Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы № 2/1
Керме-Тоо айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан сунушталган Керме-Тоо айылдык кеңешинин Регламентин угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы “Жергиликтүү кеңештердин Типтүү регламенттерин бекитүү жөнүндө” №01-25/330 буйругун жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 30-33 жана 34-беренелерин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айылдык кеңешинин Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген Регламентке ылайык иш алып баруу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |