Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 2-5
2024-жыл ичиндеги жаратылыш кырсыгынан катуу шамалдан жабыркаган социалдык имараттарга мамлекеттик камсыздандыруудан келген акча каражаты тууралуу
Мамлекеттик камыздандыруудан К. Акматов атындагы «Борбаш» орто мектебинин жана маданият үйүнүн катуу шамалдан улам жабыркаган шиферлерин алмаштыруу үчүн келген акча каражатын бөлүштүрүү боюнча Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуп угуп жана талкуулап «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К. Акматов атындагы «Борбаш» орто мектеби жана маданият үйүнүн катуу шамалдан улам учуп кеткен шиферлерин алмаштыруу үчүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан каржыланган 140,0 (бир жүз кырк миң) сом акча каражаты 1-тиркемеге негиз бекитилсин.
2.Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы айыл аймагынын башчысы Шамуратов Азизбек Гыламидиновичке жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |