Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1-3
Элдик Курултайга Көк-Жар айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Көк-Жар айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2024-жылдын 01-октябрындагы № 2 чечимине негиз, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны Көк-Жар маданият үйүндө 2024-жылдын 07-декабрь күнү саат 10-00 дө өткөрүлсүн.
2.Көк-Жар айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын айылдын жашоочуларынын санына жараша катышуучулардын нормасы 200 болуп бекитилсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (3-тиркеме тиркелет) (мындан ары – Жумушчу топ).
5. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жооптуу болуп Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин.
6. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүдө уюштуруп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, айылдардагы жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | Р. Арапов |