Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы № 2/10
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык айылынын тургуну Т.Исакованын жазган арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган 4-маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык айылынын тургуну Т.Исакованын жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Жаштык айылынын тургуну Т.Исакованын жазган арызы канааттандырылсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылы С.Эшматов көчөсү үй №70 дарегинде жайгашкан 919,0 чарчы метр жер тилкесин турак жай багытына которууга жана кайра пландаштырууга уруксат берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |