Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 5-февралы № 1/2
Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын реестри жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын реестри жөнүндөмаалыматты,Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Калкка көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтарды бекитилген реестр боюнча ишке ашыруу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |