НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2024-жылдын 9-январы № XIX-6
Найман айылында жайгашкан паркка тиешелүү жер аянттарын убактылуу ижарага берүү жөнүндө .
Найман айылында жайгашкан парк ондоп-түзөөдөн өткөрүлүп, элдин дем алуусуна шарт түзүү үчүн паркка тиешелүү болгон жер аянтынан КР Жер Кодексинин 7-13 статьяларынын негизинде иштетип турууга элдерге убактылуу ижарага берүү максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Найман айылынын тургундары:
1.М.Ибраева (3х3)(«кривое зеркало» оюн зоок ойноочу жай ачуу)
2.Л.Мирбаева (3х3) (дүкөн ачуу)
3.Б.Мадимарова (3х3) (дүкөн ачуу же оюн зоок ойноочу жай ачуу)
4.М.Мамаджанова (10х10) (карусель куруу)
5.А.Исманалиева (10х10) (балмуздак сатуучу жай ачуу)6. И.Эргешов (10х10) (батут ойноочу жай ачуу) үчүн жазган арыздары кароого алынсын жана суралган жер аянттарына женил конструкциядагы курулуштар куруу үчүн келишим түзүлүп, убактылуу ижарага берилсин.
2.Жогорудагы жарандарга убактылуу ижарага келишим түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Сатар уулу |