долбоордук уюм тарабынан курулуш иштерин жүргүзүү ниети жөнүндө арыздын курамында берилген документтердин көчүрмөлөрү кошулушу керек. Көрсөтүлгөн суроо кагаз түрүндө же электрондук форматта «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы жана/же башка программалык каражаттар аркылуу жөнөтүлөт.
8. Инженердик-техникалык кызматтар ушул Эрежелердин 7-пунктунда көрсөтүлгөндөн тышкары кошумча документтерди талап кылууга укугу жок.
9. Инженердик-техникалык кызматтар шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдан суроо-талап алган күндөн тартып он жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө ушул Эрежелерге тиркемеге ылайык белгиленген форма боюнча курулуш объектисин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шарттарды жана акы жөнүндө маалыматты аныктайт жана берет же жүйөлүү баш тартууну жөнөтөт.
10. Техникалык шарттарды берүүдөн баш тартууга инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга техникалык мүмкүнчүлүктүн жоктугу негиз болуп саналат.
11. Инженердик-техникалык кызматтар жүйөлүү баш тартууну жөнөтүүдө бир эле учурда заказчыга кечиктирилген кошулууга, модернизациялоого же альтернативдүү инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын долбоорлоого жана курууга техникалык шарттарды сунуштайт.
12. Инженердик-техникалык кызматтар шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан жөнөтүлгөн суроо-талапты аткаруу мөөнөтүн узартууга укуксуз.
13. Эгерде белгиленген мөөнөттө техникалык шарттар берилбесе, техникалык шарттар берилди деп эсептелет. Мында шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган бош кубаттуулуктар жөнүндө маалыматтын, тармактарды өнүктүрүү схемаларынын, инвентаризациянын жыйынтыктарынын жана башка жеткиликтүү булактардын негизинде объектти кошуу чекиттерин өз алдынча аныктоого укуктуу.
14. Техникалык шарттар төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
− объекттин аталышы жана дареги;
− ар бир кошуу чекитиндеги уруксат берилген кубаттуулук;
− кошуу чекиттери;
− ар бир кошуу чекитине иш жүзүндөгү максималдуу жүктөм;
− курулуш объектисин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун болжолдуу мөөнөтү;
− техникалык шарттардын колдонуу мөөнөтү;
− атайын техникалык талаптар;
− берилүүчү ресурстун бирдигинин кошуу наркы.
15. Бул Эрежелердин 14-пунктунда каралбаган талаптарды, анын ичинде ички инженердик системаларга жана жабдууларга коюлуучу талаптарды техникалык шарттарга киргизүүгө жол берилбейт.
16. Техникалык шарттарды берген инженердик-техникалык кызматтар алардын колдонуу мөөнөтү ичинде, ошондой эле курулуш аяктаганга чейин алардын мазмунун өзгөртүүгө же алардын аракеттерин токтотууга укуксуз, эгерде долбоордук документация көрсөтүлгөн техникалык шарттардын колдонуу мөөнөтү ичинде макулдашылган болсо.
17. Мурда уруксат берилген кубаттуулукту көбөйтүү же азайтуу зарыл болгон учурда заказчы инженердик-техникалык кызматка тиешелүү жазуу жүзүндөгү суроо-талапты жөнөтөт. Инженердик-техникалык кызмат суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде кошуу чекиттерин өзгөртпөстөн жана мурда берилген техникалык шарттардын аракеттерин токтотпостон техникалык шарттарды берүүгө милдеттүү.
18. Техникалык шарттар эки жылдан кем эмес мөөнөткө берилет жана объект инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулган учурдан тартып күчүн жоготот. Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын курууга долбоордук документацияны техникалык шарттардын колдонуу мөөнөтү ичинде макулдашылган учурда алардын колдонуу мөөнөтүн узартуу талап кылынбайт.
19. Техникалык шарттардын колдонуу мөөнөтү заказчынын арызынын негизинде бир жылдан ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн, ал арыз берилген күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде каралат.
20. Бош кубаттуулуктардын болушу, инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы жана пландаштырылган схемалары, ошондой эле техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш объекттерин кошууга акынын өлчөмү жөнүндө маалымат заказчылардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талаптары боюнча он жумушчу күндүн ичинде берилет.
21. Техникалык шарттарды алуу эрежелери жана курулуш объектисин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга акынын өлчөмү жөнүндө маалымат акы албастан берилет.
22. Инженердик-техникалык кызматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык техникалык шарттарды акы төлөнүүчү, ошондой эле акысыз негизде берүүгө укуктуу.
23. Эгерде техникалык шарттар инженердик-техникалык кызматтар тарабынан акы төлөнүүчү негизде берилсе, баалардын прейскуранты белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик монополияга каршы орган менен макулдашылууга, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтардын расмий интернет-ресурстарында жана көрүнөө жерлеринде милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
24. Эгерде техникалык шарттарды берүү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылса, көрсөтүлгөн органдар шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органга эсеп коет.
25. Инженердик-техникалык кызматтар прейскурантта каралбаган кызматтар (иштер) үчүн эсеп койбостон техникалык шарттарды берүү үчүн эсептерди коет. Эгерде заказчы жеке жак болуп саналса, эсеп жеке жак катары, эгерде юридикалык жак болсо - юридикалык жак катары коюлат. Эгерде прейскурантта нарк курулуш объектиси боюнча же суралып жаткан инженердик жүктөмдөрдүн көлөмүнөн аныкталат деп каралса, эсеп тиешелүү курулуш объектиси боюнча же суралып жаткан жүктөмдөр боюнча коюлат.
26. Инженердик-техникалык кызматтар белгиленген тартипте коюлган эсептердин тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
27. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча инженердик-техникалык кызматтар «Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн жана пайдаланууга берилүүчү курулуш аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө» Жободо каралган учурларда техникалык шарттардын аракеттерин токтото турат, аларды жокко чыгарат, ошондой эле коюлган эсептерди жокко чыгарат.
28. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган заказчыдан төлөм келип түшкөндөн кийин инженердик-техникалык кызматтарга акча каражаттарын алардын банктык эсебине которуу жолу менен которот.
3-бөлүм. Инженердик-техникалык камсыздоонун альтернативдүү тармактарын модернизациялоо же долбоорлоо жана куруу тартиби
29. Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы тармактарына кошуунун техникалык мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда заказчы инженердик-техникалык кызматтар менен биргеликте келишимдик негизде учурдагы тармактарды модернизациялоону жүзөгө ашырууга же суу менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, канализация, телефонизация жана байланыштын башка түрлөрүн кошуу менен инженердик-техникалык камсыздоонун альтернативдүү тармактарын долбоорлоону жана курууну аткарууга укуктуу.
30. Курулган инженердик-техникалык камсыздоонун альтернативдүү тармактары тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардын балансына тараптардын ортосундагы келишимде белгиленген тартипте заказчы тарткан чыгымдарды андан ары компенсациялоо менен өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
31. Тартылган чыгымдарды компенсациялоо заказчы менен инженердик-техникалык кызматтардын ортосунда келишимдик негизде белгиленет жана төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
− заказчынын инженердик-техникалык камсыздоонун альтернативдүү тармактарын долбоорлоого жана курууга кеткен чыгымдарын төлөө;
− болочок төлөмдөрдүн эсебинен өз ара эсептешүүлөр түрүндө компенсациялоо;
− технологиялык кошулууга акыны азайтуу;
− тараптар макулдашкан компенсациянын башка түрлөрү.
32. Инженердик-техникалык камсыздоонун альтернативдүү тармактарын долбоорлоо жана куруу техникалык ченемдерге, шаар куруу регламенттерине, коопсуздук талаптарына, санитардык, өрткө каршы жана экологиялык ченемдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
33. Инженердик-техникалык камсыздоонун альтернативдүү тармактары боюнча бардык долбоордук чечимдер тиешелүү инженердик-техникалык кызматтар менен милдеттүү түрдө макулдашылууга, ошондой эле «Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн жана пайдаланууга берилүүчү курулуш аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө» Жободо белгиленген тартипте уруксат берүүчү документтерди алууга тийиш.
34. Инженердик-техникалык камсыздоонун альтернативдүү тармактарынын курулушу аяктагандан кийин алардын шайкештигин баалоо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат, андан кийин көрсөтүлгөн тармактарды тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардын балансына кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде өткөрүп берүү жүзөгө ашырылат.
35. Инженердик-техникалык кызматтардын балансына курулган инженердик-техникалык камсыздоонун альтернативдүү тармактарын өткөрүп берүү бош кубаттуулук болгондо жана техникалык шарттар сакталганда башка объекттерди андан ары кошуудан баш тартууга жол бербейт.
36. Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын модернизациялоо алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ишенимдүүлүгүн, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объекттерин технологиялык кошуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
37. Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын модернизациялоого заказчы менен инженердик-техникалык кызматтардын ортосунда келишимдик негизде жол берилет, андан кийин келишимде жана ушул Эрежелердин 30-пунктунда белгиленген тартипте тарткан чыгымдарды компенсациялоо жүзөгө ашырылат.
38. Модернизациялоо тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардын эксплуатациялык жоопкерчилик зоналарынын чегинде же заказчы менен өзүнчө келишим боюнча - заказчынын эсебинен, андан кийин келишимдик негизде компенсациялоо менен жүзөгө ашырылат.
39. Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын модернизациялоо техникалык ченемдерге, шаар куруу регламенттерине, коопсуздук талаптарына, санитардык, өрткө каршы жана экологиялык ченемдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
40. Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын модернизациялоонун алкагында кабыл алынуучу бардык долбоордук чечимдер тиешелүү инженердик-техникалык кызматтар менен милдеттүү түрдө макулдашылууга, ошондой эле «Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн жана пайдаланууга берилүүчү курулуш аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө» Жободо белгиленген тартипте уруксат берүүчү документтерди алууга тийиш.
41. Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын модернизациялоо аяктагандан кийин алардын ылайыктуулугун баалоо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат, андан кийин көрсөтүлгөн тармактарды тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардын балансына кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде өткөрүп берүү жүзөгө ашырылат.
42. Заказчынын эсебинен модернизацияланган инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын инженердик-техникалык кызматтардын балансына өткөрүп берүү бош кубаттуулук болгондо жана техникалык шарттар сакталганда башка объекттерди андан ары кошуудан баш тартууга жол бербейт.
43. Инженердик-техникалык камсыздоонун альтернативдүү тармактарын модернизациялоодо же долбоорлоодо жана курууда инженердик-техникалык кызматтар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө мындай тармактарды жайгаштыруу үчүн жер участокторун же аймактарды берүү менен байланышкан маселелерди чечүүнү уюштурат.
44. Эгерде инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын куруу же модернизациялоо заказчынын менчигинде турган аймакта жүзөгө ашырылса, заказчы көрсөтүлгөн аймакты белгиленген тартипте өз алдынча жер тилкеси катары бөлүп берүүгө жана тармактарды пайдаланууга киргизгенден кийин аны Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында жана инженердик-техникалык кызматтар менен түзүлгөн тиешелүү келишимде белгиленген тартипте инженердик-техникалык кызматтарга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
45. Модернизациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, ошондой эле инженердик-техникалык камсыздоонун альтернативдүү тармактарын долбоорлоодо жана курууда инженердик-техникалык кызматтар заказчыга техникалык бүтүндүктү жана чечимдердин макулдашылгандыгын камсыз кылууга багытталган ар тараптуу көмөк көрсөтөт.
4-бөлүм. Кийинкиге калтырылган кошулууда техникалык шарттарды берүү тартиби
46. Суралган кубаттуулуктардын же ресурстардын убактылуу жетишсиздигинде, ошондой эле объективдүү техникалык чектөөлөр болгондо, инженердик-техникалык кызматтар заказчынын шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органы аркылуу берилген суроосу боюнча кечиктирилген кошуу менен техникалык шарттарды беришет.
47. Техникалык шарттардын «Өзгөчө шарттар» графасында инженердик-техникалык кызматтар учурдагы инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына технологиялык кошуунун болжолдуу датасын көрсөтүшөт.
48. Технологиялык кошуунун болжолдуу датасы келгенде, инженердик-техникалык кызматтар заказчынын объектисин көрсөтүлгөн дата келгенден тартып отуз (30) календардык күндөн ашпаган мөөнөттө кошууну камсыз кылууга милдеттүү.
49. Кечиктирилген кошулууда техникалык шарттарды берүүдө инженердик-техникалык кызматтар заказчы үчүн техникалык шарттарда көрсөтүлгөн тиешелүү кубаттуулукту жана кошуу параметрлерин резервге коюуга милдеттүү.
5-бөлүм. Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы тармактарына кошуу тартиби
50. Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы тармактарына технологиялык кошууга курулуш-монтаждоо иштерин баштоо үчүн негиз алынгандан кийин жана анын белгиленген талаптарга шайкештигин баалоо жүргүзүлгөнгө чейин «Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн жана пайдаланууга берилүүчү курулуш аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө» Жободо белгиленген тартипте жол берилет.
51. Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы тармактарына технологиялык кошуу үчүн заказчы жана инженердик-техникалык кызматтар технологиялык кошуу жана андан кийин ресурстарды берүү жөнүндө келишим түзөт.
52. Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы тармактарына технологиялык кошуунун наркын инженердик-техникалык кызматтар же ресурстарды берүүчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик монополияга каршы орган менен милдеттүү түрдө макулдашуу менен аныктайт, берилген техникалык шарттарда көрсөтүлөт жана аларда белгиленген суммадан ашпашы мүмкүн.
53. Инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы тармактарына убактылуу кошуу үчүн заказчы курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисине шаар куруу корутундусун алгандан кийин инженердик-техникалык кызматтарга убактылуу кошуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Мында заказчы берилүүчү ресурстар үчүн инженердик-техникалык кызматтарга белгиленген тартипте бекитилген тарифтер боюнча төлөмдү жүзөгө ашырат.
54. Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу чекити курулуш объектисинин кабыл алуучу түзүлүштөрүнөн 100 метрден (радиуста) ашпоого тийиш.
55. Инженердик-техникалык кызматтар кошуу чекитине талап кылынган кубаттуулукту резервдик кубаттуулуктардын эсебинен да, инженердик-техникалык жана уюштуруучулук иш-чаралардын эсебинен да берүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн иш-чаралар технологиялык кошулууга акы катары келип түшкөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
56. Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы тармактарына кошуу үчүн заказчы инженердик-техникалык кызматтарга курулуш-монтаждоо иштерин баштоо үчүн негизди алгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен «Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн жана пайдаланууга берилүүчү курулуш аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө» Жободо белгиленген тартипте арыз менен кайрылат.
57. Заказчынын арыз менен кайрылган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде инженердик-техникалык кызматтар жана заказчы технологиялык кошуу жөнүндө келишим түзөт. Келишимге кол коюлгандан кийин заказчы үч жумушчу күндүн ичинде инженердик-техникалык кызматтардын банктык эсебине технологиялык кошуунун наркын төлөөнү жүзөгө ашырууга милдеттүү.
58. Заказчы жана инженердик-техникалык кызматтар технологиялык кошуунун наркын этап боюнча төлөөнү караштырууга укуктуу, тиешелүү шарттарды технологиялык кошуу жөнүндө келишимде көрсөтүү менен.
59. Технологиялык кошуу жөнүндө келишимдин формасын инженердик-техникалык кызматтар же ресурстарды берүүчүлөр бекитет. Бекитилген келишимдин формасы инженердик-техникалык кызматтардын расмий интернет-ресурстарында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш, ошондой эле тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардын жайларында таанышуу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
60. Технологиялык кошуунун мөөнөттөрү келишим менен аныкталат жана берилген техникалык шарттардын колдонуу мөөнөтүнөн ашпашы мүмкүн.
61. Технологиялык кошуу шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксат берүүчү документтердин негизинде «Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн жана пайдаланууга берилүүчү курулуш аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө» Жободо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
62. Технологиялык кошуу Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы ченемдик-техникалык документацияга ылайык катуу жүзөгө ашырылат.
63. Технологиялык кошуу жүзөгө ашырылгандан кийин инженердик-техникалык кызматтар анын шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксат берүүчү документтерге шайкештигин «Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн жана пайдаланууга берилүүчү курулуш аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө» Жободо белгиленген тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы ченемдик-техникалык документацияга шайкештигин текшерүүнү жүргүзөт.
64. Технологиялык кошуу жүзөгө ашырылгандан кийин беш жумушчу күндүн ичинде инженердик-техникалык кызматтар курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы тармактарына кошулгандыгы жөнүндө ырастоону берет.
65. Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы тармактарына кошулгандыгы жөнүндө ырастоо акысыз негизде берилет.
66. Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы тармактарына кошулгандыгы жөнүндө ырастоо берилгенден кийин инженердик-техникалык кызматтар жана заказчы ресурстарды берүү жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу.
51-глава. Энергия менен жабдуу жана жылуулук менен жабдуу боюнча айрым маселелер
(Глава КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 97-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
661. Энергия менен жабдуу чөйрөсүндөгү инженердик-техникалык кызматтар заказчиктердин арызынын негизинде 30 кВтка чейинки кубаттуулуктагы электр менен жабдууга техникалык шарттарды берүүгө укуктуу. Арыздын формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан бекитилет.
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 97-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
662. Учурдагы электр тармактарына технологиялык туташтыруу акысыз ишке ашырылат. Заказчылар техникалык шарттарды иштеп чыгуу үчүн инженердик-техникалык кызматтарга төлөө бөлүгүндө гана чыгым тартышат.

663. Энергия менен жабдуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик үлүшкө ээ эмес инженердик-техникалык кызматтар мамлекеттик үлүшү бар инженердик-техникалык кызматтар менен кубаттуулугу 500 кВттан жогору энергия кабыл алуучу түзүлүштөрдү бул туташуу жүзөгө ашырылуучу чыңалуунун жогорку классына ээ болгон электр тармактарына технологиялык туташтырууну макулдашууга милдеттүү.

664. Объекттерди куруу, реконструкциялоо, кайра профилдештирүү же пландаштыруу мезгилинде электр менен жабдуунун учурдагы тармактарына убактылуу туташтыруу кубаттуулугу 1,5 МВттан ашпашы керек. Автомобиль жана темир жолдор курулган учурда убактылуу туташуунун жол берилген кубаттуулугу 3,5 МВттан ашпашы керек. Бир жолку иштер үчүн убактылуу туташтыруунун кубаттуулугу 0,1 МВттан ашпашы керек.

665. Заказчы технологиялык туташтырууну ишке ашыруу үчүн энергия менен жабдуу чөйрөсүндөгү инженердик-техникалык кызматтарга кайрылат. Электр тармагынын тибин тандоо кошулуучу кубаттуулуктун көлөмүнө жараша болот жана төмөнкү классификацияга ылайык жүргүзүлөт:
- чыңалуусу 0,23 кВ болгон электр берүү линиясы - 10 кВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- чыңалуусу 0,4 кВ болгон электр берүү линиясы - электр берүү линиясын куруу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен 3 кВТтан 50 кВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- чыңалуусу 6-10 кВ болгон электр берүү линиясы - 50 кВТтан 2 МВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- чыңалуусу 6-10 кВга бурулуу менен 35-110 кВ чыңалуудагы көмөкчордон - 500 кВТтан 10000 кВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- чыңалуусу 35 кВ болгон электр берүү линиясы - 1 МВТтан 20 МВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- чыңалуусу 35 кВга бурулуу менен 35-110 кВ чыңалуудагы көмөкчордон - 20 МВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- чыңалуусу 110 кВ болгон электр берүү линиясы - 10 МВТтан 70 МВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун чыңалуусу 220 кВ болгон электр тармагы - 25 МВТтан 150 МВтка чейинки кошулуучу кубаттуулукта.

666. Учурдагы жылуулук менен жабдуу тармактарына технологиялык туташтыруу акы төлөнүүчү негизде ишке ашырылат. Жылуулук менен жабдуу чөйрөсүндөгү инженердик-техникалык кызматтар алынган акча каражаттарын учурдагы жылуулук тармактарын өнүктүрүүгө жана реконструкциялоого, анын ичинде жаңы тармактарды модернизациялоого, долбоорлоого жана курууга багыттайт.

667. Технологиялык туташтыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү жогорулатуучу коэффициентти эске алуу менен түзүлөт, ал туташуучу объекттин билдирилген жылуулук жүктөмү 1 Гкал/сааттан ашкан учурда колдонулат.

668. Технологиялык туташтыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү жылуулук менен жабдуу чөйрөсүндөгү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан техникалык шарттарды берүүдө бир жолу белгиленет.

669. Жылуулук менен жабдуу тармактарына кубаттуулуктун 1 Гкалы үчүн технологиялык туташтыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү (ТӨ) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ТӨ=БТ×ЖК,
мында
Тбаз - объектти жылуулук менен жабдуу тармактарына технологиялык кошуу үчүн төлөмдүн базалык өлчөмү, млн. сом/Гкал/саат;
Рбирд - объектке долбоордук документтердин негизинде кошулуучу заказчынын билдирмеси менен ырасталган технологиялык туташтыруунун суммардык кубаттуулугу.

6610. Жылуулук менен жабдуу тармактарына технологиялык туташтырууга экономикалык жактан негизделген төлөмдү эсептөө үчүн негизги баштапкы көрсөткүч болуп жөнгө салуунун базалык мезгилинде жылуулук тармактарынын техникалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртууга багытталган реконструкцияга кеткен иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасы саналат.
6611. Технологиялык туташтырууга төлөмдүн базалык өлчөмү (Тбаз) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Тбаз=∑Сз / Пс ×К (млн.сом/Гкал/саат),
мында:
∑Сз - базалык (жөнгө салуу мезгилине (жылына) чейинки беш жылдык мезгил) мезгилде жылуулук тармактарын реконструкциялоого кеткен чыгымдардын суммасы;
Пс - базалык (жөнгө салуу мезгилине (жылына) чейинки беш жылдык мезгил) мезгилде кошулган жүктөрдүн суммасы;
К - жөнгө салуу мезгилине чейинки жыл үчүн иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын көрсөткүчү.

6612. Технологиялык туташтыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү жылуулук менен жабдуучу уюм тарабынан төлөмдүн базалык өлчөмүнүн негизинде ар бир Заказчик үчүн жекече эсептелет.

6613. Бишкек шаары үчүн төлөмдүн базалык өлчөмү бардык жылуулук менен жабдуучу уюмдар үчүн бирдиктүү көрсөткүч менен белгиленет. Кыргыз Республикасынын региондорунда иштеген уюмдар үчүн төлөмдүн базалык өлчөмү аймактык белгиси боюнча кыймылсыз мүлктүн наркын эске алуу менен корректировкаланат. Коэффициенттерди эсептөөдө кыймылсыз мүлктү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жарыяланган кыймылсыз мүлктүн бир чарчы метринин орточо арифметикалык баалары колдонулат. Коэффициенттер технологиялык туташтыруу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда колдонулат.

6614. Жөнгө салуу мезгилине төлөмдүн базалык өлчөмү алгач базалык мезгилдин көрсөткүчтөрүнүн негизинде эсептелет. Кийинки жөнгө салынуучу мезгилдерге ыйгарым укуктуу орган жылдык инфляциянын деңгээлин эске алуу менен төлөмдүн базалык өлчөмүн индексациялайт. Төлөмдүн базалык өлчөмүн кайра эсептөө ал алгачкы белгиленгенден кийин үч жылдан эрте эмес убакытта жүзөгө ашырылат.

6615. Кошулуучу кубаттуулук 1 Гкал/сааттан жогору болгон учурда төлөмдүн өлчөмү төмөнкү шкалага ылайык жогорулатуучу коэффициенттерди колдонуу менен оңдолот:
Кошулуучу кубаттуулуктун чоңдугу, Гкал/саат | Жогорулатуучу К коэффициенти |
1,0 чейин | 1,0 |
1,0дон жогору 1,5ке чейин | 1,3 |
1,5тен жогору 2,0го чейин | 1,5 |
2,0дон жогору 2,5ке чейин | 1,7 |
2,5тен жогору 3,0го чейин | 2,0 |
3,0дон жогору 3,5ке чейин | 2,2 |
3,5тен жогору жана андан жогору | 2,5 |

6616. Төлөмдүн өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Т=ЭТ × К,
мында
ЭТ - технологиялык туташтыруу үчүн эсептик төлөм,
К - жогорулатуучу коэффициент.

6617. Эгерде жылуулук менен жабдуу тармактарына технологиялык туташтыруу бош кубаттуулук же жылуулук тармагы жок жерлерде ишке ашырылса, технологиялык туташтыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү жылуулук менен жабдуу чөйрөсүндөгү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан объекттин долбоордук документтердин негизинде белгиленет.

6-бөлүм. Жоопкерчилик
67. Инженердик-техникалык кызматтар техникалык шарттарды өз убагында жана талаптагыдай берүү, ошондой эле инженердик-техникалык тармактарга кошууну камсыз кылуу үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. Аларды берүүдөн негизсиз баш тарткан жана (же) заказчыга зыян келтирилген учурда жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте келип чыгат.
68. Модернизациялоо жүргүзүлгөн учурда, ошондой эле инженердик-техникалык камсыздоонун альтернативдүү тармактарын долбоорлоодо жана курууда инженердик-техникалык кызматтар келишимде жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте заказчы тарткан чыгымдарды компенсациялоо үчүн, ошондой эле көрсөтүлгөн тармактарды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин же аймактарды берүү менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн - Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык жоопкерчилик тартат.
69. Кечиктирилген кошуу жөнүндө корутундуда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү аткарбоо же бузуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте инженердик-техникалык кызматтын жоопкерчилигине алып келет.
70. Заказчы техникалык шарттарды берүүдөн же инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына технологиялык кошууну жүзөгө ашыруудан негизсиз баш тартууга сот тартибинде даттанууга укуктуу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте.
71. Техникалык шарттарды албастан жана белгиленген тартипте технологиялык кошуу жөнүндө келишимдерди түзбөстөн курулуш объектисин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына өз алдынча кошууга жол берилбейт. Өз алдынча кошулган учурда заказчы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык инженердик-техникалык кызматтарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
1-тиркеме
Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин жылуулук менен камсыздоонун, суу түтүгүнүн жана канализациянын учурдагы тармактарына кошууга
ТЕХНИКАЛЫК ШАРТТАР
№ | Аталышы | Маалыматтар | |||||||||||
1 | Инженердик-техникалык кызматтын аталышы |
| |||||||||||
2 | Байланыш үчүн маалымат (дарек, телефон, электрондук почта) |
| |||||||||||
3 | Заказчынын аталышы |
| |||||||||||
4 | Объекттин жайгашкан жеринин дареги, кесилишкен көчөлөрдү көрсөтүү менен |
| |||||||||||
5 | Техникалык параметрлер | ||||||||||||
5.1. | Жылуулук менен камсыздоо үчүн | ||||||||||||
Жалпы |
| мегаватт |
| гигакалория саатына | |||||||||
Температуралык график |
| °С | |||||||||||
Кошуу чекитиндеги басым |
| атмосфера | |||||||||||
Объектти эсепке алуу приборлорун орнотуу менен кошуу |
| ||||||||||||
Кыстаруу чекити |
| ||||||||||||
Өзгөчө шарттар |
| ||||||||||||
5.2. | Ысык суу менен камсыздоого | ||||||||||||
Жалпы |
| мегаватт |
| гигакалория саатына | |||||||||
Температуралык график |
| °С | |||||||||||
Кошуу чекитиндеги басым |
| атмосфер | |||||||||||

5.3. | Суу менен камсыздоого | ||||||||||||
Муздак суунун эсептик чыгымы |
| суткасына литр | |||||||||||

5.4. | Канализацияга | ||||||||||||
Саркынды суулардын көлөмү |
| суткасына литр | |||||||||||
Саркынды суулардын категориясы | ☐ Тиричилик ☐ Өндүрүштүк | ||||||||||||
Кыстаруу чекити |
| ||||||||||||
Өзгөчө шарттар |
| ||||||||||||
6 | Техникалык шарттардын колдонуу мөөнөтү |
| |||||||||||
7 | Технологиялык кошуунун наркы |
| |||||||||||
Эскертүү:
1) кошуу Кыргыз Республикасынын курулуш, санитардык жана техникалык ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарын сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоордук чечимдин негизинде жүзөгө ашырылат;
2) инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына өз алдынча кошулууга тыюу салынат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет;
3) кошуу боюнча бардык иштер тиешелүү лицензиясы же уруксаты бар адистештирилген уюмдар тарабынан аткарылат.
Жетекчи Аты-жөнү
М.О.
2-тиркеме
Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин электр менен камсыздоонун учурдагы тармактарына кошууга
ТЕХНИКАЛЫК ШАРТТАР
№ | Аталышы | Маалыматтар | ||||

| ||||

5 | Техникалык параметрлер | |||||
Уруксат берилген кубаттуулук |
| киловатт | ||||
Чыңалуу | ☐ 0.4 кВ ☐ 6 кВ ☐ 10 кВ ☐ башка | |||||
Электр кабылдагычтардын категориясы |
| |||||

3-тиркеме
Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин газ менен камсыздоонун учурдагы тармактарына кошууга
ТЕХНИКАЛЫК ШАРТТАР
№ | Аталышы | Маалыматтар | |||

| |||

5 | Техникалык параметрлер | ||||
Газдын эсептик чыгымы |
| саатына куб метр | |||
Кирүүдөгү басым |
| килопаскаль | |||
Газдын түрү | ☐ Жаратылыш ☐ Суюлтулган | ||||

4-тиркеме
Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин телефондоштуруунун жана байланыштын башка түрлөрүнүн учурдагы тармактарына кошууга

Уруксат берилген абоненттик линиялардын / каналдардын саны |
| ||||
Кошуунун түр | ☐ Жез менен кошуу ☐ Оптикалык-булалуу кошуу ☐ Радиоканал / зымсыз берүү ☐ Башка: _______________________ | ||||
Өткөрүү жөндөмдүүлүгү |
| секундасына мегабит | |||
Протоколдор / стандарттар |
| ||||
Объектти эсепке алуу приборлорун орнотуу менен кошуу |
| ||||
Кыстаруу чекити |
| ||||
Өзгөчө шарттар |
| ||||
6 | Техникалык шарттардын колдонуу мөөнөтү |
| |||
7 | Технологиялык кошуунун наркы |
| |||
Эскертүү:
1) кошуу Кыргыз Республикасынын курулуш, санитардык жана техникалык ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарын сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоордук чечимдин негизинде жүзөгө ашырылат;
2) инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына өз алдынча кошулууга тыюу салынат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет;
3) кошуу боюнча бардык иштер тиешелүү лицензиясы же уруксаты бар адистештирилген уюмдар тарабынан аткарылат.
Жетекчи Аты-жөнү
М.О.
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-нпа буйругуна)
|
Техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежелери
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 97-чуа, 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 102-чуа буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууну, пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү жүргүзгөн уюмдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына карабастан жеке жана юридикалык жактар ортосунда техникалык шарттарды аныктоо жана берүү, жаңы курулуш объекттерин кошуу, реконструкциялоо, кайра профилдөө, кайра пландоо, процессинде же курулган, бирок электр, газ, жылуулук, суу менен камсыздоо жана суу бөлүп чыгаруу, ирригация инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына (мындан ары - техникалык шарттар) кошулбаган объекттерди кошууда пайда болгон мамилени жөнгө салат, ошондой эле техникалык шарттарды аныктоо жана берүү, объекттерди инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу жана кубаттуулукту көбөйүүнү же азайтууну эске алуу менен баланстык тиешелүүлүгүн аныктоо тартибин жөнгө салат.
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 102-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Эрежелер инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын куруунун (реконструкциялоонун) же ресурстарды өндүрүү боюнча жабдууларды инженердик-техникалык камсыздоонун технологиялык байланышкан тармактарына убактылуу же туруктуу кошуунун жыйынтыгында да колдонулат.
3. Ушул Эрежелер техникалык шарттарды алуунун жана объекттерди инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун тартибин белгилейт, алар үч этапты камтыйт:
− инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шартты алуу;
− инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга келишимдерди түзүү;
− ресурстарды берүүгө жана техникалык тейлөөгө келишимдерди түзүү.
4. Ушул Эрежелерде, ошондой эле техникалык шарттарды алуу жана технологиялык кошууну жүзөгө ашыруу процессинде колдонулуучу түшүнүктөр:
абонент — уюштуруу-укуктук формасына карабастан, ички же кошулган тармактары менчик же баланстык таандыктык белгилери боюнча аны менен бөлүнүү чеги бар инженердик-техникалык камсыздоо уюмунун тармактарына туташкан, ошондой эле ресурстарды жеткирүүгө (камсыздоого) жана/же иштетилген ресурстарды бөлүп берүүгө белгиленген тартипте келишим түзгөн жеке же юридикалык жак;
базалык мезгил — базалык акынын өлчөмүн эсептөө үчүн колдонулган жөнгө салуу мезгилине чейинки мезгил;
технологиялык кошууга төлөмдүн базалык өлчөмү — электр жана жылуулук менен камсыздоонун учурдагы инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында белгиленүүчү, белгиленген бир бирдик кубаттуулукту кошуу чыгымдарынын орточо салмакталган көрсөткүчү;
үй ичиндеги (ички) тармактар — имараттын ичинен өткөн жана керектөө приборлоруна ресурстарды берүүнү же саркынды сууларды чыгарууну камсыз кылган инженердик тармактар;
шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган –шаар куруу, архитектуралык-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу борбордук мамлекеттик органдын түзүмүнө кирген, аймактык башкармалыктары бар тузүмдүк бөлүм, шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу орган;
менчик (баланстык таандыктык) чеги —менчик, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу белгиси боюнча менчик ээлеринин ортосундагы инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын элементтерин бөлүү сызыгы;
эксплуатациялык жоопкерчилик чеги — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жана келишимде көрсөтүлгөн эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча алардын милдеттери боюнча уюмдардын ортосундагы инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын элементтерин чектөө сызыгы;
заказчы – жеке же юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алар өздөрүнө таандык же аларга берилген жер участогунда капиталдык курулуш объекттерди долбоорлоону жана курууну, реконструкциялоону, учурдагы объектилерди капиталдык оңдоону, ошондой эле инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, аларды куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо үчүн долбоордук документтерди даярдоону камсыздайт, тиешелүү адистештирилген уюмдар менен келишимдерди түзүү аркылуу өзүнүн жана башка каражаттарды пайдаланат;
арыз берүүчү (заказчы) — инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга, керектелген жүктөмдү өзгөртүүгө байланышкан объекттин жаңы курууну,реконструкциялоо, кайра профилдөө, кайра пландоо жүргүзүүчү, курууга уруксат берүү документтерин алууга ыйгарым укукту органдарга кайрылуучу уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан жеке же юридикалык жак;
инженердик-техникалык кызматтар – бул долбоорлонуп жаткан курулуш объекттерин электр менен камсыздоону, жылуулук менен камсыздоону, газ менен камсыздоону, суу менен камсыздоону жана сууну чыгарууну (канализацияны), ирригация менен камсыздоону ошондой эле телефонизацияны жана байланыштын башка түрлөрүн камсыз кылуучу уюмдар;
кийинкиге калтырылган кошуу — кайрылган учурда инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына объектти дароо кошуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо, кошуунун кечиктирилген мөөнөтү, шарттары жана параметрлери менен техникалык шарттарды берүүнү караган, долбоорлоо, уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн негиз болуп кызмат кылган объектти инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу формасы;
жөнгө салуу мезгили — электр жана жылуулук менен камсыз кылуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулуу үчүн төлөмдүн базалык өлчөмү белгиленүүчү жана бекитилүүчү календардык жыл;
тармактарга кошулууга төлөм — белгиленген кошуу түйүнүндөгү тармакка кошуу иштери боюнча аткаруунун чыгымдары;
электр жана жылуулук менен жабдуучу уюмдардын тармактарына технологиялык кошулууга төлөм — кошулган түйүндө керектүү кубаттуулукту камсыз кылуу үчүн инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чаралардын комплексин аткарууга негизделген чыгымдар;
тармактарга кошуу - кошуу чекитиндеги тармакка түздөн-түз оюп орнотуу боюнча жумуштарды аткаруу;
тармактарга кошулуу — долбоорлонуучу жана курулуучу объекттен техникалык шарттар менен аныкталган кошулуу чекитине чейин инженердик коммуникацияны өткөрүү боюнча жумуштарды аткаруу;
өткөрүү жөндөмдүүлүгү — инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын белгиленген убакта берилген режимде ресурстардын эсептик санын өткөрүү жана кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;
ресурстар — электр энергиясы, муздак жана ысык суу, жаратылыш газы, жылуулук энергиясы, электр менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо жана сууну чыгаруу (канализация) боюнча коммуналдык кызматтарды көрсөтүү үчүн, ошондой эле долбоорлонуп жаткан курулуш объекттеринин иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон телефонияны жана байланыштын башка түрлөрүн камсыз кылуу үчүн пайдаланылат;
инженердик-техникалык камсыздоо тармактары — менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде турган, электр менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, сууну чыгаруу (канализация), ирригация менен камсыздоо ошондой эле телефонияны жана байланыштын башка түрлөрүн камсыз кылуу максатында түздөн-түз пайдаланылуучу объекттердин жыйындысы;
коммуникациялардын схемасы — архитектура жана курулуш органы тарабынан түзүлүүчү жана тиешелүү маалыматка ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы жана пландаштырылган тармактарынын жайгашуусун чагылдыруучу документ;
техникалык шарттар — инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына объектти кошуу үчүн зарыл болгон талаптарды, анын ичинде кошуу чекитин, жол берилген жүктү (кубаттуулукту), камсыздоо булагын, берилүүчү ресурстун же чыгарылуучу продуктунун параметрлерин, жөнгө салуу ыкмасын жана графигин аныктоочу жана анын колдонуу мөөнөтү ичинде арыз ээсинин кошулуу укугун кепилдеген документ;
техникалык тейлөө — инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын профилактикалык карап чыгуусун, учурдагы жана авариялык тейлөөсүн камтыган иш-чаралардын комплекси;
технологиялык жактан байланышкан тармактар — менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде ар кандай уюмдарга таандык болгон, өз ара кошуу чекиттери бар жана бирдиктүү технологиялык система катары иштеген инженердик-техникалык камсыздоо тармактары;
технологиялык кошуу — кошуу чекитинде ресурстун зарыл болгон кубаттуулугун камсыздоого багытталган инженердик-техникалык жана уюштуруучулук иш-чаралардын жыйындысы;
кошуу чекити — бекитилген коммуникация схемасына ылайык курулуш объектисине же жер участогуна эң жакын болгон, түзүлүштү же курулманы электр менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, сууну чыгаруу (канализация), ирригация менен камсыздоо ошондой эле телефония жана байланыштын башка түрлөрү системаларына кошуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуучу жер.
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 102-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
2-бөлүм. Объекттерди курууда, реконструкциялоодо, кайра профилдөөдө жана кайра пландоодо техникалык шарттарды алуу тартиби
5. Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шарттарды берүүнү инженердик-техникалык кызматтар шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын суроо-талабынын негизинде, ал эми курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу мезгилине убактылуу кошуу учурунда - заказчынын суроо-талабы боюнча жүзөгө ашырат.
6. Ресурстарды керектөө көлөмүнүн өзгөрүшү менен коштолбогон объектти реконструкциялоодо, кайра профилдөөдө же кайра пландоодо жаңы техникалык шарттарды алуу талап кылынбайт.
7. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын суроосунда заказчынын аталышы, курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландаштыруу объектисинин жайгашкан жери (дареги) камтылууга тийиш, ошондой эле заказчы же долбоордук уюм тарабынан курулуш иштерин жүргүзүү ниети жөнүндө арыздын курамында берилген документтердин көчүрмөлөрү кошулушу керек. Көрсөтүлгөн суроо кагаз түрүндө же электрондук форматта «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы жана/же башка программалык каражаттар аркылуу жөнөтүлөт.
8. Инженердик-техникалык кызматтар ушул Эрежелердин 7-пунктунда көрсөтүлгөндөн тышкары кошумча документтерди талап кылууга укугу жок.
9. Инженердик-техникалык кызматтар шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдан суроо-талап алган күндөн тартып он жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө ушул Эрежелерге тиркемеге ылайык белгиленген форма боюнча курулуш объектисин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шарттарды жана акы жөнүндө маалыматты аныктайт жана берет же жүйөлүү баш тартууну жөнөтөт.
10. Техникалык шарттарды берүүдөн баш тартууга инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга техникалык мүмкүнчүлүктүн жоктугу негиз болуп саналат.
11. Инженердик-техникалык кызматтар жүйөлүү баш тартууну жөнөтүүдө бир эле учурда заказчыга кечиктирилген кошулууга, модернизациялоого же альтернативдүү инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын долбоорлоого жана курууга техникалык шарттарды сунуштайт.
12. Инженердик-техникалык кызматтар шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан жөнөтүлгөн суроо-талапты аткаруу мөөнөтүн узартууга укуксуз.
13. Эгерде белгиленген мөөнөттө техникалык шарттар берилбесе, техникалык шарттар берилди деп эсептелет. Мында шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган бош кубаттуулуктар жөнүндө маалыматтын, тармактарды өнүктүрүү схемаларынын, инвентаризациянын жыйынтыктарынын жана башка жеткиликтүү булактардын негизинде объектти кошуу чекиттерин өз алдынча аныктоого укуктуу.
14. Техникалык шарттар төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
− объекттин аталышы жана дареги;
− ар бир кошуу чекитиндеги уруксат берилген кубаттуулук;
− кошуу чекиттери;
− ар бир кошуу чекитине иш жүзүндөгү максималдуу жүктөм;
− курулуш объектисин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун болжолдуу мөөнөтү;
− техникалык шарттардын колдонуу мөөнөтү;
− атайын техникалык талаптар;
− берилүүчү ресурстун бирдигинин кошуу наркы.
15. Бул Эрежелердин 14-пунктунда каралбаган талаптарды, анын ичинде ички инженердик системаларга жана жабдууларга коюлуучу талаптарды техникалык шарттарга киргизүүгө жол берилбейт.
16. Техникалык шарттарды берген инженердик-техникалык кызматтар алардын колдонуу мөөнөтү ичинде, ошондой эле курулуш аяктаганга чейин алардын мазмунун өзгөртүүгө же алардын аракеттерин токтотууга укуксуз, эгерде долбоордук документация көрсөтүлгөн техникалык шарттардын колдонуу мөөнөтү ичинде макулдашылган болсо.
17. Мурда уруксат берилген кубаттуулукту көбөйтүү же азайтуу зарыл болгон учурда заказчы инженердик-техникалык кызматка тиешелүү жазуу жүзүндөгү суроо-талапты жөнөтөт. Инженердик-техникалык кызмат суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде кошуу чекиттерин өзгөртпөстөн жана мурда берилген техникалык шарттардын аракеттерин токтотпостон техникалык шарттарды берүүгө милдеттүү.
18. Техникалык шарттар эки жылдан кем эмес мөөнөткө берилет жана объект инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулган учурдан тартып күчүн жоготот. Инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын курууга долбоордук документацияны техникалык шарттардын колдонуу мөөнөтү ичинде макулдашылган учурда алардын колдонуу мөөнөтүн узартуу талап кылынбайт.
19. Техникалык шарттардын колдонуу мөөнөтү заказчынын арызынын негизинде бир жылдан ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн, ал арыз берилген күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде каралат.
20. Бош кубаттуулуктардын болушу, инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы жана пландаштырылган схемалары, ошондой эле техникалык шарттарды берүүгө жана курулуш объекттерин кошууга акынын өлчөмү жөнүндө маалымат заказчылардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талаптары боюнча он жумушчу күндүн ичинде берилет.
21. Техникалык шарттарды алуу эрежелери жана курулуш объектисин инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга акынын өлчөмү жөнүндө маалымат акы албастан берилет.
22. Инженердик-техникалык кызматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык техникалык шарттарды акы төлөнүүчү, ошондой эле акысыз негизде берүүгө укуктуу.
23. Эгерде техникалык шарттар инженердик-техникалык кызматтар тарабынан акы төлөнүүчү негизде берилсе, баалардын прейскуранты белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик монополияга каршы орган менен макулдашылууга, ошондой эле инженердик-техникалык кызматтардын расмий интернет-ресурстарында жана көрүнөө жерлеринде милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
24. Эгерде техникалык шарттарды берүү инженердик-техникалык кызматтар тарабынан акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылса, көрсөтүлгөн органдар шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органга эсеп коет.
25. Инженердик-техникалык кызматтар прейскурантта каралбаган кызматтар (иштер) үчүн эсеп койбостон техникалык шарттарды берүү үчүн эсептерди коет. Эгерде заказчы жеке жак болуп саналса, эсеп жеке жак катары, эгерде юридикалык жак болсо - юридикалык жак катары коюлат. Эгерде прейскурантта нарк курулуш объектиси боюнча же суралып жаткан инженердик жүктөмдөрдүн көлөмүнөн аныкталат деп каралса, эсеп тиешелүү курулуш объектиси боюнча же суралып жаткан жүктөмдөр боюнча коюлат.
26. Инженердик-техникалык кызматтар белгиленген тартипте коюлган эсептердин тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
27. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча инженердик-техникалык кызматтар «Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн жана пайдаланууга берилүүчү курулуш аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө» Жободо каралган учурларда техникалык шарттардын аракеттерин токтото турат, аларды жокко чыгарат, ошондой эле коюлган эсептерди жокко чыгарат.
28. Шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган заказчыдан төлөм келип түшкөндөн кийин инженердик-техникалык кызматтарга акча каражаттарын алардын банктык эсебине которуу жолу менен которот.
3-бөлүм. Инженердик-техникалык камсыздоонун альтернативдүү тармактарын модернизациялоо же долбоорлоо жана куруу тартиби
29. Курулуш, реконструкциялоо, кайра профилдөө же кайра пландоо объектисин инженердик-техникалык камсыздоонун учурдагы тармактарына кошуунун техникалык мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда заказчы инженердик-техникалык кызматтар менен биргеликте келишимдик негизде учурдагы тармактарды модернизациялоону жүзөгө ашырууга же суу менен камсыздоо, ирригация менен камсыздоо электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, канализация, телефонизация жана байланыштын башка түрлөрүн кошуу менен инженердик-техникалык камсыздоонун альтернативдүү тармактарын долбоорлоону жана курууну аткарууга укуктуу.