Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 24-январы № 3/4
Ылай-Талаа айылындагы жаңы чек жана бак участкасынын көчөсүнө (маркум) Сыдыков Турдумаматтын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айылынын №7 бөлүмүнүн тургундарынын 2025-жылдын 10- январындагы жалпы жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айылындагы жаңы чек жана бак участкасынын көчөсүнө (маркум) Сыдыков Турдумаматтын ысымы ыйгарылсын.
2.Аты коюлган көчөнүн аталышын жаздырып, жолго шагыл төктүрүп, өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде жарыктандыруу ж.б. маселелерине демөөрчүлүк иш-аракеттерин жүргүзүү менен көчөнү талаптагыдай абалга келтирүү жагы небереси Сыдыков Жоомартка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |