Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы № 2/15
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы №48 “Гүлбаар” орто мектебине караштуу “Гүлбаар” балдар бакчасынын эки бөлмөсүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, керектүү эмеректерди жана тиричилик техникаларын алуу үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен ишке ашыруу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган 4-маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы №48 “Гүлбаар” орто мектебине караштуу “Гүлбаар” балдар бакчасынын эки бөлмөсүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, керектүү эмеректерди жана тиричилик техникаларын алуу боюнча маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылындагы №48 “Гүлбаар” орто мектебине караштуу “Гүлбаар” балдар бакчасынын эки бөлмөсүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, керектүү эмеректерди жана тиричилик техникаларын алууга Ош облустук өнүктүрүү фондунан 2 915 800 (эки миллион тогуз жүз он беш миң сегиз жүз) сом акча каражаты суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |