Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
2024-жылдын 30-декабры № 3-1
Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер көрсөтүү жөнүндө
Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер көрсөтүү боюнча Шамаева Келсинай Шараповна жана Пахердинов Медетбек Ахуновичтин арыздарына жана жарандардын чогулушунун протоколуна негиз, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин” мекемесинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамына талапкер Шамаева Келсинай Шараповна жана Пахердинов Медетбек Ахуновичтин талапкерлиги көрсөтүлсүн.
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин” мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага: | Р. Арапов |