Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 5-февралы № 1/1
Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга түзүлгөн бюджетинин долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна жана Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 21.01.2025-жылдагы № 01-14/49 чыгуу санындагы катына ылайык “Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга түзүлгөн бюджетинин долбоору жөнүндөгү” Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Козуевдин маалыматын, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 2025-жылга 47 482,2 миң сом, чыгаша бөлүгү 47 482,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде , ошондой өндүрүштүк көлөмдөрүн, баалардын деңгээлдеринин, инфляциянын деңгээлинин болуп жаткан башка процесстердин эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы жана чыгымдар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык Кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |