Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы № 2/8
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолуу Кичик-Алай айылына контейнердик май куюучу станция (КМКС) ачууга макулдук берүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Кичик-Алай айылынын тургуну М.Эргешовдун өзүнө караштуу 0,08га жеринин 0,02га жерине жергиликтүү калктын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында контейнердик май куюучу станция (КМКС) ачууга макулдук берүүнү сурап жазган арызынкарап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Кичик-Алай айылынын тургуну М.Эргешовдун өзүнө караштуу 0,08га жеринин 0,02га жерине жергиликтүү калктын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында контейнердик май куюучу станция (КМКС) ачууга макулдук берүүнү сурап жазган арызы канааттандырылсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Кичик-Алай айылында жайгашкан жер тилкени башка багыттарга которууга жана кайра пландаштырууга уруксат берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |