Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 5-февралы № 1/3
“Ылай-Талаа Таза Суу – Тазалык” МИнын 2025-жылга түзүлгөн бюджетинин долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык “Ылай-Талаа Таза Суу – Тазалык” МИнын 2025-жылга түзүлгөн бюджетинин долбоору тууралуу маалыматты, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ылай-Талаа Таза Суу – Тазалык” МИнын 2025-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү жайыт салыгы ичинде 4 228 800 сомго бекитилсин.
2. Жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей сарамжалдуу пайдалануу, жайыт акыларынан чогултуу боюнча кескин чараларды көрүү жана сырттан келген малдар боюнча элдик жыйындарга алып чыгып алардан алынуучу жыйымдар боюнча так маалыматтарды берүү менен максаттуу чыгымдарга жумшоо, калкты ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгууну жакшыртуу, айыл аймагында жашаган Афган согушунун ардагерлерине таза суу, сугат суу жана таштанды төлөмдөрүнө 50 пайыздык жеңилдикти кароо менен 2025-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө, “Ылай-Талаа Таза Суу – Тазалык” МИна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |