Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 30-декабры № 3-4
2025-жылга карата айыл аймагынын жарандарынын тамарка, айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыктарына жеңилдиктерди берүү жана коэфициенттерди белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 324-беренесинин 1,2,3-бөлүмчөлөрүнө ылайык, «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында 2025-жылга карата үйдүн жанындагы, короо жай жана багбанчылык-огород участоктор жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына зоналык коэфициенти 1,2 болуп бекитилсин.
2. 1,2,3- топтогу мүлк салыгы 1,0 коэффициенти менен эсептелинсин.
3.Тамарка салыгынан 2067 (эки миң алтымыш жети) кожолука жеңилдик берилсин (пенсионерлер, көп балалуулар, ВОВ катышуучулары, ДРА, Баткен, ЧАЭС, майыптар).
4.Жеңилдик алган жарандардын тамарка аянты 0,15 га ашса, ашыкча аянты үчүн тамарка салыгын төлөө жагы милдеттендирилсин.
5.2025-жылга карата айыл аймагы боюнча кожолука таштанды салыгы 120 (бир жүз) сом жана ишкерлерге ар бир ишчи башына 120 ( бир жүз) сом болуп бекитилсин.
6.Айыл чарба багытындагы жер салыгы 1 га аянтына сулуу, 619 сом 50 тыйын, кайрак 93 сом 40 тыйын жана бак 349 сом 50 тыйын болуп бекитилсин.
7.Айыл аймагында төлөнүүчү салыктардын эсептелинишине карата инфляция коэффициенти 1,147 болуп бекитилсин.
8. Жогорудагы салыктардын план боюнча мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А. Шамуратовго, ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке жана айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |