Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-июну № 329
Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 19, 31, 32, 35-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюму жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн окуу-методикалык бирикмеси жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмунун факультети жана кафедрасы жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмунун окумуштуулар кеңеши жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарында профессордук-окутуучулук курамдын кызмат орундарын ээлөө тартиби жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык;
7) Кыргыз Республикасында кесиптик кошумча билим берүү жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык;
8) Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюму жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;
9) Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарында билим алуучуларды учурдагы жана орто аралык аттестациялоо жана академиялык кредиттерди колдонуу менен окуу процессин уюштуруу жөнүндө типтүү жобо 9-тиркемеге ылайык;
10) Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын чегинде, ошондой эле кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын уюштуруучуларынын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтары;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 294 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-августундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654 "Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пункту;
14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 693 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ишин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
15) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 "Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1, 4-пункттары;
16) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А. А. Касымалиев |