Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы № 2/2
Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планын түзүү жана бекитүү боюнча маселени Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан сунушталган иш планды угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |