Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 24-январы № 3/5
Айыл аймагындагы зыянкеч жырткыч чөө бөрүлөрдү жана карышкырларды атып жок кылууну шыктандыруу үчүн көрүлүүчү чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык айыл аймагындагы зыянкеч жырткыч чөө бөрүлөрдү жана карышкырларды атып жок кылууну шыктандыруу үчүн көрүлүүчү чаралар боюнча Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы зыянкеч жырткыч чөө бөрүлөрдү жана карышкырларды атып жок кылган атуулдарга төмөндөгүдөй акча каражаты сый-акы катары бөлүнүп берилсин:
- жок кылынган чөө бөрүгө 1 башына – 1500 сом;
- жок кылынган карышкырга 1 башына – 5000 сом.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |