Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июну № 344
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:
- 10-пунктта "жана айдоочунун өздүк карточкасына" деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пунктта:
сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
он үчүнчү абзацта ", айдоочунун өздүк карточкасы" деген сөздөр алып салынсын;
- 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43. Мурда берилген улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүнүн ордуна улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүү үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди берет:
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин;
- транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча арызды;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020, 2023-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, же болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту - Кыргыз Республикасында жайгашкан же андан тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны үчүн;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылган Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жүргөн же барган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда белгиленген тартипте консулдук легалдаштыруу жөнүндө белги же апостиль коюп, мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген датасы 12 айдан ашпаган медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы айдоочулук күбөлүктү же улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү (жоголгон учурда берилбейт);
- айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүктү. Электрондук маалымат базасында маалыматтар болгондо күбөлүк берилбейт. Окугандыгы жөнүндө күбөлүк жана электрондук маалыматтар системасында маалыматтар болбосо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ берилет.
Берилген документтердин түп нускалары сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системага сканерленет жана айдоочулук күбөлүк алмаштырылганда бардык реквизиттер толтурулгандан кийин ээсине кайтарылат.";
- 64-пункттун онунчу-он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 67-пункттун биринчи абзацында ", айдоочулардын өздүк карточкаларынын көчүрмөлөрү" деген сөздөр алып салынсын;
- 68-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"68. Окугандыгы тууралуу күбөлүктөр, медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүнү ырастаган документ сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системада сканерленет жана бардык реквизиттер толтурулгандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө ээсине кайтарылат.";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелеринде:
- 34, 39, 40-пункттарда "жана жеке карточкага", "жана өздүк карточканын" деген сөздөр алып салынсын;
- 43-пункттун биринчи абзацында ", тракторист-машинисттин өздүк карточкасы" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |