Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз VI сессиясынын жыйыны
2024-жылдын 13-сентябры № 6/15
Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388-беренесине ылайык аталган берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жер салыгынын өлчөмдөрүн дифференциялоо боюнча айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмү тууралуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Моңошеванын берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагында жер салыгынын өлчөмдөрүн дифференциялоо боюнча айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмү 1,5 болуп бекитилсин жана 2025-жылдын 1-январынан баштап колдонууга алынсын.
2. Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмү бекитилгендигине байланыштуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга караган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Козуевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Кадыркулов |