Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы № 2/5
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмү тарабынан даярдалып, айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн 2025-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып, айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынып, айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусу менен атайын комиссияда талкууланып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан жактырылган Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө күн тартибиндеги 3-маселени угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылга айылдык бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар №1 тиркемеге ылайык белгиленсин.
2.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-2026-2027-жылдарга айылдык бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын, 2025-2026-2027-жылдарга берилүүчү жергиликтүү бюджетин болжолу 2025-жылга 31539,1 миң сом, 2026-жылга 32836,7 миң сом, 2026-жылга 34472,7 миң сом жана теңдештирүүчү грантынын болжолу 2025-жылга 13360,5 миң сом, 2026-жылга 13360,5, миң сом, 2027-жылга 13360,5 миң сомго белгиленсин жана ар бир бюджеттик жылда тактоого алынсын.
3. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акыга, социалдык фондуна, тамактануу жана жеңилдиктерге) ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлсүн.
Чыгашалардын корголгон беренелер боюнча штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
4. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн администрациясы төмөндөгүлөргө укуктуу:
Эгерде бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун 1 беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө: кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга: киргизилген өзгөртүүлөр Керме-Тоо айылдык кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
5. Айылдык бюджетке кирешеден чегерүүлөр кирешелерден алынуучу салык (подоход. налог) боюнча 90%, жана роялти боюнча 50,0% өлчөмүндө, сатуудан алынуучу салык боюнча 100% өлчөмдө жергиликтүү бюджетке чегерилсин. Транспорт салыгы, жер салыгы, патенттерден түшүүчү киреше, ФПСтин аренда акысы, кыймылсыз мүлк салыгы толугу менен 100,0% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерилсин.
6. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу болгон жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн №14152200 «Жайыт жерлеринин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр» беренесине толугу менен чегерилсин.
7. Жайыт жерлеринин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн 3/2 бөлүгү жайыт комитеттеринин чыгашаларына, калган бир бөлүгү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелерине чечүү үчүн жумшалсын.
8. Жайыт комитетинин 2024-жылга бюджети киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар 482,2 миң сомго белгиленсин.
9. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Манас, Жеңиш жана Бирлик айылдарына-1, Пахта-Арал, Жаны-Жол жана Жаштык айылдарына-1, Чөгөм, Күндөлүк, Сары-Булак жана Байдамтал айылдарына-1, Кичи-Алай айылына-1 бардыгы болуп 4 айыл башчы белгиленсин
10. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 22154900 статьясынын эсебинен 2 штат бирдигин каржылоо жана жергиликтүү кенештин мыйзамына ылайык кеңештин төрагасына ар бир сессиянын өткөрүлгөнүнө айыл өкмөтүнүн башчысынын бир күндүк эмгек акы төлөп берүү белгиленсин. Сессиянын чечимдерин юстициядан каттоо үчүн ар бир өткөрүлгөн сессиянын документтерине 300 сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн кызматтык автомашинасы жараксыз абалда болгондуктан окмот башчынын менчик автомашинасын жыл ичинде иштеткенге күйүүчү майлоочу каражат (ГСМ) жана автомашинанын амортизациясына жалпы суммасы 357,6 миң сом эсебинде каралсын жана ушул сумманы компенсаци кылып накталай ажырытылып берилсин.
12. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын, казыналык системасынан тышкары пайдалануусуна тыюу салынсын балдар бакчаларындагы ата-энелерден түшкөн взносторду ар бир балага 46 сомдон белгиленсин..
13. ЖӨБ Союзунунун ассоциацияларынын мүчөлүк акысы 1% эсебинде кармалып өткөрүлөп берилсин.
14. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын жана Керме-Тоо айылдык кеңешинин төрагасынын даректерине жарандардан келип түшкөн арыз-кайрылууларда көрсөтүлгөн көйгөлүү маселелерди кезеги менен чечүүгө Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бекитилген бюджетинин (2222)-беренесиндеги акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчы С.Абдурасуловго жүктөлсүн.
15. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |