Редакцияот 09.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Найман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2024-жылдын  9-январы № XIX-4

Найман айылдыккеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясынын 2023-жылдын 7-июнундагы № XV-1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө                              .

Найман айылдык кеңешининVII чакырылышынын кезексиз   XV  сессиясынын 2023-жылдын 7-июнундагы № XV-1 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча маселени карап жана талкуулап, Найман айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Найман айыл өкмөтүнүн « айыл чарба багытындагы жердин » айыл чарба эмес түрүнө кирген № 69- контурундагы 0,10 га жана 76-контурундагы 0,90 га жалпысы 1,0 га жер аянтын « өнөр жайдын транспорттун байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.

2.Жогорудагы аталган жер аянтынын категориясын өзгөртүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер боюнча комиссиясынан суралсын.

3.Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеңешинин жер, суу жана электр энергия, жолдор боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А. Сатар уулу