Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы № 2/3
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата калдык акча (бюджет 2118.9+49.0) = 2167.9 миң сомду кошкондо жалпы киреше 38425,5 миң сомду түзөт, ал эми чыгашалардын аткарылышы 35618,6 миң сомду түзүп, киреше чыгашадан 2025-жылдын 1-январына карата 2806.7 миң сомду түзүп, анын ичинен (бюджеттен 2790.8 миң сом, атайын эсеп счетунда 15.9 миң сом) артыкчылыгы менен белгиленсин.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджети киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы атайын эсеп счетунун аткарылышы жыл башындагы калдыгы 49.0 миң сом ата-энелерден түшкөн киреше 836.7 миң сом, жалпы киреше 885.7 миң сомду түзөт, ал эми чыгаша бөлүгү берене 2218 ыссык тамак 869.8 миң сом, 2025-жылдын 1-январына 15.9 миң сомду түздү. № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |