Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 2-4
«Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин башчысы А.Шамуратовдун 2024-жылдын 12-декабрындагы №688 сандуу катын кароо жөнүндө
«Көк-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин башчысы А.Шамуратовдун 2024-жылдын 12-декабырндагы №688 сандуу катына ылайык, Көк-Жар айыл аймагына караштуу Беш Арча бөлүмүндөгү жайыт жеринен 96,0 га жер аянтын ижарага алган «Агро-Доор» ЖЧКсы келишимдеги 96,0 га жер аянтынын ичиндеги 9,0 га жер тилкесине кыш завод куруу үчүн, «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которууга макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык, «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш Арча бөлүмүндөгү жайыт жеринен 96,0 га жер аянтын ижарага алган «Агро-Доор» ЖЧКсы келишимдеги 96,0 га жер аянтынын ичиндеги 9,0 га жер тилкесине кыш завод куруу үчүн «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Осмоновго жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |