Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 30-декабры № 3-6
Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталуучу долбоор үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө
Алашан орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу боюнча долбоорго Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин үлүштүк (дем берүүчү) грантына сунуштоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна негиз «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алашан орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу боюнча жалпысы 4 158 180 (төрт млн бир жүз элүү сегиз миң бир жүз сексен) сомдук долбоорго өздүк салым катары айыл аймагынын өздүк казынасынан 1 039 545 (бир млн отуз тогуз мин беш жүз кырк беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |