Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 25-февралы № 2/1
Айыл аймагындагы жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык айыл аймагындагы жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө “Ылай-Талаа Таза Суу – Тазалык” МИнын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу С.Эсеналиевдин маалыматын, айылдык Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндөЫлай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей туура бөлүштүрүү, жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт акыларынан чогултуу боюнча кескин чараларды көрүү, сырттан келген малдын башын тактап, нөөмөттүк көзөмөл постту уюштуруу, алардан салык өндүрүү жана өз убагында элдерди жайлоого көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жайлоого кеткиче малдын башын тактап эсепке алуу, долбоор аркылуу келген атайын техникаларды ижаралык келишимдин негизинде эффективдүү пайдалануу, жайыт жолдорун оңдогонго жаңы кубаттуу техника сатып алуу жана аларды иштетүүдөн түшкөн акчанын тиешелүү бөлүгүн бюджетке түшүрүү, 2025-жылга бекитилген бюджеттин аткарылышын камсыз кылуу, жайыт багытындагы жер аянттарын уруксаты жок өз алдынча тосуп алгандарга чара көрүп, кашааларын алдыруу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге, “Ылай-Талаа Таза Суу – Тазалык” МИнын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу С.Эсеналиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешини агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы М.Исабаев ) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |