Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы № 2/16
“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №53 Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 15-ноябрындагы №52-280 буйругун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Эл арасында Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №53 Мыйзамы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы, мечиттердин имамдары жана айыл башчылар тарабынан кеңири жайылтылып, түшүндүрүү иштерин тынымсыз алып барышсын.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы, мечиттердин имамдары жана айыл башчылары Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №53 Мыйзамынын талаптары жана эрежелери иш жүзүндө ишке ашышы боюнча тийиштүү чараларды көрүшсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |