Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
2024-жылдын 30-декабры № 3-2
«Каранай» негизги мектебинин жаңы имараты курулуучу жер аянтындагы бак дарактарды кесүүгө жана эскилиги жеткен имаратты бузууга макулдук берүү жөнүндө
«Каранай» негизги мектебинин директору А.Жумабаеванын арызына негиз, «Каранай» негизги мектебинин жаңы имараты курулуучу жер аянтындагы бак дарактарды кесүүгө жана «Сандвич» ЖЧКсынын 2014-жылдын 26-октябрындагы техникалык корутундусуна негиз, эскилиги жеткен, баланстык баасы 1 404 807 (бир млн төрт жүз төрт мин сегиз жүз жети) сом мектептин имаратын бузууга макулдук берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ”Мыйзамынын 27-беренесинин 2-9-пункттарына негиз, «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Каранай» негизги мектебинин директору А.Жумабаеванын арызына негиз, «Каранай» негизги мектебинин жаңы имараты курулуучу жер аянтындагы бак дарактарды кесүүгө макулдук берилсин.
2. «Каранай» негизги мектебинин эскилиги жеткен, баланстык баасы 1 404 807 (бир млн төрт жүз төрт мин сегиз жүз жети) сом болгон мектептин имаратын бузууга макулдук берилсин.
3.Тиешелүү мамлекеттик ишканалардан корутунду алуу жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шамуратовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |