Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 25-февралы № 2/3
Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагында жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы боюнча айыл өкмөтүнүн жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Кетирилген кемчилдиктерди оңдоо менен бирге айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын уюштуруу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жыл аягына чейин көңүл сыртында калтырбай, аймактарды өнүктүрүү боюнча кабыл алынган иш-чаралардагы тапшырмалардын айыл аймагындагы мекеме-уюмдар тарабынан аткарылышын дайыма көзөмөлдөө менен бирге жол боюндагы арыктардын талаптагыдай деңгээлде болушуна, эгилген көчөттөрдүн куурап калышына жол бербөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге, айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловго, айыл аймагындагы мекеме-уюмдун жетекчилерине милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Мойдунов |