Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясынын жыйыны
2025-жылдын 25-февралы № 2/5
Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө
Бүтүндөй архитектуралык-эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелерине, "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, аймактык территориядагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптар боюнча Жобо бекитилсин жана жетекчиликке алынсын.
2. Айыл аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын паспортторунун формасы ушул Жобого ылайык келтирилсин.
3. Айыл аймагындагы LED экрандарга жарнамалык видеороликтерди жайгаштыруунун төмөндөгүдөй тарифи бекитилсин:
а) 1 минутага чейинки видеороликтер үчүн жеке жактарга 15 000 (он беш миң) сом, юридикалык жактарга 5 000 (беш миң)сом;
б) 1 минутадан 5 минутага чейинки видеороликтер үчүн жеке жактарга 30 000 (отуз миң) сом, юридикалык жактарга 10 000 (он миң) сом,
в) айыл аймагындагы мекемелерге, жеке ишкерлерге жана айыл тургундарына 50 пайыздык жеңилдик каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.
Төрага: | А. Мойдунов |