Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2024-жылдын 9-январы № XIX-7
Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн акча каражатын кароо жөнүндө .
Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн жергиликтүү бюджеттен каржыланган акча каражатын кароо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнө негиз Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Найман айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен каржыланган акча каражатынын суммасы 10 (он ) сом эсебинде бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Бөлүнүп берилген акча каражатын максаттуу иштетилишине жоопкерчилик балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин, мыйзамдуулугуна көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | А. Сатар уулу |