Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы № 2/6
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы “Жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун Керме-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясынын отурумунда карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” №735 токтому менен бекитилген убактылуу Жобосунун 2-главасынын 5-пунктун жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 65-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында жайыттарды пайдалануу укугун берүү ачык-айкындуулук, жалпыга жеткиликтүүлүк жана жайыттарды үзгүлтүксүз сарамжалдуу, туруктуу пайдалануу принциптерин жүзөгө ашыруу, жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүү, ошондой эле өз аймагынын чектеринде экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу максатында Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы “Жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
2.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы “Жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы “Жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын директорун Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык дайындоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Б.Мамажунусовго сунушталсын.
4.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы “Жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын директору жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык планын иштеп чыксын.
5.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы “Жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын жайыт ресурстарынын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишими жана жайыт билети даярдалсын.
6.Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы “Жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга киреше жана чыгаша сметасы бекитилсин.
7. Муниципалдык ишкананын директору мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган өз аталышы түшүрүлгөн мөөрүн, штампын, бланкын жасатууну жана жаңыдан түзүлгөн ишкананы юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүүнү колго алсын.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |