Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы № 2/17
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн бийик тоолу аймагында жайгашкан Кичик-Алай айылынын Кызыл-Шоро көчөсүндөгү ички жолду асфальттоо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган 4-маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн бийик тоолу аймагында жайгашкан Кичик-Алай айылынын Кызыл-Шоро көчөсүндөгү узундугу 600 метр аралыгындагы ички жолду асфальттоо боюнча маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 27, 34-беренелерин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн бийик тоолу аймагында жайгашкан Кичик-Алай айылынын Кызыл-Шоро көчөсүндөгү узундугу 600 метр аралыгындагы ички жолду асфальттоо үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондунан 5 529 576 (беш миллион беш жүз жыйырма тогуз миң беш жүз жетимиш алты) сом акча каражаты суралсын.
2. Асфальттоо иштерине керектүү болгон документ иштерин бүтүрүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абсатар уулу Мунарбек |