Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
2024-жылдын 30-декабры № 3-7
Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталуучу долбоор үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салымды бөлүп берүү жөнүндө
Найман айылындагы күрөш жана фитнес залын капиталдык ремонттон чыгаруу боюнча долбоорго Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин үлүштүк (дем берүүчү) грантына сунуштоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесинин 2-пунктуна негиз «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши” мекемеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айылындагы күрөш жана фитнес залын капиталдык ремонттон чыгаруу боюнча жалпысы 4 241 410 (төрт млн эки жүз кырк бир миң төрт жүз он) сомдук долбоорго өздүк салым катары айыл аймагынын өздүк казынасынан 1 060 400 (бир млн алтымыш миң төрт жүз) сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |