Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы № 2/4
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата киреше боюнча калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын күн тартибиндеги 3-маселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата калдык 2806,7 миң сомду түзүп бюджеттен 2790,8 миң сом акча каражатынын пайдалануусу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата атайын эсебиндеги 15,9 миң сом акча каражатынын пайдалануусу № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсун.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |