Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 30-декабры № 3-5
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетин жана 2026-2027-жылдарга карата бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
2025-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2025-жылга Республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоору тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын 27-статьясынын 4-пунктуна, 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн 20-главасынын 102-беренесине ылайык Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 66 081 400 (алтымыш алты млн сексен бир мин төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.2025-жылга айылдык бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2025-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана комуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2-тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Киреше болжолу 2026-жылга жылга 70 388 200 (жетимиш млн үч жүз сексен сегиз миң эки жүз) сомго жана 2027-жылга 75 811 600 (жетимиш беш млн сегиз жүз он бир мин алты жүз) сомго белгиленсин. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2026-2027- жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
4. 2025-жылга карата бюджеттин атайын каражаттар бөлүгүнүн суммасы 1-тиркемеге негиз 8 080,0 миң сом болуп бекитилсин. Ата-энелер төлөмүнүн көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу 3-тиркемеге негиз жыл ичинде 17 661,6 миң сом болуп өзгөртүлсүн.
5.2025-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кеңешке ыйгарылсын.
6.Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.
7.Айылдык бюджеттин мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
8.Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жана токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына жүктөлсүн.
9.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |